Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Орок айылдык кеңешинин «Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу комитетин бекитүү жөнүндө» токтому
ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 28-сентябры № 9/6 «Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу комитетин бекитүү жөнүндө» Орок айылдык кеңешинин кезектүү сессиясы, Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековдун Орок айыл аймагында «Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетин бекитүү жөнүндө» кайрылуусун угуп жана талкуулап, Орок айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылыдын 29-августундагы ПЖ № 215 «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, Орок айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети Орок айылдык кеңешинин депутаттарынын, Орок айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин, жарандык коомдун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылыдын 29-августундагы ПЖ № 215 Жарлыгына ылайык Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактулуу жобонун негизинде иш жүргүзүлсүн.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5.Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековго жүктөлсүн.
6. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Орок айылдык кеңешинин төрагасы
У. Бекболотов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.08.2023 · № 215 · Күчүн жоготкон