Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 433 "Об условиях оплаты труда работников, занятых обслуживанием государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2009-жылдын 29-декабры №814 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы N 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген айрым категориялардагы кызматкерлердин эмгектерине дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №22 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтомго №1 тиркемеде:
3-пункттун "диктофон кызматынын машинисткасынын," деген сөздөрдөн кийин "көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын, электрондук-эсептөөчү машинанын (ЭЭМ), жеке эсептөөчү машинанын (ЖЭМ) оператору," деген сөздөр менен толукталсын;
- аталган токтомго №3 тиркемеде:
"/Жеңил автомобилдин айдоочусу /1700/" деген сап алып салынсын; аталган токтомдун №3 тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: "4. Жеңил автомобилдин айдоочусунун кызматтык маянасы адистин кызматтык маянасынан 15 пайызга аз белгиленет".
2. Жеңил автомобилдин айдоочусунун жана көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын, электрондук-эсептөөчү машинанын (ЭЭМ), жеке эсептөөчү машинанын (ЖЭМ) операторунун маяналарынын көбөйүшү менен байланыштуу кошумча чыгымдар мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын…Постановление · 01.08.2022 · № 433
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 26-августундагы № 122/XXXVI - 1 "Кайыңды шаарынын мэриясынын аппаратынын тутумун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2016 · № 122/XXXVI - 1
- Кайыңды шаардык кеңеши 2016-жылдын 25-январындагы № 110/XXX-7 "Кайыңды шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө"Постановление · 25.01.2016 · № 110/XXX-7
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 26-августундагы № 124/XXXVI - 3 "Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментинин аппаратынын тутумун…Постановление · 26.08.2016 · № 124/XXXVI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү…Постановление · 23.01.2008 · № 22 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын…Постановление · 01.08.2022 · № 433
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү…Постановление · 23.01.2008 · № 22 · Күчүн жоготкон