Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Күчүндө · 08.07.2019 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июля 2019 года № 83
1. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде чарбаларды каттоо, жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо иштерин уюштурууга жана жүргүзүүгө;
2) идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин жүргүзүүгө, ошондой эле идентификациялоо каражаттарын жана жаныбарларды идентификациялоо үчүн зарыл башка көмөкчү материалдарды бирдиктүү сатып алууну камсыз кылууга;
3) чарба жүргүзүүчү субъекттердин чарбаларынын эсебин жүргүзүүгө;
4) идентификацияланган жаныбарлардын кыймылы жана катталган чарбалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген формада, тартипте жана мөөнөттөрдө расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга квартал сайын отчет берүүгө;
5) чарба жүргүзүүчү субъектке Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган идентификацияланган жаныбарга жана чарбага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган форма боюнча документтерди берүүгө.
1-1. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча өзүнүн айрым ыйгарым укуктарын тийиштүү мамлекеттик органдарга, мамлекеттик ишканаларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана келишимдик негизде жеке ветеринардык практика менен алектенген жактарга өткөрүп берет.
2. Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо жана чарбаларды каттоо эрежелерин жана талаптарын бузууга күнөөлүү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75, 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июня 2019 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об идентификации животных"Редакцияларды салыштыруу
08.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Өкмөтү тарабынан белгиленген формада, тартипте жана мөөнөттөрдө кошулду: расмий статистика алынып салынды: органдарына кошулду: жаатындагы мамлекеттик органга квартал сайын отчет берүүгө;
5) чарба жүргүзүүчү субъектке … ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N алынып салынды: 75 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 75, 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203899/st-9" title="9-берене - Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>