Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 „Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 марта 2020 года № 120 "О Типовой инструкции по делопроизводству в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-03-03.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июну № 340 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамада:
- 2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Иш кагаздары мамлекеттик тилде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда - расмий тилде жүргүзүлөт. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш кагаздарын мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүүдө мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп саналат.";
- 25-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын буйруктары (тескемелери) мамлекеттик тилде чыгарылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда - расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат.";
- 30-пунктунун сегизинчи абзацындагы алардын ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ болот" деген сөздөр алып салынсын;
- 36-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"36. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү протокол мамлекеттик тилде таризделет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда расмий тилге которулат. Катышуучулардын мамлекеттик эмес тилде сүйлөгөн сөздөрү мамлекеттик тилге которулууга тийиш.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Ак Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 20-августундагы № 85 «Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2013- жылдын 10-июнундагы № 340, 2015-жылдын 10-мартындагы № 108-токтомдорун…Постановление · 20.08.2018 · № 85
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марты № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2020 · № 120
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча ТИПТҮҮ НУСКАМА (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген)Инструкция · 23.07.2012 · № 517 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтомуПостановление · 03.03.2020 · № 120
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марты № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2020 · № 120
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуПостановление · 23.07.2012 · № 517 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөЗакон · 02.04.2004 · № 54 · Күчүн жоготкон