Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти «Документтерди мамлекеттик сактоого тапшыруу үчүн даярдоо» (КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин буйругу менен бекитилди)
6-тиркеме
БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын ______________ № _______ буйругу
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ “Документтерди мамлекеттик сактоого тапшыруу үчүн даярдоо” Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасы, 13-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төмөнкү ведомстволук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивдери (КР БМ КФФДАдан тышкары) [1];
- облустук мамлекеттик архивдер;
- Түштүк региондор аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви;
- райондук мамлекеттик архивдер;
- шаардык мамлекеттик архивдер.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен (2021-жылдын 1-июлундагы № 52 редакциясында) бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Суроо-талапты (арызды) кабыл алуунун чектик убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес; кызмат көрсөтүүнүн алдын ала жыйынтыгын алуунун чектик убактысы - 14 күндөн ашык эмес; кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруунун жалпы убактысы илимий-техникалык жактан кайра иштетүүгө тийиш болгон документтердин көлөмүнө жараша болот. (2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
а) өздүгүн тастыктаган документ;
б) юридикалык жактын кызмат көрсөтүүнү алуу жөнүндө арызы (суроо-талабы);
в) кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктоочу документ (ишеним кат) (зарылдыгына жараша).
г) кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү жөнүндө эсеп-квитанция;
Керектөөчү иштелип чыгууга тийиш болгон документтерди бериши же келишимдин шарттарына ылайык аларга жетүүнү камсыздашы керек. (3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: Акы алынат. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. (4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: аткарылган иштер жөнүндө актыны берүү; белгиленген тартипте жактырылган жана бекитилген көктөмөлөрдүн тизимдерин берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн негизи болгон ченемдик-укуктук документтер:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 “Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Мамлекеттик архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы № 46/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин жумуштарынын негизги эрежелери.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№
Жол-жобонун аталышы
Эскертүү
1
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (кайрылууну) кабыл алуу жана каттоо.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууну кабыл алуу төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашат:
- жазуу жүзүндө кайрылуу;
- archive.kg. жана portal.tunduk.kg. расмий сайттарына электрондук кайрылуу;
- оозеки кайрылуу.
Каттоо мамкызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бекитилген мөөнөттөрдө жүзөгө ашат.
2
Документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгууга (ИТИ) келишим түзүү
Бул жол-жобо документтери илимий-техникалык жактан иштелип чыгууга (ИТИ) тийиштүү көктөмөлөрдүн көлөмүн жана толуктугун, алардын хронологиялык алкагын алдын ала аныктоого багытталган. ИТИге тийиштүү документтердин бардык топтому жеринде (тапшырыкчынын учурдагы архивинде) каралат, ошондуктан документтер негизинен мекемеге баруу менен иштелип чыгат. Бул жол-жобонун жүрүшүндө кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысы менен бир катар төмөнкү маселелер макулдашылат: тараптардын милдеттенмелери жана жоопкерчилиги, иштердин наркы, эсептешүүлөрдүн тартиби, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү тапшыруу жана кабыл алуу тартиби. Келишим түзүү боюнча маселелерди так белгилөөдөн кийинки жол-жоболорду аткаруунун сапаты жана мөөнөтү көз каранды.
3
Документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгуу (ИТИ).
Документтерди ИТИ өз ара байланышкан иштердин эки түрүнөн турат: архивдик документтердин баалуулугунун экспертизасы жана иретке келтирүү. Документтердин баалуулугунун экспертизасы - Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун (КР УАФ) курамына киргизүү үчүн алардын сактоо жана тандоо мөөнөттөрүн аныктоо максатында критерийлердин негизинде документтердин жана көктөмөлөрдүн баалуулугун текшерүү. Архив документтерин иретке келтирүү - республикалык архив ишин башкаруу органы тарабынан белгиленген (КР УАФ жөнүндө Мыйзамынын 1-1-беренеси) эрежелерге ылайык архив документтерин сактоо бирдиктерине (көктөмөлөргө) түзүү боюнча иштердин топтому. Бул жол-жобонун негизги максаты КР УАФтын документтерин мамлекеттик сактоого даярдоо болуп саналгандыктан, архив мыйзамдарына (КР УАФ жөнүндө Мыйзамынын 17,18-беренелери) ылайык тарыхый баалуу документтерди мамлекеттик сактоого туруктуу өткөрүп берүүгө милдеттери бар мекемелерде жана уюмдарда-булактарда документтерди ИТИ биринчи кезекте жүзөгө ашырылат. Ошол эле убакта менчиктеги мамлекеттик эмес түрүнүн юридикалык жактарынын документтери дагы иштетүүгө кабыл алынат. Эскертүү: Жеке (өздүк) архивдик документтерди мамлекеттик сактоого бекер өткөрүүдө, жеке жактардын документтери өзгөчө иретинде акысыз иштелип чыгат. Мекеме-тапшырыкчынын кайрылуусу боюнча документтерди ИТИнин жүрүшүндө иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн башка коштоочу түрлөрү аткарылыш мүмкүн, алар келишим түзүүдө сүйлөшүлөт.
4
Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү
Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү - акыркы жол-жобо, анын жүрүшүндө кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысына түзүлгөн келишим боюнча кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык бардык аткарылган иштердин топтому берилет. Документтерди ИТИ аткарылган иштер жана белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген көктөмөлөрдүн тизимдери жөнүндө кабыл алуу актысын берүү менен аяктайт.
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жол-жоболорунун өз ара байланышынын блок-схемасы
“Документтерди мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүгө даярдоо”
Фронт - кеңсе
1
22
3
44
Бэк - кеңсе
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин
4. Жол-жоболорду сыпатталышы жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы
Аткаруучу, кызмат адамы
Иш-аракеттердин узактыгы
Иш-аракеттин жыйынтыгы
Иш-аракетти жөнгө салуучу документ
1
2
3
4
5
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууну кабыл алуу жана каттоо
1.1-иш-аракет.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (кайрылууларды) кабыл алуу жана каттоо
- КР УАФнын документтерин топтоо бөлүмүнүн начальниги;
топтоо мекемелер-булактары менен иштөөгө жооптуу кызматкер ж.б.
Суроо-талапты кабыл алуу - кезек күтүүнү кошкондо 10 мүн. ашык эмес.
а) кароого кабыл алынган кайрылуу (жазуу жүзүндө).
б) маселесинин маңызы
боюнча толук жооп берилген кайрылуу (оозеки)
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы;
- Типтүү нускама
1.2-иш-аракет.
Кайрылууну каттоо
документтерди (кайрылууларды) каттоого жооптуу кызматкер
кайрылуу түшкөн күнү 2 мүн. ашык эмес
кайрылууну кириш документтерди каттоо журналына жазуу
-Ттиптүү нускама
1.3-иш-аракет.
Кайрылууну жетекчинин кароосуна берүү
документтерди (кайрылууларды) каттоого жооптуу кызматкер
кайрылуунун жетекчи тарабынан каралышы - кайрылуу түшкөн күнү 10 мүн. ашык эмес
кайрылуунун аткаруучусу, аткаруу тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтыган жетекчинин резолюциясы
- “КР Улуттук архив фонду жөнүндө” КР Мыйзамы;
КРӨнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “КРде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 “Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому.
1.4-иш-аракет.
Кызмат көрсөтүүнүн алуучусуна баруу менен иштин көлөмүн жана шарттарын аныктоо
мамархивдин кызмат адамы, бөлүмдүн начальниги, административдик иш-аракетти аткарууга жооптуу адис
2 сааттан ашык эмес. (кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысынын жайгашкан жеринин алыстыгын кошпогондо)
а) тапшырыкчынын архивин текшерүү оң натыйжа берсе -документтерди ИТИге келишим түзүү жөнүндө чечим.
б) терс натыйжа берсе
- төмөнкү учурларда тапшырыкчыга кабарлоо менен документтерге ИТИдан баш тартуу (токтото туруу) жөнүндө чечим:
- кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысы документтер менен иштөөгө ылайыкталган жай менен камсыздабаса;
- иштелип чыгууга таандык көктөмөлөрдүн толук эместиги билинсе;
- ИТИге таандык көктөмөлөр эң аз көлөмдө болсо;
- кызмат көрсөтүүнүн акысын төлөөгө (алдын ала төлөөгө) финансылык мүмкүнчүлүгү жок болсо ж.б.
1.5-иш аракет.
Документтерди иштеп чыгуу боюнча чечим кабыл алуу
административдик иш-аракетти аткарууга жооптуу кызмат адамы
1 сааттан ашык эмес
а) ИТИге кеткен чыгымдардын алдын ала сметасынын эсеби, келишимдин текстин түзүү;
б) арыз ээсине кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү
- Мыйзам;
- Прейскурант;
- Типтүү келишим
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Документтерди ИТИ келишимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу.
1-жол-жобонун узактыгы: 2 сааттан ашык эмес
1-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу
2-жол-жобо. Документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгууга келишим түзүү
2.1-иш-аракет
Келишимге кол коюу
административдик иш-аракетти аткарууга жооптуу кызмат адамы
10 мүн. ашык эмес.
эки тарап жактан кол коюлган келишим
- Прейскурант;
- Типтүү келишим
2.2-иш-аракет.
Төлөөгө (алдын ала төлөөгө) эсепти көрсөтүү
административдик иш-аракетти аткарууга жооптуу кызматкерлер
10 мүн. ашык эмес (алыс аралыкта жайгашкан мекемеге чейинки жолго кеткен убакытты кошпогондо)
төлөнгөн эсеп-фактура
- Прейскурант;
- Типтүү келишим
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кол коюлган келишим
2-жол-жобонун узактыгы: 1 сааттан ашык эмес
2-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу
3-жол-жобо. Документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгуу (ИТИ)
3.1-иш-аракет.
Документтердин баалуулугунун экспертизасы
документтерди ИТИга жана көктөмөлөрдүн тизимдерин даярдоого адистештирилген кызматкерлер (эксперттер)
көктөмөлөрдүн көлөмүнө жараша болот (күндүзгү ченем - документтердин түрлөрүнө жана абалына жараша бир күндө 8ден 35ке чейин көктөмө).
экспертизадан өткөрүлүп, төмөнкүдөй сактоо мөөнөттөрү боюнча иштелип чыгууга тандалып алынган документтер:
- туруктуу;
- узак убакытка (75ж.);
- убактылуу сактоого (10ж. ашык);
- убактылуу сактоо (10ж. чейин).
-Типтүү нускама; -Типтүү тизмек;
- Негизги эрежелер;
- Усулдук сунуштамалар;
- тармактык тизмектер;
- көктөмөлөрдүн номенклатуралары ж.б.
3.2-иш-аракет.
Документтерди иштеп чыгуу
- туруктуу;
-узак убакытка (75 ж.); -убактылуу сактоо (10 ж. ашык). Көктөмөлөрдүн тизимдерин даярдоо
Документтерди ИТИга адистештирилген кызматкерлер
- көктөмөлөрдүн көлөмүнө жараша болот (топтомдуу бир күндүк ченеми 4төн 40 көктөмөгө чейин)
Түрлөрү жана сактоо мөөнөттөрү боюнча таризделген мукабада түзүлгөн жана тиркелген көктөмөлөр. Даярдалган көктөмөлөрдүн тизими
-Типтүү нускама; -Типтүү тизмек;
- тармактык тизмектер;
- Мамархив жана уюмдардын архивдеринин иштеринин негизги эрежелери;
-Усулдук сунуштамалар; -көктөмөлөрдүн номенклатуралары.
3.3-иш-аракет.
Иштелип чыккан көктөмөлөрдүн сапаттын көзөмөлдөө. Көктөмөлөрдүн тизимдерин макулдашуу жана бекитүү
эксперттер (ЭК, ЭТУК мүчөлөрү, мекеме кураторлору)
- 2 саатка чейин
(көктөмөлөрдүн 10% дан 20% га чейинки);
-10 мүн. чейин (тапшырыкчынын жайгашкан жерине чейинки жолго кеткен убактысын кошпогондо)
Документтердин сапаттын камсыздоо.
Белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген көктөмөлөрдүн тизимдери
-Типтүү нускама;
- ЭТУК, ЭК жөнүндө жобо;
- Иштин негизги эрежелери
3.4-иш-аракет.
Көктөмөлөрдүн шифрлөө жана кутучалоо
көктөмөлөрдүн көлөмүнө жараша (бир күндүк ченем - 400 көктөмө)
Бекитилген көктөмөлөрдүн тизимдерине ылайык шифрленген жана кутучаланган көктөмөлөр
-Типтүү ченемдер
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Тапшырыкчынын документтерин ИТИсин аяктоо. Көктөмөлөрдүн тизимдерин бекитүү.
3-жол-жобонун узактыгы: Жол-жоболук иш-аракеттер – 2 саатка чейин. Өндүрүштүк иш-аракеттер документтерди ИТИге тийишт көктөмөлөрдүн көлөмүнөн көз каранды (келишимдин шарттарында белгиленет)
3-жол-жобонун тиби: Атайын.
4-жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү
4.1-иш-аракет.
Аткарылган иштерди жана кызматтарды тапшырыкчыга берүү-кабыл алуу жөнүндө актыга кол коюу
архив мекемелеринин жооптуу адамдары, мамкызмат көрсөтүүнүн аткаруучулары
30 мүн. чейин (тапшырыкчынын жайгашкан жерине чейинки жолго кеткен убактысын кошпогондо)
аткарылган иштердин көлөмүн салыштырып текшергенден кийин аткарылган иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актысы (кол коюлган)
Типтүү келишим
4.2-иш-аракет.
Акыркы эсептешүү
документтерди ИТИге адистештирилген архив мекемелеринин кызмат (жооптуу) адамдары
аткарылган иштердин жыйынтыгы жөнүндө акт жана төлөм эсеп-фактуралары тапшырылгандан кийин 10 календардык күнгө чейин
төлөөгө эсеп (төлөнгөн)
Типтүү келишим
4-жол-жобонун жыйынтыгы: аткарылган иштер жөнүндө актыны берүү; белгиленген тартипте жактырылган жана бекитилген көктөмөлөрдүн тизимдерин берүү.
4-жол-жобонун узактыгы: Суроо-талапты (кайрылууну) кабыл алуунун чектик убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес; кызмат көрсөтүүнүн алдын ала жыйынтыгын алуу убактысы - 14 күндөн ашык эмес; кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруунун жалпы убактысы илимий-техникалык жактан кайра иштетүүгө тийиш болгон документтердин көлөмүнө жараша болот.
4-жол-жобонун тиби: Административдик
5. Жол-жоболорду аткаруу алгоритмдери
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууну кабыл алуу
2-жол-жобо.
Документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгууга (ИТИ) келишим түзүү
3-жол-жобо. Документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгуу (ИТИ)
4-жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) контроль мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
2) Ички (күндөлүк) контроль кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жарым жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы түзгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалым кат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалым катка кол коюлган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалым кат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жан административдик чаралар көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү аутсорсинг иретинде башка жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга берилсе, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүнүн стандарты кайра каралган убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Чекирова Анара Медетбековна - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы.
2. Ирисова Асель Пайзылдаевна – Кыргыз Республикасынын Документтер борборунун директордун орун басары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марты № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2020 · № 120
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 5-августундагы № 3-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү…Приказ · 05.08.2022 · № 3-д
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 01.07.2021 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык…Постановление · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы №346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын…Постановление · 31.12.2010 · № 346 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.