8-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттин милдеттери, укуктары жана жоопкерчиликтери
Күчүндө · 08.07.2019 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2019 года № 75
1. Чарба жүргүзүүчү субъект төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо үчүн ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укук өткөрүлүп берилген учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жөнүндө, жаныбарлардын кыймылы тууралуу ишенимдүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте идентификацияланган жаныбарлардын эсебин жүргүзүүгө.
2. Чарба жүргүзүүчү субъект ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан же жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укук ага өткөрүлүп берилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган форма боюнча идентификацияланган жаныбарга документтерди алууга укуктуу.
3. Чарба жүргүзүүчү субъекттерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталбаган чарбада чарбалык иш менен алектенүүгө;
2) чарбада идентификацияланбаган жаныбарларды багууга жана көбөйтүүгө.
4. Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо эрежелерин жана талаптарын бузууга күнөөлү чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июня 2019 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об идентификации животных"Редакцияларды салыштыруу
20.06.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…идентификацияланган жаныбарга документтерди алууга укуктуу.
3. алынып салынды: Өзүнүн ишин коммерциялык максаттарда жүзөгө ашыруучу чарба кошулду: Чарба жүргүзүүчү алынып салынды: субъектиге кошулду: субъекттерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Идентификацияланган жаныбарлардын … Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
кошулду: (КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203899/st-8" title="8-берене - Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>