Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл кеңешинин «Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 6-октябры № 23 Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын жетекчилике алып, Элдик Курултайды өткорүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген календардык планга ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңеши чечим кылат:
1. 2023-жылдын 18-ноябрында ишемби күнү Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы С. Абдылдаева мектебинде Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын уюштурулсун.
2. Кызыл-Туу айыл аймагы боюнча калктын санына жараша (калк-8636) өкүлчүлүктүү жыйынга 50 өкүл шайлансын.
3. Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүү графиги, өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ төмонкү курамда бекитилсин:
- М.Б. Суюналиев – айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
- Н.К. Джумабаева – айылдык кеңештин катчысы, жумушчу топтун катчысы;
- - айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
- А.Б. Кыргызбаева – инспектор ВУС, жумушчу топтун мүчөсү;
- Г.Ж. Тойчубаева – эконом.статист, жумушчу топтун мүчөсү;
- Ж. Сансызбаев – коомдук активист, жумушчу топтун мүчөсү;
- А.Б. Надырова – коомдук активист, жумушчу топтун мүчөсү;
5.Кызыл-Туу айыл өкмөтү өкулчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштурсун.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзумө калтырам.
Айылдык Кенештин төрагасы
М.Б. Суюналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.08.2023 · № 215 · Күчүн жоготкон