Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарынын 2024-жылга бюджетинин айрым мүнөздөгүчтөрүн кароо жана бекитүү» токтому
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 20-марты № 06 Кара-Балта шаарынын 2024-жылга бюджетинин айрым мүнөздөгүчтөрүн кароо жана бекитүү Кыргыз Республикасынын «2024-жылга республикалык бюджет жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлерге жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейллөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акыларын төлөө шарты жөнүндө» токтомун жетекчиликке алуу менен, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектепке чейинки балдар мекемелеринде шаардык бюджеттин эсебинен суткалык тамактануунун ченемдери белгиленсин - 40 сом.
2. А.С.Макаренко атындагы № 10 мектеп-гимназиясында шаардык бюджеттин эсебинен бир күндүк тамактануунун ченемдери белгиленсин - 163 сом.
3. Жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди келишимдик негизде ишке ашыруу үчүн, кварталдык комитеттердин төрагаларына ай сайын 3000 сом өлчөмүндө акы төлөө белгиленсин.
4. Ата Мекендик согуштун жана тылдын эмгекчилеринин Кара-Балта шаардык Кеңешине 328,0 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүү жактырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомуна ылайык, шаардык бюджеттен социалдык контракттарга 1000,0 миң сом бөлүнсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлерге жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгынын 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акыларын төлөө шарты жөнүндө» токтомунун 4-пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык кенешинин жана Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппаратына, ТОП жана МОП кызматкерлеринин эмгек маянасына 2024-жылдын 01-январынан тартып, ай сайын 70% өлчөмүндө үстөк кошумча акы белгиленсин.
7. №1 тиркемеге ылайык, МСжана ММБнын штаттык саны 121,5 бирдик өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинде: жетекчи жана финансы-экономика сектору - 11 бирдик, муниципалдык менчик бөлүмү- 17 бирдик, "Манас" СК - 63 бирдик, В.И. Ленин атындагы шаардык маданият сарайы-30,5 бирдик бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлерге жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгынын 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акыларын төлөө шарты жөнүндө» токтомунун 4-пунктуна ылайык, МСжанаММБнын башчысына, финансы-экономика секторунун кызматкерлерине 20,0 миң сомдон, МСжанаММБнын алдындагы Муниципиалдык менчик бөлүмүнө 5 ,0 миң сом өлчөмүндө ай сайын белгиленсин.
9. МСжанаММБнын курамына кирген "Манас" СК жана В.И.Ленин атындагы маданият сарайынын атайын каражаттары боюнча тейлөө кызматтарынан түшкөн кирешенин жумушчулардын эмгек акысына 30% өлчөмүндө жумшалат, ал эми 70% бул мекемелерди тейлөөгө белгиленсин.
10. Окуучуларды жана жалпы билим берүүчү мекемелерине материалдык жактан дем берүү үчүн кызыктыруу сыйлыктары белгиленсин:- «Алтын сертификатты» алган студенттер - акыркы үлгүдөгү «IPHONE» уюлдук телефону түрүндө. окуучуну даярдаган жалпы билим берүү уюмдарына - 20,0 миң сом өлчөмүндө;- «Алтын тамга» аттестатына ээ болгон окуучуларга - 50,0 миң сом. окуучуну даярдаган жалпы билим берүү уюмдарына - 20,0 миң сом өлчөмүндө; - окуучуларга, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө - 20,0 миң сом өлчөмүндө.
11. №2 тиркемеге ылайык «Универсал» МИнын штаттык бирдигинин саны 153 өлчөмүндө бекитилсин.
12. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
13. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын мэри М.Р. Джекшеновго жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаарынын мэриясына, МСжанаММБнө, КР ЮЧББга.
Кеңештин төрагасы
М.Дуйшеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 01.08.2022 · № 266
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын…Постановление · 01.08.2022 · № 433
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2022 · № 385
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59