Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Садовое айылдык кеңешинин “Садовое айылдык аймагы боюнча жаныбарларды идентификациялоону өткөрүү жөнүндө” токтому
САДОВОЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын биринчи уюштуруучу сессиясы 2017-жылдын 24-апрели № 26 “Садовое айылдык аймагы боюнча жаныбарларды идентификациялоону өткөрүү жөнүндө”
Садовое а-а ветеринары А. Панпанзаны угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 06.06.2013-ж. № 91 “Жаныбарларды идентификациялоону өткөрүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Садовое айыл өкмөтүнүн аймагында жаныбарларды идентификациялоонун бирдиктүү системасын киргизүү максатында Садовое айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жаныбарларды (уйларды) идентификациялоого төлөм 90 сом бир башка , анын ичинде :
- Термометри жок клиникалык текшерүү – 10 сом ;
- Документтерди толтуруу – 10 сом ;
- Жаныбардын эки кулагына бирка тагуу – 20 сом ;
- Бир башка бирканын комплектисинин баасы – 37 сом 76 тыйын ;
- Аппликаторду колдонгону үчүн амортизациондук төлөм – 2 сом 24 тыйын ;
- Регистрдин жумушу- 10 сом .
2. Садовое айыл өкмөтүнүн ветеринария боюнча жооптуу адистери белгиленген график боюнча Садовое айылдык аймагында жаныбарларды идентификациялоону сапаттуу жана өз убагында өткөрүшсүн .
3. Жооптуу адистер жаныбарларды идентификациялоо маалыматтарын киргизүү үчүн өз убагында каттоо иштерин жана ветеринарлар берген маалыматтарды жалпылоо иштерин өз убагында жүргүзүшсүн .
4. Азыркы токтом чыккан маалдан баштап күчүнө кирет .
5. Азыркы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам .
Садовое айылдык кеңешинин төрагасы
В.Н. Саратовцев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөЗакон · 06.06.2013 · № 91