Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Логвиненко айыл аймагынын Логвиненко айылдык кеңешинин «Элдик Курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жөнүндө» токтому
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кезексиз сессиясы
2023-жылдын 02-октябрындагы № 107/ХXIХ-28
«Элдик Курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2023-жылдын 14-15-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы № 1 чечими менен бекитилген, айыл аймактарынан делегаттарды шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн бирдиктүү тартибин жетекчиликке алуу менен, маселени карап жана талкулап, пикир алмашып
Логвиненко айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Логвиненко айыл аймагында элдик курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүү үчүн өкүлчүлүктүү жыйын 2023-жылдын 18 ноябрына саат 10-00 дайындалсын.
2. Логвиненко айыл аймагы боюнча жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарынын курамы калктын санына ылайык-50 делегаттан турары белгиленсин.
3. Жергиликтүү калк арасында делегаттарды шайлоо боюнча жыйындар 2023-жылдын 16 октябрынан 23 октябрына чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№ 1-тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
4. Логвиненко айыл аймагы боюнча жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы -- 11 адамдан бекитилсин (№ 2-тиркеме).
5. Айыл өкмөт башчысына А.А.Асанбековга, жергиликтүү жааматтардан делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өтүүчү жыйындарга, чогулуштарга, ошол бөлүмдөрдө жашаган калктын калың катмарынын катышуусун, аларга веб-сайт, WhatsApp, кварталдык комитеттер, АДКалар жана кулактандыруу аркылуу жыйындардын өткөрүлө тургани күнү, убакыты жөүндө маалыматтарды жеткирүү жагы, камсыздоосу милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын жана ишке ашыруу жагы, бекитилген айылдык кеңештин депутаттарына, уюштуру тобуна жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо өзүмө калтырам.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы
Жонгучкаев К. М.
№ 1 тиркеме Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын «02» октябрындагы № 108 токтому менен бектилген
Логвиненко айылдык аймагында өкүлчүлүктүү жыйынга дегелегаттарды шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмчөлөрдө жыйындарды өткөрүүнүн ГРАФИГИ
№
Өткөрүлүүчү орду
Убактысы
Калктын саны
Делегат тардын саны
Жооптулар
күнү
сааты
1
с. Чон-Далы
17.10.2023 г
17-00
1321
15
Тюлегенов Н.К. Шабданбекова В.Ч. Иманалиева З.А. Бейшеналиев Т.Д.
2
с. Новопокровка
по кварталам
18 по 22 октября 2023 г
17-00
6375
35
Биримкулов У.Д. Исалиев К.К. Самойленко Г.Н. Николенко Е.Г.
3
Всего
7696
50
Логвиненко айылдык Кеңешинин жоопту катчысы:
А.Э.Джумагазиева
№ 2 тиркеме Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын «02» октябрындагы № 108 токтому менен бектилген Логвиненко айылдык аймагында өкүлчүлүктүү жыйынга дегелегаттарды шайлоону уюштуруу жана бөлүмчөлөрдө жыйындарды өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
№
Ф.А.А.
кызматы
1
Жонгучкаев К.М.
Төрага
2
Джумагазиева А.Э.
катчысы
3
Самойленко Г.Н.
мүчөсү
4
Тюлегенов Н.К.
мүчөсү
5
Биримкулов У.Дж.
мүчөсү
6
Картлыкова З.А.
мүчөсү
7
Николенко Е.Г.
мүчөсү
8
Абдраимова У.К.
мүчөсү
9
Шабданбекова В.Ч.
мүчөсү
10
Аманкулова Г.К.
мүчөсү
11
Джаилова Э.Е.
мүчөсү
Логвиненко айылдык Кеңешинин жоопту катчысы:
А.Э.Джумагазиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.08.2023 · № 215 · Күчүн жоготкон