Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин эмгек жамааттарынын (Токмок шаардык кеңешинин токтомуна ылайык) жамааттык келишими
Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы №173/30-5 токтомуна 1-тиркеме
Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин эмгек жамааттарынын
ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМИ
Жалпы жоболор
Бул жамааттык келишим иш берүүчүлөр Токмок шаарынын мэри М.О.Нусувалиев, Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Т.М.Сансызбаев, мындан ары карай “Администрация” менен Токмок шаардык мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин эмгек жамааттарынын Токмок шаардык мэриясы менен Токмок шаардык кеңешинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик союзунун союз комитетинин төрайымы Н.Т.Туркменованын, мындан ары “Кесиптик союз комитетинин” ортосундагы эмгек жана социалдык мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик акт болуп эсептелет. Жамааттык келишим Кыргыз Республикасынын “Жамааттык келишимдер жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык кесиптик союздун мүчөлөрү болуп эсептелген муниципалдык кызматкерлердин укуктары менен кызыкчылыктарын коргогон юридикалык документ болуп эсептелет жана мыйзамдарда каралбаган белгиленген жана кошумча эмгек, социалдык-тиричилик жеңилдиктери менен кепилдиктерди камтыйт. Ушул Келишимде пайдаланылган кыскартуулар: ЭК- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; ЖК-Кыргыз Республикасынын «Жамааттык келишимдер жөнүндө» Мыйзамы;
1-БӨЛҮМ. Жамааттын ишмердүүлүгү жана андагы өз ара эмгек мамилелери
1. Кесиптик союз комиетинин мүчөлөрүнүн эмгек жамааттарынын алдына коюлган башкы милдеттер:
1.1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Мыйзамдарын сактоо жана аткаруу;
1.2. Токмок шаарынын калкына берилген аймакта жашоону камсыз кылган социалдык жана маданий тейлөөлөрдүн иштешин жана өнүгүүсүн камсыз кылууну уюштуруу;
1.3. Токмок шаарынын стратегиялык өнүгүү программасын, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен калкты социалдык коргоо пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана ага көзөмөл жүргүзүү;
1.4. Мэрия менен шаардык кеңештин кызматкерлеринин күч-аракеттерин шаардын жашоочуларынын керектөөлөрү менен талаптарын канааттандырууга багыттоо;
1.5. Шаардын коомчулугунун баардык катмарларынын күчүн экономикалык кубаттуулукту кайрадан калыбына келтирүүгө, социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө, шаардыктардын жашоо деңгээлин жогорулатууга мобилизациялоо.
2. Администрациянын милдеттери:
2.1. Кесиптик союз комитетинин мүчөлөрүнүн жогорку өндүрүмдүүлүктө жана натыйжалуу иштөөлөрү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
2.2. Ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен белгиленген эмгек акыны төлөп берүү (ЭК 157-берене): иштеген жылдарына, класстык чинге, ардак наамга, квалификациялык даражага жана иштин өзгөчө шарттары үчүн (КР Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгы, КР Өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтому) кошумча төлөөлөрдү жүргүзүү;
2.3. Кесиптик союз комитети менен макулдашуу боюнча:
2.3.1.Мэрия менен шаардык кеңештеги күн тартиби:
Иштин башталышы – саат 8:30да (ЭК 101-берене); Иштин аякташы – саат17:30да; Түштөнүү - саат12ден саат 13кө чейин (ЭК 114-берене); Техникалык тыныгуулар – саат 10:00дөн 10:20га чейин, саат 15:00дөн 15:20га чейин.
2.3.2. Эки эс алуучу күнү бар, беш күндүк жумушчу аптасы белгиленсин.
2.4. Айрым учурларда, ишемби, жекшемби күндөрү, же болбосо суткалык нөөмөткө туруу каралган.
2.5. “Мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө” тиешелүү ченемдик укуктук актылары күчүнө кирген учурда, кызматкерлердин эмгегин социалдык коргоо жана дем берүү максатында материалдык жардамдарды төлөө ишке ашырылсын.
3. Кесиптик союз комитетинин милдеттери:
3.1. Эмгек жана аткаруучулук тартипти бекемдөөгө түрткү берүү;
3.2.Кесиптик союздун мүчөлөрү болуп эсептелген жамаатты кызматтык жоопкерчилиги белгиленген милдеттерди аткарууга мобилизациялоо;
3.3.Кызматкерлерге эмгек мыйзамдуулугун, эмгек жана сыйлоо шарттарын, тартип жоопкерчилигин түшүндүрүү;
3.4.Кызматкерлерди иштен тышкаркы мезгилде ишке тартуунун негиздүүлүгүн көзөмөлдөө;
3.5. Мезгил-мезгили менен эмгек акысын чегерүүнүн жана салыктын алынуусун текшерип туруу;
3.6. Кесиптик союздун мүчөлөрү болуп эсептелген ар бир кызматкердин эмгекке укуктарын коргоону ишке ашыруу;
3.7.Кыргыз республикасынын Эмгек Кодексинин 68-беренесине ылайык жетекчи курам менен катардагы кызматкердин жакынчылык, тууганчылык фактысынын бар экендигин аныктоо.
2-БӨЛҮМ. Кызматкерлердин социалдык укуктары жана кепилдиктери
4. Администрациянын милдеттери:
4.1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ №266 Жарлыгынын 4-пунктунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомунун 4-пунктунда каралган, Токмок шаардык кеңеши тарабынан бекитилген, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша Токмок шаарынын мэриясынын, Токмок шаардык Кеңешинин кызматкерлеринин жана бул уюмдарды тейлөөдө иштеген жумушчулардын кызматтык маянасына 50 % өлчөмүндө үстөк акы белгиленсин.
4.2.Кесиптик союз комитетинин мүчөлөрүн социалдык колдоо максатында мыйзамда тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен кызматкерлердин социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн жыл сайын эки айлык эмгек акысынын өлчөмүндө материалдык жардам төлөнүүсү белгиленсин (“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдын 21-беренесине ылайык);
4.3. Айлык акысын сактоо менен башталгыч мектеп жашындагы балдары бар кызматкерлерге 1-сентябрда эс алуу күн берилсин.
4.4. Айлык акысын сактоо менен 5 күнгө чейин өзгөчө шарттарда өргүү берүү: никелешүүдө, жакындары каза болгондо.
4.5. Жумуш күнү эмес майрамдын алдындагы жумуш күнүнүн узактыгын бир саатка кыскартуу (ЭК 96-бер.).
5. Кесиптик союз комитетинин милдеттери:
5.1. Жамааттык келишимге киргизилген иш-чаралардын аткарылышына, ошондой эле кызматкерлерди социалдык коргоо боюнча ченемдик жоболордун аткарылышына дайыма көзөмөлдүк жүргүзүп туруу.
5.2. Туулган күнүндө кызматкерлерди куттуктоону уюштуруу.
3-БӨЛҮМ. Кызматкерлердин эмгегин жана саламаттыгын коргоо
6. Администрациянын милдеттери:
6.1.Иш орундарында зарыл болгон тартипти, жарыктандыруу жана жылуулук режимин, коопсуздук техникасынын так сакталышын камсыздоо.
7. Кесиптик союз комитетинин милдеттери:
7.1.Белгиленген коопсуздук эрежелери менен ченемдердин, эмгекти коргоо боюнча мыйзамдуулуктун сакталышына, ошондой эле ушул жамааттык келишимдин шарттарын аткарууга коомдук көзөмөл уюштуруу.
4-БӨЛҮМ. Кесиптик союздун ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери
8.Администрациянын милдеттери:
8.1.Кесиптик союз комитетине иштөө үчүн зарыл болгон байланыш каражаттарын, компьютердик техниканы бекер пайдаланууга берүү.
8.2.Кесиптик союздун мүчөлүк төлөмдөрүн накталай эмес, бухгалтерия аркылуу кармап калууну камсыздоо.
9. Кесиптик союз комитетинин милдеттери:
9.1.Бул жамааттык келишимдин жоболорунун ишке ашырылуусуна, эмгек жамаатында социалдык чыңалууну төмөндөтүүгө, жамааттык эмгек талаштарынын келип чыгууларынын алдын алууга көмөк көрсөтүү.
9.2.Кайра уюштуруу, кыскартуу, эмгек талаштарын чечүү учурунда кесиптик союздун мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана кесиптик союздун мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрүү.
5-БӨЛҮМ. Келишимдин иштөө мөөнөтү жана тараптардын аны ишке ашыруудагы жоопкерчиликтери
10.1.Жамааттык келишим ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана 2 жыл аралыгында иштейт. Тараптардын Жамааттык келишимди 3 жылдан ашык эмес мөөнөткө узартууга укуктары бар (ЭК 43-беренеси, ЖК 13-беренеси).
10.2.Жамааттык келишимди ишке ашырууга көзөмөлдүк эки тараптан тең жүргүзүлөт. Жамааттык келишимге өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү эки тараптын өз ара макулдугу боюнча киргизилет (ЖК 14-беренеси).
10.3.Жамааттык келишимдин аткарылышынын жүрүшү жыл сайын эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда талкууланат (ЖК 15-беренеси).
10.4.Ушул Жамааттык келишимде каралган милдеттердин аткарылбай калгандыгы үчүн эки тарап тең Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат. (ЖК 16-б.)
10.5. Жамааттык келишим 3 нускада түзүлдү.
“Администрация” Токмок шаарынын мэри _____________М.О.Нусувалиев
“Профком” Мэрия менен шаардык кеңештин кесиптик союз комитетинин төрайымы ____________ Н.Т.Туркменова.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы _____________ Т.М.Сансызбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын…Постановление · 01.08.2022 · № 433
- КР 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 01.08.2022 · № 266
- Жамаатык келишимдер жонундоЗакон · 21.08.2004 · № 164
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 173/30-5 "Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын…Постановление · 18.12.2023 · № 173/30-5
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон