Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 3-марты № 120 Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мекемелеринде жана уюмдарында иш кагаздарын уюштурууну өркүндөтүү жана заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен документ жүгүртүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама (мындан ары - Типтүү нускама) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер:
- иш кагаздарын Типтүү нускамага ылайык жүргүзүшсүн;
- электрондук форматта ведомстволор аралык документ жүгүртүүнү Типтүү нускамага жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык жүргүзүшсүн, колдонуу мүмкүндүгү чектелген грифи бар документтерди жүгүртүүдөн тышкары;
- мекеменин түзүмүндө мекеменин архивине жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтуу менен иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын функциясы бар бөлүмдү штаттык санынын чегинде карашсын.
Ушул пункттун үчүнчү абзацын колдонуу улуттук коопсуздук, коргоо иштери, ыкчам-издөө иши, финансылык чалгындоо, коомдук тартипти камсыздоо, адамдын жана коомдун коопсуздугу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жайылтылбайт, алар электрондук форматта ведомстволор аралык документ жүгүртүүнү ведомстволук актыларга ылайык ишке ашырат. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жеке менчик түрүндөгү уюмдарга, ишканаларга жана мекемелерге иш кагаздарын Типтүү нускамага ылайык жүргүзүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы жана анын аймактык органдары иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу жана Типтүү нускаманы иш жүзүндө колдонуу боюнча министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча), менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга жана ишканаларга методикалык жактан жардам көрсөтсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- иш кагаздарын жүргүзүү боюнча колдонмолорду иштеп чыгуучулардын Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы менен аларды макулдашууга милдеттүүлүгү;
- мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык электрондук документ жүгүртүү системаларын иштеп чыгууда (же аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө) иштеп чыгуучулардын Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы менен аларды макулдашууга милдеттүүлүгү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы менен макулдашылган иш кагаздарын жүргүзүү боюнча колдонмолорду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Мамлекеттик китеп палатасында катттоону камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 340 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 108 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 743 токтому.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 103 · байланышкандар: 6
Цитата келтиргендер (103)
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 5-августундагы № 3-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү…Приказ · 05.08.2022 · № 3-д
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттары…Стандарт · 04.03.2025 · № 1-д
- "Авиация персоналын баштапкы даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кошумча кесиптик билим берүү" МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК…Регламент · 04.12.2020 · № 4
- "Авиация персоналына зарыл болгон мамлекеттик, расмий, чет тилдерди, компьютердик техниканы үйрөнүү боюнча курстар" МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ…Регламент · 04.12.2020 · № 4
- Арал айылдык кеңешинин 2023-жылдын 3-февралындагы № 149 "Арал айыл өкмөтүнүн иш регламентин, Эмгек Келишимин, кызматкерлердин иш милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2023 · № 149
- “Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча милдеттүү пландагы оңдоп-калыбына келтирүү иштеринен тышкары гидротехникалык иштерди аткаруу” жөнүндө мамлекеттик кызмат…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн" регламентиРегламент · 23.12.2022 · № 12-4
- Айыл өкмөтүнүн (Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 68 токтомуна ылайык) Типтүү РегламентиТиповой регламент · 21.07.2023 · № 68
- Документ № 200638Регламент · 28.05.2021
- Документ № 200639Регламент · 28.05.2021
- Кара-Буура айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 23 "Кара-Буура айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.07.2023 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-февралындагы ПТ № 28 (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында…Распоряжение · 24.02.2023 · № 28
- Документ № 200641Регламент · 28.05.2021
- Документ № 200642Регламент · 28.05.2021
- Документ № 200643Регламент · 28.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын…Регламент · 26.10.2021 · № 571
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламенти (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570…Регламент · 26.10.2021 · № 570
- Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 55…Порядок · 07.02.2022 · № 55
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти "Арыз ээсинин демилгеси боюнча документтерди сактоо" (КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 5-августундагы…Регламент · 05.08.2022 · № 3-д
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти "Архивдик фонддун бөлүгү болуп саналган документтерди сактоо" (КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын…Регламент · 05.08.2022 · № 3-д
103 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (9)
- "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526…Положение · 30.10.2020 · № 526
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү…Постановление · 31.12.2019 · № 743
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуПостановление · 23.07.2012 · № 517 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама…Постановление · 10.06.2013 · № 340 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама…Постановление · 10.03.2015 · № 108 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү…Постановление · 09.09.2013 · № 499 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы №1867 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген…Приказ · 10.09.2019 · № 1867
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2022-жылдын 5-декабрындагы № 207 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн" административдик регламентиАдминистративный регламент · 05.12.2022 · № 207
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2022-жылдын 5-декабрындагы №207 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн" административдик регламентиАдминистративный регламент · 05.12.2022 · № 207
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 01.07.2021 · № 52
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттары (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү Министрлигинин 23-июну 2023-жылындагы №1-д буйругу…Стандарт · 23.06.2023 · № 1-д · Күчүн жоготкон