Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара – Балта шаарынын 2024 – жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө, 2025-жылга шаардын бюджетин бекитүү жана Кара-Балта шаарынын 2026-2027 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө» токтому
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 12-марты № 03
Кара – Балта шаарынын 2024 – жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө, 2025-жылга шаардын бюджетин бекитүү жана Кара-Балта шаарынын 2026-2027 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө
«2025-жылга республикалык бюджет жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алуу менен Кара-Балта шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын 2024-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет №1 жана №2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кара – Балта шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлгөн 2025 – жылынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн – 426132,0 миң сом өлчөмүндө №3 тиркеме ылайык бекитилсин, анын ичинен:
- бюджет – 401272,0 миң сом;
- атайын каражаттары – 24860,0 миң сом,.
3. Кара – Балта шаарынын 2026-2027 – жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу бекитилсин:
- №4 жана №5 тиркемеге ылайык кирешелер жана чыгашалар боюнча болжолу 2026-жылга - 463562,4 миң сом суммасында, жана 2027-жылга- 513151,8 миң сом;
- 2026-2027-жылдарга бекитилген шаардык бюджеттин болжолдуу параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алынганда такталууга тийиш.
4. Кара-Балта шаарынын мэриясына жөнгө салынуучу кирешелерден жана жергиликтүү салыктардан шаардын бюджетине чегерүүлөрдүн нормативи бекитилсин:
- салык агенти төлөгөн киреше салыгы - 90%;
- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти) - 50%;
- 100% өлчөмүндө патенттин негизиндеги салык;
- өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык - 100% өлчөмүндө;
- жер байлыктарын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым - кенди иштетүү жайгашкан жер боюнча 7% өлчөмүндө;
- жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү - кенди иштетүү жайгашкан жер боюнча 20% өлчөмүндө.
Ал эми шаардын ичинде иш алып барган ишкердик субъекттеринен алынган белгиленген салыктар 100% өлчөмүндө (таштанды чыгаруу үчүн жыйым, жанаша жайгашкан үйдүн мүлк салыгы, жеке жана короо жер салыгы, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы, турак-жайга жана башка мүлккө салык турак-жай имараты же жай, кыймылдуу мүлк салыгы), ошондой эле шаардын муниципалдык менчигин башкаруудан түшкөн кирешелер.
5. 2025 – жылга шаардын бюджетинин жана атайын каражаттардын чыгаша бөлүгү № 6 жана № 7 тиркемелерине ылайык бекитилсин.
6. Шаардык бюджеттин 2025 – жылына чыгаша бөлүгүн каржылоо накталай келип түшкөн киреше бөлүгүнүн чегинде жүргүзүлүүсү белгиленсин, эң биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, социалдык фондго төгүмдөр, стипендия, дары дармектерге, тамак – аш жана коммуналдык чыгымдар).
7. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшүнө алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелер үчүн каралган суммаларды кыскартууга жол берилет.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлерге жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгынын 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акыларын төлөө шарты жөнүндө» токтомунун 4-пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык кенешинин жана Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппаратына, ТОП жана МОП кызматкерлеринин эмгек маянасына 2024-жылдын 01-январынан тартып, ай сайын 70% өлчөмүндө үстөк кошумча акы белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлерге жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгынын 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акыларын төлөө шарты жөнүндө» токтомунун 4-пунктуна ылайык, МСжанаММБнын башчысына, финансы-экономика секторунун кызматкерлерине 20,0 миң сомдон, МСжанаММБнын алдындагы Муниципиалдык менчик бөлүмүнө 7,0 миң сом өлчөмүндө ай сайын белгиленсин.
10. Каражаттарды сарптоо жана чыгымдардын беренелерин максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык жетекчилерине жүктөлсүн.
11. Кара-Балта шаарынын мэри Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жана оперативдүү зарылчылыкка байланыштуу каражаттарды чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосундагы бөлүмдөрдүн чегинде бюджеттик каражаттардын жалпы ассигнованиелеринин ичинде кайра бөлүштүрүүгө укуктуу. (статьялар жана элементтер боюнча бөлүмдүн ичинде чыгымдардын сметасын жылдыруу).
12. 2024-жылы жетишсиз каржыланган чыгашалар 2025-жылы каралган тиешелүү бюджеттерден ассигнованиелердин чегинде компенсациялана тургандыгы белгиленсин.
13. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилеринин Кара-Балта шаардык кеңешине 459,8 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүү бекитилсин.
14. Суткалык тамактануунун ченемдери бекитилсин:
- Мектепке чейинки балдар мекемелеринде балдардын ата-энелердин эсебинен – 105 сом;
- А.С. Макаренко атындагы №10 мектеп-гимназиясында шаардык бюджеттин эсебинен –– 163 сом.
15. Шаар мэринин резервдик фонду 1500,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана шаардын мэрине, жыл ичинде резервдик фонддон акча каражатын бөлүүгө, шаардык Кеңештин 2015-жылдын 10-сентябрындагы №4 токтому менен бекитилген Жобонун ченемдерине ылайык уруксат берилсин.
16. 2025-жылдын 1-январындагы бюджеттик каражаттардын эркин калдыгы 1159,8 миң сом суммасында №8 тиркемеге ылайык жөнөтүлсүн.
17. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын 2025-жылдын 1-январына карата калдыгы 8567,3 миң сом эсебинде №9 - тиркемеге ылайык пайдаланылсын.
18. №10 тиркемеге ылайык МСжана ММБнын штаттык саны 122,5 бирдик өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинде: жетекчи жана финансы-экономика сектору – 12 бирдик, муниципалдык менчик бөлүмү – 16 бирдик, “Манас” СК – 63 бирдик, В.И. Ленин атындагы шаардык маданият сарайы-– 30,5 бирдик, библиотека – 1 бирдик.
19. МСжана ММБнын муниципалдык менчик башкармалыгында шаарды көрктөндүрүү, шаардык инфраструктураны учурдагы жана капиталдык оңдоого каралган иштердин тизмеси жана акча каражаттарынын көлөмү № 11 тиркемеге ылайык бекитилсин.
20. Атайын фонддор боюнча кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешелер "Манас" МКК жана ГДК алар үчүн белгиленсин. В.И.Ленин, УКСМСтин курамына кирген 30% өлчөмүндө кызматкерлердин эмгегине акы төлөөгө, 70%ы бул мекемелерди тейлөөгө жөнөтүлсүн.
21. "Универсал" муниципалдык ишканасынын штаттык саны 157 бирдик өлчөмүндө №12 тиркемеге ылайык бекитилсин.
22. “Универсал” муниципалдык ишканасына бөлүнгөн, шаарды көрктөндүрүү жана шаардын инфраструктурасын күнүмдүк оңдоого каралган иштердин тизмеси жана акча каражаттарынын көлөмү №13 тиркемеге ылайык бекитилсин.
23. Кара-Балта шаарынын бюджетинде «Кара-Балта» ЖКБга өндүрүштү алдын ала ишке киргизүү үчүн 1600,0 миң сом өлчөмүндө субсидия каралсын.
24. МСжана ММБнын «Универсал» МИ шаарды көрктөндүрүү жана шаардык инфраструктураны капиталдык оңдоо, ошондой эле муниципалдык обьекттер үчүн мүлктү жана тамак-аш азыктарын алуу үчүн сатып алууларды, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Мыйзамынын ченемдерине ылайык уюштурсун.
25. Майып балдар үчүн, «Золотой петушок» МБМнин алдында уюштурулган күндүзгү Борбордун кызматкерлеринин эмгек акысы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 «Билим берүү тармагынын педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна ылайык белгиленсин.
26. Жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди келишимдик негизде ишке ашыруу үчүн кварталдык комитеттердин төрагаларына ай сайын 3000 сом өлчөмүндө акы төлөө белгиленсин.
27. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге казыналык системаны айланып өтүп, атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Эгерде бул тартип бузулса, атайын каражаттардын 100%ы тиешелүү бюджеттин кирешесине чыгарылат.
28. Кара-Балта шаарынын бюджетинен бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар тарабынан өз максатынан тышкары пайдаланылган каражаттар тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
29. «Кара-Балта суу канал» МИге 500,0 миң сом өлчөмүндө субсидия бөлүнсүн.
30. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
31. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго тапшырылсын..
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара – Балта шаарынын мэриясына, МСжММБга, ФЭБга, КР ЧБЮБга.
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын…Постановление · 01.08.2022 · № 433
- КР 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 01.08.2022 · № 266
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 " Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлсрине эмгек акы…Постановление · 30.03.2022 · № 181
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27