Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене. Идентификацияланган жаныбарларды жана чарбаларды каттоонун тартиби
Күчүндө · 08.07.2019 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2019 года № 75
1. Идентификацияланган жаныбарларды жана чарбаларды каттоо төмөнкүдөй ырааттуулукта жүзөгө ашырылат:
1) чарбаларды каттоо;
2) жаныбарларды идентификациялоо;
3) чарбалардагы идентификацияланган жаныбарлардын эсебин алуу;
4) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде идентификацияланган жаныбарлар жана алардын кыймылы, союлушу (утилдениши), өлүмү (кыргыны) жөнүндө маалыматтарды каттоо;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган форма боюнча жаныбарларга документтерди тариздөө жана берүү.
2. Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин формасы, мазмуну жана жүргүзүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.
3. Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде идентификацияланган жаныбарларды жана чарбаларды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203899/st-7" title="7-берене - Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>