Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин «Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө» токтому
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 5- отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 3-октябры № 5-3 Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын 5-пунктуна негиз, Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу Н. Атаканованын билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. Жогорудагы иш-аракеттерди жеткиликтүү камсыздоо максатында Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүндө Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу боюнча жумушчу топ №1 тиркемедегидей түзүлсүн. Тизме тиркелет.
3. Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүп, уюштуруу комитеттери 2023-жылдын 6-сентябрындагы № 2 тиркеме менен бекитилген чачымга ылайык бөлүштүрүлсүн.
4. Уюштуруу комитеттеринин календардык иш планына ылайык өкүл санын аныктоо №3 тиркемедегидей түзүлүп, иш алып барылсын.
5. Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүдө уюштуруп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, айылдардагы жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, коомдук тартип боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага
Н.Жолдошов
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин
№ 8 чакырылышынын кезектеги 5- отурумунун (сессиясы) 3-октябрындагы №5-3 токтомуна №1 тиркеме
Биринчи Элдк Курултайды өткөрүүдө иш аракеттерди алып баруу үчүн түзүлгөн жумушчу топ курамы
1. Жолдошов Н. – Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин трагасы, комиссиянын төрагасы;
2.Н. Атаканова - Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн катчысы, комиссиянын катчысы;
3.А. Кармышаков -Аксакалдар сотунун төрагасы, комиссиянын мүчөсү;
4.А. Жолдошов - Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын о/б,, комиссиянын
мүчөсү;
5. Боронова Ж-К-Кожоке айылынын депутаты, комиссиянын мүчөсү;
6. Жаанбаева М-Ж-Коргон депутаты, мүчө,
7. Абдиева Г-Кожокенин депутаты, мүчө;
8.А. Эргешова-Ч-Дөбө депутаты, мүчө
9. Абдырахманов У. – Кожоке айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
10. Рахманов С. - Чеч-Дөбө айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
11. Каленов К. – Күнгөй-Кожоке айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
12. Мөнөков М. –Жар-Коргон айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
13.Н. Ташбаев-Жаңы-Базар айылынын депутаты, комиссиянын мүчөсү;
14. М. Маматов-Айылдык кеңештин ж/катчысы, мүчө;
15.Токторбаев А-Байыш айылынын айыл башчысы, мүчө;
Жооптуу катчы
М. Маматов
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин
№ 8 чакырылышынын кезектеги 5- отурумунун (сессиясы) 3-октябрындагы №5-3 токтомуна №2 тиркеме
Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын курултайынын УШК ларда өтүүсүнүн графиги
К№
Айылдардын аталыштары
Мөөнөтү
Жооптуулар
Өтүлүүчү орду
1.
Кожоке
18.10.2023
Г. Абдиева Р. Абдисамидин уулу
У. Сүйүнбаев
Кожоке мектеби
2.
Күңгөй-Кожоке Карабаш
20.10.2023
Э. Осонов
Ж. Боронова
Б. Раимбердиева
А-Казык мектеби
3.
Чеч-Дөбө
17.10.2023
Ж. Нурмаматов
А. Эргешова
А. Жолдошова
А.Осмонов
мектеби
4
Жар-Коргон
24.10.2023
О. Темиркул уулу
М. Жаанбаева
Г. Асаева
К.Жолдошов мектеби
5
Кичик-Алай
21.10.2023
М.Насиров
К-Алай ФАП
6
Жаңы-Базар
25.10.2023
С. Зулунова
Н. Ташбаев
А. Токторбаев
Маданият үйү
Жооптуу катчы
М. Маматов
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин
№ 8 чакырылышынын кезектеги 5- отурумунун (сессиясы) 3-октябрындагы №5-3 токтомуна №3 тиркеме
Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын курултайынын УШК ларда өкүлдөрдүн саны
К№
Айылдардын аталыштары
Калкынын саны
Өкүлдөрдүн саны
1.
Кожоке
5382
50
2.
К-Кожоке, Карабаш
5842
50
3.
Чеч-Дөбө
3577
40
4
Жар-Коргон
4348
40
5
Кичик-Алай
284
2
6
Жаңы-Базар
2662
20
7
Жалпы
22095
150/ 2
Жооптуу катчы
М. Маматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.08.2023 · № 215 · Күчүн жоготкон