Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти «Арыз ээсинин демилгеси боюнча документтерди сактоо» (КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин буйругу менен бекитилди)
7-тиркеме
БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын_______________________ № __________ буйругу
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ “Арыз ээсинин демилгеси боюнча документтерди сактоо” Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасы, 14-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төмөнкү ведомстволук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивдери (КР КФФД БМАдан тышкары);
- облустук мамлекеттик архивдер;
- Түштүк региондор аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви;
- райондук мамлекеттик архивдер;
- шаардык мамлекеттик архивдер.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен (2021-жылдын 1-июлундагы № 52 редакциясында) бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3.Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Суроо-талапты кабыл алуунун чектик убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес болот; кызмат көрсөтүүнүн алдын ала жыйынтыгын алууга - 14 күндөн ашык эмес; кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы келишимдин шарттарында көрсөтүлөт. (2) Кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
а) өздүгүн тастыктаган документ;
б) кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктоочу документ (ишеним кат) (зарылдыгына жараша);
в) юридикалык жактын кызматты алуусу жөнүндө суроо-талабы;
в) жеке жактын кызматты алуусу жөнүндө арызы;
д) кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: Акы алынат. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. (4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы. Документтерди мамлекеттик жана депозитардык сактоого кабыл алуу, документтерди кабыл алуу актысын берүү. Жоюлуп жаткан уюмдардан документтерди кабыл алуу жөнүндө корутунду берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз болгон ченемдик укуктук актылар:
- “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 160 “Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө, Борбордук эксперттик комиссия жөнүндө жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын эксперттик комиссиясы жөнүндө болжолдуу жоболорду бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№
Жол-жобонун аталышы
Эскертүү
1
Юридикалык жана жеке жактардын кызмат көрсөтүү жөнүндө арыздарын (кайрылууларын) кабыл алуу жана каттоо
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө арыздарды жана кайрылууну кабыл алуу төмөндөгү формаларда жүзөгө ашат:
- жазуу жүзүндөгү кайрылуу;
- archive.kg. жана portal.tunduk.kg. электрондук сайтына электрондук кайрылуу;
Каттоо мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашат
2
Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү менен документтерди сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүү (мамлекеттик, депозитардык)
Ушул жол-жобонун жүрүшүндө кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысы менен бир катар төмөнкү маселелер макулдашылат: тараптардын милдеттенмелери жана жоопкерчилиги, иштердин наркы, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү тапшыруу жана кабыл алуу тартиби
3
Документтерди кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү
Көктөмөлөрдү кабыл алуу ар бир көктөмөнүн сыртындагы жазууну тизим менен салыштыруу, эсепке алуу документтерин тууралоо, эсепке алуу документтерине кабыл алууну тариздөө аркылуу жүзөгө ашырылат. Документтерди кабыл алууну тариздөө документтерди кабыл алуу актысын жана белгиленген үлгүдөгү корутундуну (зарылдыгына жараша) берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Төмөнкүлөр мамлекеттик сактоого кабыл алынбайт:
- аз баалуу документтер;
- иштелип чыкпаган документтер;
- толук эмес документтер.
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жол-жоболорунун өз ара байланышынын блок-схемасы
“Арыз ээсинин демилгеси боюнча документтерди сактоо”
4. Жол-жоболордун сыпатталышы жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы
Аткаруучу, кызмат адамы
Иш-аракеттердин узактыгы
Иш-аракеттин жыйынтыгы
Иш-аракетти жөнгө салуучу документ
1
2
3
4
5
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууну кабыл алуу жана каттоо
1.1-иш-аракет. Юридикалык жана жеке жактардын кызмат көрсөтүү жөнүндө арыздарын (кайрылууларын) кабыл алуу жана каттоо.
КР УАФ документтерин топтоо бөлүмүнүн начальниги, топтоо мекемелери-булактары менен иштешүүгө жооптуу кызматкер ж.б.
оозеки – кезек күтүүнү кошкондо 10 мүн. ашык эмес; жазуу жүзүндө – почта менен келип түшкөн күнү.
а) кароого кабыл алынган кайрылуу (жазуу жүзүндө);
б) маселесинин маңызы боюнча толук жооп берилген кайрылуу (оозеки).
-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы;
- КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
1.2-иш-аракет.
Кайрылууну каттоо
документтерди каттоого жооптуу кызматкер
- кайрылуу түшкөн күнү 2 мүн. ашык эмес
кайрылууну кириш документтерди каттоо журналына жазуу
- КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
1.3-иш-аракет.
Кайрылууну жетекчинин кароосуна берүү
документтерди каттоого жооптуу кызматкер
жетекчи тарабынан кайрылуунун каралышы - кайрылуу түшкөн күнү 10 мүн. ашык эмес
кайрылуунун аткаруучусу, аткаруу тартиби жана аткаруу мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтыган жетекчинин резолюциясы
- КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
1.4-иш-аракет. Кабыл алына турган көктөмөлөрдүн физикалык абалын текшерүү. Көктөмөлөрдүн тизимдерин, алардын ИМАсын текшерүү
административдик иш-аракетти аткарууга жооптуу адис
2 сааттан ашык эмес
мамлекеттик сактоого кабыл алынып жаткан документтердин сапатын жана толуктугун камсыздоо
мамархивдердин ишинин негизги эрежелери
1.5-иш-аракет.
Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүн мамархивдин документтерди кабыл алуу боюнча план-графигине киргизүү
- мекемелер менен иштөөгө жооптуу кызматкер;
- документтерди кабыл алууга жооптуу кызматкер.
- жетекчинин тапшырмасын алгандан кийин 5 мүн. Ашык эмес.
а) - документтерди кабыл алуу мөөнөтүн белгилөө;
- бул административдик иш-аракетке жооптууларды аныктоо;
б) төмөнкү учурларда билдирүү менен документтерди кабыл алуудан баш тартуу:
- документтер толук болбогондо;
- туруктуу (узак мөөнөткө) сактоого сунушталган документтердин аз баалуулугу;
- көктөмөлөрдүн начар физикалык абалы;
- документтерди кабыл алуу үчүн мамархивде аянттын жоктугу.
мамархивдердин ишинин негизги эрежелери
1-жол-жобонун жыйынтыгы. Жетекчиликтин документтерди кабыл алуу жөнүндө чечими. Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүн мамархивдин документтерди кабыл алуу боюнча план-графигине киргизүү.
1-жол-жобонун узактыгы: 2 сааттан ашык эмес
1-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруу
2-жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү менен документтерди сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүү (мамлекеттик, депозитардык)
2.1-иш-аракет.
Келишимге кол коюу.
административдик иш-аракетти аткарууга жооптуу кызмат адамы
10 мүн. ашык эмес
эки тарап жактан кол коюлган келишим
- Прейскурант;
- Типтүү келишим
2.2-иш-аракет.
Ишке жана кызмат көрсөтүүгө акы төлөө (алдын ала төлөм) эсебин тапшыруу
административдик иш-аракетке жооптуу кызматкерлер
10 мүн. ашык эмес (алыс жайгашкан мекемеге чейинки жолго кеткен убакытты кошпогондо)
төлөнгөн эсеп-фактура
- Прейскурант;
- Типтүү келишим.
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кол коюлган келишим
2-жол-жобонун узактыгы: 1 сааттан ашык эмес
2-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу
3-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү.
3.1-иш-аракет.
Көктөмөлөрдүн тизимдери боюнча көктөмөлөрдү (документтерди) бирден кабыл алуу-өткөрүп берүү
документтерди кабыл алууга жооптуу кызматкер, документтерди тапшыруучунун өкүлү
ченемге ылайык ар бир көктөмөнү кабыл алууга 5 мүн. ашык эмес (көктөмөлөрдүн физикалык абалын, алардын барактарынын, күбөлөндүрүлгөн барактарынын толуктугун кароо менен)
кабыл алынуучу документтердин толуктугун камсыздоо
Мамлекеттик архивдердин негизги иш эрежелери; Убакыттын жана көлөмдүн типтүү ченемдери (1.1, 1.2-п.)
3.2-иш-аракет.
Көктөмөлөрдү кабыл алуу-тапшыруу жөнүндө актыга кол коюу жана берүү
эки тараптын кызмат адамдары, кызмат адамы жана документтерди тапшыруучунун өкүлү
- 10 мүн. ашык эмес
(документтерди тапшыруучу турган жерге чейинки жолго кеткен убакытты кошпогондо)
- белгиленген үлгүдөгү көктөмөлөрдү кабыл алуу-тапшыруу жөнүндө актыны берүү;
- мекеме жоюлган учурда документтердин жайгашкан жери жөнүндө корутунду берүү
Мамлекеттик архивдердин негизги иш эрежелери
3.3-иш-аракет.
Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү тарабынан берилген кутучаларга (тубустарга) көктөмөлөрдү салуу. Кутучаларды шифрлөө. Көктөмөлөрдү архив сактоочу жайга жайгаштыруу
документтерди кабыл алууга жооптуу кызматкер, топтоо мекемесинин-булагынын куратору, документтерди тапшыруучунун өкүлү
ченемге ылайык ар бир көктөмөнү салууга жана шифрлөөгө 4 мүн. ашык эмес
Мамлекеттик архивдердин негизги иш эрежелери; Убакыттын жана көлөмдүн типтүү ченемдери (1.19, 3.16-п.)
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Документтерди кабыл алуу. Көктөмөлөрдү кабыл алуу-өткөрүү жөнүндө актыны, белгиленген тартипте жоюлган уюмдардан документтерди кабыл алуу жөнүндө корутундуну берүү. Кабыл алынган көктөмөлөрдү (документтерди) мамлекеттик каттоого коюу.
3-жол-жобонун узактыгы: 10 мүн. ашык эмес
3-жол-жобонун тиби: Атайын. Уюштуруу-башкаруу (жарым-жартылай).
5. Жол-жоболорду аткаруу алгоритмдери
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууну кабыл алуу жана каттоо
2-жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү менен документтерди сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүү (мамлекеттик, депозитардык)
3-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү
6.Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) контроль мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
2) Ички (күндөлүк) контроль кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жарым жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы түзгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалым кат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалым катка кол коюлган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалым кат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жан административдик чаралар көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү аутсорсинг иретинде башка жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга берилсе, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүнүн стандарты кайра каралган убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Чекирова Анара Медетбековна - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (10)
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марты № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2020 · № 120
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 5-августундагы № 3-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү…Приказ · 05.08.2022 · № 3-д
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 160 "Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө, Борбордук эксперттик…Постановление · 18.03.2014 · № 160
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 01.07.2021 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык…Постановление · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.