Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сары-Булак айылдык кеңешинин «Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоо боюнча прейскурантын бекитүү жөнүндө» токтому
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Булак айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
2017-жылдын 16-февралы № 3/10 Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоо боюнча прейскурантын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетектөөчү адиси М.Казиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын аймагында ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоого мал ээлеринен регистраторлорго эмгек акысы үчүн бир баш ири мүйүздүү бодо малдан 30 (отуз) сомдон, Жайыт комитетинин эсебинен бирка үчүн бир баш ири мүйүздүү бодо малга 37,76 (отуз жети сом жетимиш алты тыйын) сом , иш кагаздарына 2,24 (эки сом жыйрма төрт тыйын) сомдон төлөнүп берилсин. Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоого баардыгы бир баш бодо малга 70 (жетимиш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага
Т. Жумамүдүн уулу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөЗакон · 06.06.2013 · № 91