Төш-Булак айыл кеңешинин «Жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТОШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Төш-Булак айыл кеңешинин сессиясы
2023-жылы 10-октябры № 28-26-23
Жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жана “Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө” ЖОБОнун негизинде:
1. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоого жергиликтүү курултайды өткөрүү үчүн уюштуруу комитетинин курамы төмөндөгүдөй бекитилсин :
Джолдошев Шайлоо Олжобаевич – айылдык Кеңештин депутаты Джунушева Салкын Бейшенбековна– айылдык Кеңештин депутаты Сыдыгалиева Назира Зарлыковна – айыл өкмөттүн социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адиси Солтонбеков Нурланбек Апудаевич – айылдык Кеңештин депутаты Изатбеков Арген Азаматович– айылдык Кеңештин депутаты Талипов Руслан Өмүрбекович – айыл башчы Маматов Самат Алышбекович – айылдык Кеңештин депутаты Буйтукова Эльмира Жакашовна – айылдык Кеңештин депутаты Бучкакбек уулу Асылмырза – айылдык Кеңештин депутаты Джумаева Аида Зулумбаевна – айылдык Кеңештин депутаты Ельбалдиева Элина Юсеновна – киреше боюнча башкы адис
2. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Төш-Булак айыл аймагынын жергиликтүү курултайды өткөрүүнүн иш-чаралар планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Уюштуруу комитети бекитилген планга ылайык иш алып барсын.
4. Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиев уюштуруу комитетинин жумушун уюштурууга ар-кандай көмөк көрсөтсүн.
5. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага
Ш.О. Джолдошев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.08.2023 · № 215 · Күчүн жоготкон