Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку кеңешинин «2016-жылы жазгы-талаа жана чарба жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-февралы № 264-VI "2016-жылы жазгы-талаа жана чарба жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу 2016-жылы жазгы-талаа жана чарба жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Б.Бекбоевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маалымат эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
төмөнкүдөй тиешелүү чараларды көрсүн:
- агротехникалык талаптарды жана жаңы артыкчылыктуу технологияларды сактоо менен 2016-жылы жазгы-талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүү боюнча;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар, жер семирткичтер, химикаттар жана үрөндөр, ошондой эле жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо боюнча; мында республиканын алыскы региондоруна, айрыкча оор климаттык шарттардагы региондорго өзгөчө көңүл бурсун;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, айрыкча төө бурчактын жаңы сортторун жаңылоо жана киргизүү боюнча;
төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: айыл аймактарынын жана башка чарбакер субъектилердин карамагында болгон ички чарбалык сугат тармактарын вегетациялык мезгилге өз учурунда даярдоону; 2016-жылдын биринчи кварталында ирригациялык тармактардын учурдагы жана капиталдык ремонту үчүн арналган бюджеттик каражаттардын 80 пайызга чейинкисин каржылоону; республиканын айыл чарба тармактары үчүн кредиттерди берүүнүн шарттарын түп тамырынан жакшыртууну жана кредиттерди берүү шарттары жөнүндө бардык айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү; республиканын экспорттук потенциалын көбөйтүү жана жер, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу максаттарында аэрокосмикалык санариптик маалыматтардын негизинде республиканын айыл чарба өндүрүшүнүн мониторингин; айыл чарба тармактарын кредиттөө үчүн Айыл банкка жана РСК банкка Өнүктүрүүнүн Россия-кыргыз фондунун финансы каражаттарын багыттоо мүмкүнчүлүгүн карасын жана чечсин; агротехникалык талаптардын мөөнөттөрүн сактоо максатында 2016-жылдын март-апрелинде банктарды жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү кредиттөө жөнүндө маселени чечсин; республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө кийин сатуу менен Материалдык резервдер фонду аркылуу жеңилдетилген жөнөтүү баасы боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарды дүңүнөн сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени иликтесин жана карасын; 2016-жылдын февралында республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусу менен жазгы-талаа жумуштарына даярдануунун жүрүшү жөнүндө республиканын бардык областтык борборлорунда селектордук кеңешмелерди өткөрсүн; "Жаныбарлардын идентификациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөсүн; минералдык жер семирткичтер заводун куруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2016-жылдын 15-майына карата маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетке (М.И.Бакиров) жүктөлсүн.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөЗакон · 06.06.2013 · № 91