Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 433 "Об условиях оплаты труда работников, занятых обслуживанием государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 65 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын эмгегин шыктандыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
4-пункт «башкарманын курамындагы бөлүм башчынын (начальниктин)» деген сөздөрдөн кийин «, башкармалык жок учурунда - өз алдынча бөлүмдөрдүн башчыларынын» деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы 4-1.-пункт менен толукталсын: «4-1. Бухгалтерлердин кызматтык маяналары жетектөөчү адистердин деңгээлинде белгиленет.»;
- 3-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2013-жылдын 1-октябрынан баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналары
№
Кызматтардын аталышы
Кызматтык маянасы (сом менен)
1.
Автобустун, жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу
4200
2.
Транспорттук-жыйноочу унаалардын, электр жана автоарабанын айдоочусу
3000
3.
Уста, сантехник, слесарь, электрик
3000
4.
Документтерди мукабалоочу
2700
5.
Короо тазалоочу, бакчы
2700
6.
Гардеробчу, кароолчу (вахтер), лифтер, от жагуучу, кастелянша, курьер, кампачы
2500
7.
Имараттарды тейлөө жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн жумушчу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча жумушчу, кызматтык жайларды, аймактарды тазалагыч
2500
Эскертүү:
1. Автоунаалардын айдоочуларына ченемге салынбаган жумушчу күн үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянасынын өлчөмүнөн 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт.
2. Кароолчуга түнкү убакта иштегендиги үчүн сааттык тарифтик коюм өлчөмүнөн 50 пайыз өлчөмүндө кошумча акы төлөө белгиленет.
3. Тиешелүү кызматтык маянасынын өлчөмүнөн кесиптик чеберчилиги үчүн 4-разряддагы жумушчуларга - 15 пайыз, 5-разряддагыларга - 20 пайыз жана 6-разряддагыларга - 25 пайыз дифференцияланган үстөк акы белгиленет.
4. Жеңил автоунаанын айдоочусунун кызматтык маянасы адистин кызматтык маянасынан 15 пайызга кем белгиленет.
5. Кызматтык имараттарды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маяналарына 25 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк акы белгиленет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын…Постановление · 01.08.2022 · № 433
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 1 "2015-жылга бюджеттин аткарылышы жана 2016-жылга бюджеттин долбоору жөнүндө " токтомуПостановление · 24.02.2016 · № 1
- Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын 2018-жылдын 12-январындагы № 12/38 "Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн 2018- жылга карата бюджетин бекитүү, 2017- жылдын бюджеттик отчетун аткаруу боюнча…Постановление · 12.01.2018 · № 12/38
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 07-февралындагы № 10-27 "Аламүдүн айыл аймагынын 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышын, 2017-жылга карата планын жана 2018-2020-жылдарга…Постановление · 07.02.2017 · № 10-27
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 19-декабрындагы № 41-27 "Аламүдүн айыл аймагынын 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышын, 2018-жылга карата планын жана 2019-2021-жылдарга…Постановление · 19.12.2017 · № 41-27
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-февралындагы № 2 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджеттин аткарылышы жана 2017-жылга киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун…Постановление · 16.02.2017 · № 2
- Шарк айылдык кеңешинин 2014-жылдын 19-апрелиндеги № 2 "Шарк айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга каралган бюджета жөнүндө" токтомуПостановление · 19.04.2014 · № 2
- Эмгек-Талаа айылдык кенешинин 2019-жылдын 5-мартындагы № 5 "Жыл башында калган калдыктын сметасын бекитүү" токтомуПостановление · 05.03.2019 · № 5
- Тогуз-Торо айылдык кенешинин 2017-жылдын 02-ноябрындагы № 1 "Тогуз-Торо айыл окмотунун 2015-2016-жылдардагы бюджетинин тузулушу жана аткарылышы боюнча КРнын Эсептоо палатасынын…Постановление · 02.11.2017 · № 2
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү…Постановление · 23.01.2008 · № 22 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек…Постановление · 05.02.2020 · № 65 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын…Постановление · 01.08.2022 · № 433
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 01.02.2013 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү…Постановление · 23.01.2008 · № 22 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек…Постановление · 05.02.2020 · № 65 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Орловка шаарынын Кеңешинин 2019-жылдын 24-январындагы № 99/16-27 "Мэрия кызматкерлеринин 2019-жылга штаттык тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2019 · № 99/16-27