Военно-Антоновка айылдык кеңешинин «Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 25-сентябры № 01-5/94 Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 «Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыгын жетекчиликке алып, Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген календарлык планга ылайык Военно-Антоновка айылдык кеңеши чечим кылат:
1. 2023-жылдын 18-ноябрында ишемби күнү Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын “Рассвет” маданият үйүнө Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын уюштурулсун.
2. Военно-Антоновка айыл аймагы боюнча калктын санына жараша (20404 калк) өкүлчүлүктүү жыйынга 150 өкүл шайлансын.
3. Өкүлчүүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүү графиги, өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ төмөнкү курамда бекитилсин:
1. Мураталиев У.М. – айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
2. Мундузова М.Ж. – айылдык кеңештин катчысы жумушчу топтун катчысы;
3. Кулманбетова Ч.К. – айылдык кеңештин депутаты жумушчу топтун мүчөсү;
4. Асаналиев Т.А. - айылдык кеңештин депутаты жумушчу топтун мүчөсү;
5. Эмилбекова А. – айыл өкмөтүнүн кадр боюнча башкы адиси;
6. Шамырбек уулу У. – айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо боюнча адиси;
7. Батыркулова Н.О. – айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча жетектөөчү адиси
8. Дуванаева Ф. – коомдук активист
9. Джетишиков Н. – коомдук активист
5. Военно-Антоновка айыл өкмөтү өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштурсун.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага
Мураталиев У.М.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.08.2023 · № 215 · Күчүн жоготкон