Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Петровка айылдык кеңешинин «Жергиликтүү Курултайды чакыруу жөнүндө» токтому
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXVIII – чакырыгынын ирээттеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 123-1
Жергиликтүү Курултайды чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентин “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Петровка айылдык кенеши:
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» 2023-жылдын 29-августундагы № 215 Жарлыгы жетекчилик тарабынан аткарууга кабыл алынсын.
2. Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча ар бир айылдык жыйынды өткөрүү боюнча жоопту депутатардын тизмеси №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Элдик Курултайды 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10:00дө “Заветы Ильича”клубунун имаратында өткөрүнүн календарляк планына ылайык жергиликтүү курултай өткөрүлсүн.
5. Элдик Курултайдын делегаттарынын квоталарына ылайык 10001ден 20000 калкка- 100делегатка чейин делегаттардын өкүлчүлүгүнүн ченемдери бекитилсин.
6. Жергиликтүү курултайды шайлоо боюнча жыйналыштарды өткөрүүнүн графиги №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй – Бишкек юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге тапшырылсын.
Төрага
У.Абылдаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.08.2023 · № 215 · Күчүн жоготкон