Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин «Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ» токтому
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXIX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 01-декабры №29/7-3 Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ” 06.03.2013-жылы №91 мыйзамына Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 02.12.2014-жылы №694 “Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ жобосун бекитүү боюнча” токтомуна ылайык Чолпон-Ата шаардык мэриясынын ищ кагазын карап, чыгып талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаарынын аймагында бодо малдарды идентификациялоо учурунда бодо малдын эки кулагына бирка тагуу эмгек акысы 30 сом өлчөмүндө белгиленсин жана мал ээлери тарабынан төлөнүп берилсин.
2. Ири мүйүздүү малга салына турган бирканын баасы Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекитиле турган баанын негизинде мал ээлеринин эсебинен акча каражатын алуу жүргүзүлсүн.
3. Чолпон-Ата шаарынын мэриясына мыйзам чегинде иш-чара өнөктүгүн тийиштүү деңгээлде алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 29.07.2016-жылдын №28/31-4 токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Т.Сарбагышев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөЗакон · 06.06.2013 · № 91
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 175