Токмок шаардык кеңешинин «Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимдеринин жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXX КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ 2023-жылдын 18-декабры №173/30-5 Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимдеринин жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 8-декабрындагы №1-22/3678 жана 13-декабрындагы №1-22/3738 кайрылууларын карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимдери 1 жана 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т.М.Сансызбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин эмгек жамааттарынын (Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 173/30-5 токтомуна ылайык) жамааттык келишимиДоговор · 18.12.2023 · № 173/30-5
- Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын эмгек жамаатынын (Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 173/30-5 токтомуна ылайык) жамааттык келишимиДоговор · 18.12.2023 · № 173/30-5
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын…Постановление · 01.08.2022 · № 433
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- КР 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 01.08.2022 · № 266