Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Орловка шаарынын кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 августундагы ПЖ №215 “Элдик Курултайды өткөрү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө» токтому
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ ТОКТОМ Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXV кезексиз сессиясы
2023-жылдын 16-октябры №125/25-28
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ №215 “Элдик Курултайды өткөрү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын даярдоо жана өткөрүү максатында, Орловка шаарынын кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү жамаатынын курултайын (мындан ары - Курултай) 2023-жылдын 18-ноябрына (ишемби), саат 10:00дө, Орловка шаарынын маданият үйүнүндө өткөрүү белгиленсин.
2. Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү жамаатынын курултайын даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Курултайга өкүлчүлүктүн чени делегаттардын 50 санында белгиленсин.
4. Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрүнүн жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия:
- 2023-жылдын 21-октябрына чейинки мөөнөттө Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамаатынын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрсүн;
- боло турган Курултай тууралуу Орловка шаарынын мэриясынын калкын маалымдоо боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн;
- Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын күн тартибинин долбоорун Курултайда бекитүү үчүн иштеп чыксын.
6. Орловка шаарынын мэриясы Курултайды уюштурууга жана каржылоого байланышкан маселелерге көмөк көрсөтсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага
М.И.Токтакунов
1-тиркеме
Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү жамаатынын курултайын даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы
Токтакунов М.И.- Орловка шаарынын кеңешинин төрагасы; Изакова А.А. - Орловка шаарынын кеңешинин жооптуу катчысынын м.а.; Комиссиянын мүчөлөрү: Ашымбекова Р.А.- Орловка шаарынын кеңешинин депутаты; Бейшенбаева Г.К.- Орловка шаарынын кеңешинин депутаты; Мамырканова Н.О. - Орловка шаарынын мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси; Ашымова С.Т.- Орловка шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси, экономист-статист; Абдралиев К.- Орловка шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы.
2-тиркеме
2023-жылдын 18-ноябрындагы Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрүнүн жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү ГРАФИГИ
№
Дата
Убактысы
Делегаттардын саны
Өткөрүү жери (участогу)
Жооптуу депутаттын аты-жөнү
1
20.10.2023
16:00
2
1 квартал ( Калинина көч, Шолохова, Фрунзе, Мичуринанын-жогору жагы)
Салпагарова З.И.
2
19.10.2023
16:00
3
2 квартал (Калинина, Шолохова, Мичурина-ылдый жагы)
Токтакунов Н.Д.
3
19.10.2023
16:00
2
3 квартал (Чкалова, Кутузова, Комсомольская, Суворова көч. жогору жагы)
Мамедов Х.С.
4
18.10.2023
16:00
2
4 квартал (Правда, Кирова, Лермонтова)
Галиев Н.Ш.
5
18.10.2023
15:00
3
5 квартал (Московская, Первомайская көч жогору жагы Центральная, Школьная)
Ашымбекова Р.А.
6
19.10.2023
14:00
2
6 квартал (Садовая, Октябрьская көч. жогору жагы)
Ашымбекова Р.А.
7
19.10.2023
15:00
2
7 квартал (Металлург, Беркут)
Галиев Н.Ш.
8
19.10.2023
16:00
3
8 квартал (Заводская, Кирпичная, Кудряшова, Шанхай)
Осмоналиев У.Б.
9
18.10.2023
16:00
2
9 квартал (Зеленая, Гагарина, Кудряшова №№1,3)
Сатыбалдиева М.К.
10
18.10.2023
15:00
2
10 квартал (Правда, Пушкина көч. ылдый жагы)
Тюлегенов А.К.
11
19.10.2023
16:00
2
11 квартал (Веселая, Победа көч. жогору жагы)
Ажикеев Ч.Э.
12
20.10.2023
15:00
2
12 квартал (Московская, Чехова көч. ылдый жагы)
Корягина Е.Ю.
13
20.10.2023
16:00
2
13 квартал (Первомайская көч.ылдый жагы, Косякова, Спортивная)
Бейшенбаева Г.К.
14
20.10.2023
16:00
2
14 квартал (М.Горькова, Мира, Пионерская)
Корягина Е.Ю.
15
18.10.2023
17:00
2
15 квартал (Свердлова)
Сарыкеев У.Т.
16
18.10.2023
16:00
2
16 квартал (Ленина, Некрасова)
Дербишалиева А.Ч.
17
19.10.2023
15:00
2
17 квартал (Фрунзе, Бр. Кушнаревых көч.ылдый жагы)
Кудайбергенов Б.А.
18
20.10.2023
17:00
2
18 квартал (Садовая, Октябрьская көч. ылдый жагы)
Шакиров Б.М.
19
18.10.2023
16:00
2
19 квартал (Арычная)
Аликеев Ч.Ж.
20
19.10.2023
16:00
3
20 квартал (Веселая низ)
Асанбеков Т.Э.
21
19.10.2023
14:00
2
21 квартал ( Чкалова көч. ылдый жагы, Степная )
Бараков М.В.
22
18.10.2023
15:00
3
22 квартал Подгорное а.)
Токтакунов М.И.
23
18.10.2023
13:00
1
23 квартал (Бордунский а.)
Абираев А.А.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.08.2023 · № 215 · Күчүн жоготкон