КР Өкмөтүнүн (Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 6-декабры № 551-б "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга ылайык Россия Федерациясы берген кулакка тагуучу бирканы республикадагы ири мүйүздүү малдын ээлерине сатууда бир жуптун баасы 38 (отуз сегиз) сом болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- жаныбарларды идентификациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн алкагында кулакка тагуучу биркаларды сатуудан түшкөн каражаттарды өзүнчө эсепке алууну камсыздасын;
- кулакка тагуучу биркаларды сатуудан түшкөн каражаттарды жаныбарларды идентификациялоо боюнча иштерди үзгүлтүксүз каржылоо үчүн топтоштурсун.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Дж.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөЗакон · 06.06.2013 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- 2015-жылдын 31-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу…Закон · 18.05.2015 · № 102
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 13.07.2015 · № 152 · Күчүн жоготкон