Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Көл шаардык кеңешинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге кошумча үстөктөрдү кошуу жөнүндө” токтому
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XXXIХ - сессиясынын
2024-жылынын 05-сентябры №187/39-8
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге кошумча үстөктөрдү кошуу жөнүндө”
Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын (ШММБ) башчысы М.С. Курамаевдин 2024-жылдын 9-августундагы №01-20/1136 сандуу катындагы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүштүн мамлекеттик инспектору Т.Р. Акматов тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен 2024-жылдын 23-июлундагы түзүлгөн орто аралык актысынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №22 сандуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул органдарды тейлөөчү кызматкерлердин кызмат маяналарына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган, шаардык кеңештин чечими менен бекитилген өлчөмдө үстөктөрдү жана төлөмдөрдү укуктуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 сандуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомунун 4-пунктуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болгондо, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган үстөктөрдү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына белгилөөгө укуктуу - деген талабына таянып, айдоочуларга - 3200 сом, ар түрдүү жумушчуларга - 5500 сом, кароолчуларга - 1000 сом, кенже тейлөөчү кызматкерлерге - 3500 сомдон тамак-аштарына жана транспорт чыгымдарына материалдык колдоо көрсөтүү менен кирип чыгуу (“текучесть кадров”) маселесин оңго чечүү, аткарган иштеринин сапатын жогорулатуу максатында кошумча үстөк төлөмдөр шаардык кеңештин өзүнчө эмес жалпы токтом менен бекитилип, иш жүзүнө ашырылып төлөнүп келген. Бирок, айдоочуларга, ар түрдүү жумушчуларга, кароолчуларга жана кенже тейлөөчү кызматкерлерге төлөнгөн кошумча эмгек акыларга Кара-Көл шаардык кеңештин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге үстөктөрдү кошуу жөнүндө” токтому жок болгонуна карабастан ММБнын штаттык бирдигине үстөк акы түзүлгөн эмгек акы боюнча тарификациясында шаардык кеңештин токтомуна негиз деп графа көрсөтүп, айлык акыларына кошумча төлөмдөр жүргүзүлгөн - деп көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу ШММБнын айдоочуларына, ар түрдүү жумушчуларына, кароолчуларына жана кенже тейлөөчү кызматкерлерине төлөнгөн кошумча эмгек акыларга шаардык кеңештин өзүнчө токтом кабыл алып берүү боюнча билдирүүсүн жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын торагасынын орун басары Д.С.Джуробаевдин кошумча маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XXXIX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл ШММБнын башчысы М.С. Курамаевдин билдирүүсү жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Д.С.Джуробаевдин кошумча маалыматы эске алынсын.
2.“Кара-Көл ШММБнын айдоочуларына, ар түрдүү жумушчуларына, кароолчуларына, кенже тейлөөчү кызматкерлеринин тамак-аштарына жана транспорт чыгымдарына материалдык колдоо көрсөтүү менен кирип чыгуу (“текучесть кадров”) маселесин оңго чечүү, аткарган иштеринин сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №22 сандуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 сандуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алыдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомдорунун негизинде Кара-Көл шаардык кеңештин 2010-жылдын 21-майындагы №69/19-5, 2016-жылдын 4-июлундагы №94/34-6, 2019-жылдын 10-апрелиндеги №153/27-7 сандуу токтомдору менен айдоочуларга - 3200 сом, ар түрдүү жумушчуларга - 5500 сом, кароолчуларга - 1000 сом, кенже тейлөөчү кызматкерлерге - 3500 сомдон тамак-аштарына жана транспорт чыгымдарына кошумча төлөнгөн үстөк төлөмдөр төлөнүп келингендиги белгиленсин жана аталган кошумча төлөмдөр күчүндө калтырылсын.
3. Кара-Көл ШММБнын башчысы М.С.Курамаев Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкулов менен биргеликте Кара-Көл шаардык бюджеттин 2025-жылга бюджетти кабыл алууда ШММБнын айдоочуларына, ар түрдүү жумушчуларына, кароолчуларына, кенже тейлөөчү кызматкерлеринин транспорт жана тамак-аш чыгымдарына материалдык колдоо көрсөтүү максатында кошумча төлөмдөргө эмгек акы боюнча тарификацияны өзүнчө штаттык жадыбалда көрсөтүү менен сунуштасын жана шаардык кеңештин өзүнчө токтому кабыл алынаары белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл ШММБна (М.С.Курамаев) Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов) жүктөлсүн, ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Д.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага:
Ч.А. Кимсанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын…Постановление · 01.08.2022 · № 433
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү…Постановление · 23.01.2008 · № 22 · Күчүн жоготкон