Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 1-августу № 433 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217, 2025-жылдын 8-июлундагы № 402, 2025-жылдын 23-сентябры № 603, 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 293, 2026-жылдын 13-августундагы № 543 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин иштеген жылдары үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
4) өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
5) календардык жылдын аягында эмгек акынын орточо айлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;
6) өргүү акыларын, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбай турган, бир штаттык бирдикке 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 293, 2026-жылдын 13-августундагы № 543 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болгондо, шаардык кеңештин чечими тарабынан бекитилген өлчөмдө, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган үстөктөрдү Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына белгилөөгө укуктуу деп белгиленсин.
Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттен республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына кызматтык маянанын 200 пайызына чейинки өлчөмдө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган үстөктөрдү, жарым жылдык жана жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча сый акыны (жыл ичинде сыйлоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө каражаттар жумшалат), ошондой эле шаардык кеңештин чечимдери менен бекитилүүчү төлөмдөрдү белгилейт. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217, 2025-жылдын 23-сентябры № 603 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5. Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомду эске алуу менен жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каралган үстөктөрдү жана төлөмдөрдү кайра карап чыксын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери 4-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
| № | Мамлекеттик органдардын кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| 1. Ведомстволук мекемелерде бир эле убакта эсепке алуу жана отчеттуулук менен иштеген башкы бухгалтер | ||
| 1 | Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери | 4,35 |
| 2 | Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | 4,15 |
| 3 | Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. жана Ош ш. шаардык кызматтары, институттар | 3,90 |
| 4 | Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери | 3,70 |
| 5 | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдери, айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 2,70 |
| 2. Башкы бухгалтер | ||
| 6 | Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери | 4,05 |
| 7 | Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | 3,85 |
| 8 | Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. жана Ош ш. шаардык кызматтары, институттар | 3,65 |
| 9 | Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери | 3,45 |
| 10 | Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 2,65 |
| 3. Бухгалтер (эсептик, материалдык) | ||
| 11 | Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери | 3,30 |
| 12 | Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | 2,80 |
| 13 | Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. жана Ош ш. шаардык кызматтары, институттар | 2,70 |
| 14 | Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдери | 2,55 |
| 15 | Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 2,30 |
| 4. Административдик-чарба бөлүмүнүн башчысы, инженер, инженер-программист, кассир, SММ-адис | ||
| 16 | Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери | 3,00 |
| 17 | Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | 2,60 |
| 18 | Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. жана Ош ш. шаардык кызматтары, институттар | 2,45 |
| 19 | Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, шаардык жана райондук мамлекеттик архивдери, токой жана аңчылык чарбалары, мамлекеттик жаратылыш коруктары жана мамлекеттик жаратылыш парктары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын суу чарбасынын бассейн башкармалыгы жана райондук бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын зоналык жана райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза бөлүмдөрү | 2,30 |
| 20 | Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 2,10 |
| 5. Жетекчинин катчысы, катчы-референт, «бирдиктүү терезенин» жана коомдук кабылдаманын референти (адиси), чарба башчысы, машина бюросунун башчысы, көчүрүү- көбөйтүү бюросунун башчысы, дарыкана башчысы, лаборатория башчысы, редактор, контролер | ||
| 21 | Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери | 2,70 |
| 22 | Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | 2,30 |
| 23 | Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. жана Ош ш. шаардык кызматтары, институттар | 2,20 |
| 24 | Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, шаардык жана райондук мамлекеттик архивдери, токой жана аңчылык чарбалары, мамлекеттик жаратылыш коруктары жана мамлекеттик жаратылыш парктары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын суу чарбасынын бассейн башкармалыгы жана райондук бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын зоналык жана райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза бөлүмдөрү | 2,10 |
| 25 | Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 2,00 |
| 6. Иш кагаздарын жүргүзүүчү, жеңил автомобилдин айдоочусу, кампа башчысы, кадрларды эсепке алуу боюнча инспектор, архивариус, комендант, катчы-машинист, стенографист, үн жазгыч кызматынын машинисти, көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын, электрондук-эсептөө машиналарынын (ЭЭМ) оператору, телефонист-байланышчы, лаборант, санитар, китепканачы, устат, печатник, кесүүчү машинанын машинисти, брошюровкачы, посттордун (пункттардын) көзөмөлдөөчүсү | ||
| 26 | Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери | 2,55 |
| 27 | Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | 2,20 |
| 28 | Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. жана Ош ш. шаардык кызматтары, институттар | 2,10 |
| 29 | Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, шаардык жана райондук мамлекеттик архивдери, токой жана аңчылык чарбалары, мамлекеттик жаратылыш коруктары жана мамлекеттик жаратылыш парктары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын суу чарбасынын бассейн башкармалыгы жана райондук бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын зоналык жана райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза бөлүмдөрү | 2,00 |
| 30 | Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 1,90 |
| 7. Атайын техниканын айдоочусу | ||
| 31 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 2,00 |
| 32 | Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана автоарабалардын айдоочусу | 1,80 |
| 8. Жыгач уста, сантехник, слесарь, электрик, моторист, токарь, ширетүүчү, механик | ||
| 33 | Бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | 1,85 |
| Эскертүү: 1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин инженерлерине кызматтык маянасына 3,90 өлчөмүндө эселөө коэффициенти белгиленет. 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлерге иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянасынын 50 пайызына чейинки өлчөмдө иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иш режими үчүн үстөк төлөнөт. 3. Кесиптик чеберчилиги үчүн дифференцияланган үстөктөр: 4-разряддагы жумушчуларга – тиешелүү кызматтык маянанын 15 пайызы, 5-разряддагы – 20 пайызы жана 6-разряддагы – 25 пайызы өлчөмүндө белгиленет. | ||
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
| № | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| 1 | Документтердин мукабачысы, кладовщик | 1,80 |
| 2 | Короо тазалоочу, багбан, күзөтчү, КӨП контролеру | 1,80 |
| 3 | Гардеробчу, кароолчу (вахтер), лифтер, от жагуучу, кастелянша, чабарман, егерь, ат багуучу | 1,80 |
| 4 | Имараттарды тейлөө жана учурдагы оңдоо боюнча жумушчу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча жумушчу, кызматтык жайларды жана аймактарды тазалоочу (техничка) | 1,80 |
| Эскертүү: 1. Түнкү убакытта иштегендиги үчүн күзөтчүгө сааттык тарифтик ставканын 50 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет. 2. Кызматтык жайларды тазалоочуларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндөгү үстөк белгиленет. | ||
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү
| № | Иш стажы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү |
| 1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5% |
| 2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10% |
| 3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15% |
| 4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20% |
| 5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25% |
| 6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30% |
| 7 | 25 жылдан ашык | 40% |
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин күчүн жоготкон айрым чечимдеринин тизмеси
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 814 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын жана бул органдарды тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 17 · цитата келтиргендер: 57 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (57)
- Курама айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январындагы № 2 "Муниципалдык кызматчылардын эмгек акысына үстөк акыларды белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2026 · № 2
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 08 "Кара-Балта шаарынын 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2027–2028-жылдарга карата Кара-Балта шаарынын бюджетинин…Постановление · 12.03.2026 · № 08
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 423 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун айрым…Постановление · 25.07.2024 · № 423
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/07 "Эмгек акыга кошумча төлөмдөр жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2025 · № 01-7/07
- Кара – Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 06 "Кара – Балта шаарынын 2022 -жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө, 2023-жылга шаардын бюджетин бекитүү жана…Постановление · 16.02.2023 · № 06
- Чоң-Алыш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-февралындагы № 28 "Чоң-Алыш айылдык Кеңеши Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн 2025 - жылга бюджетин бекитүү жана 2026-2027- жылдарга божомолу…Постановление · 03.02.2025 · № 28
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 05 "2025-ж.бюджетинин аткарылышы,2026-жылга бюджеттин бекитилиши жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу бюджетин…Постановление · 04.02.2026 · № 05
- Талас шаардык кенешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №181/25-8 "Талас шаарындагы муниципалдык ишканаларында эмгектенген кызматчыларга (жумушчуларга)эмгек акы төлөө шарттары тууралуу…Постановление · 06.07.2023 · № 181/25-8
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 06 "Кара-Балта шаарынын 2024-жылга бюджетинин айрым мүнөздөгүчтөрүн кароо жана бекитүү" токтомуПостановление · 20.03.2024 · № 06
- Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин эмгек жамааттарынын (Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 173/30-5 токтомуна ылайык) жамааттык келишимиДоговор · 18.12.2023 · № 173/30-5
- Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын эмгек жамаатынын (Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 173/30-5 токтомуна ылайык) жамааттык келишимиДоговор · 18.12.2023 · № 173/30-5
- Сүлүктү шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-февралындагы №149 "Сүлүктү шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга жергиликтүү бюджетти жана 2025-2026–жылдарга…Постановление · 02.02.2024 · № 149
- Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-январы № 173/XXVΙ-28 "2023-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024- жылдын бюджетин, айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн жана…Постановление · 15.01.2024 · № 173/XXVΙ-28
- Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январындагы № 92/ХIV-28 "2022-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетин, айыл окмотунун штаттык жугуртмосун жана…Постановление · 30.01.2023 · № 92/ХIV-28
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 03 "Кара – Балта шаарынын 2024 – жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө, 2025-жылга шаардын бюджетин бекитүү жана Кара-Балта…Постановление · 12.03.2025 · № 03
- Сүлуктү шаардык кенешинин 2025-жылдын 27-январындагы 301-5/19 "Сүлүктү шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2025-жылга жергиликтүү бюджети жана…Постановление · 27.01.2025 · № 01-5/19
- Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 173/30-5 "Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын…Постановление · 18.12.2023 · № 173/30-5
- Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 1 "Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2024 · № 1
- Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 1 "Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.01.2023 · № 1
- Кара-Көл шаардык кеңешинин 2024-жылынын 05-сентябры №187/39-8 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге кошумча үстөктөрдү кошуу жөнүндө” токтомуПостановление · 05.09.2024 · № 187/39-8
57 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (17)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү…Постановление · 23.01.2008 · № 22 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2017 · № 849 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин…Постановление · 22.10.2014 · № 609 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин…Постановление · 04.03.2022 · № 103 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек…Постановление · 05.02.2020 · № 65 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз…Постановление · 22.03.2022 · № 143 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз…Постановление · 02.10.2013 · № 543 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябры №617 токтому "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү…Постановление · 10.11.2008 · № 617 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №814 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек…Постановление · 29.12.2009 · № 814 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү…Постановление · 16.08.2012 · № 568 · Күчүн жоготкон
17 ичинен 11 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кара-Суу шаардык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 13/2 "Кара- Суу шаарынын 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.02.2023 · № 13/2
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.