Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПТ № 28 (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аткаруучулук тартипти бекемдөө тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 24-февралы ПТ № 28
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аткаруучулук тартипти бекемдөө, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин талаптагыдай жана өз убагында аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик органдарынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчилигинин тапшырмаларын кынтыксыз аткаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин инвентаризациялоо, аларды талаптагыдай аткаруу жана контролдон алуу, так мөөнөттөрүн белгилөө жана алардын аткарылышын катуу контролдоо боюнча толук чараларды көрсүн;
- борбордук аппараттардын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине аткаруучулук тартипти бузууга жол берилбестиги жана тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыздоо зарылдыгы жөнүндө жеткирсин;
- министрликтердин жана ведомстволордун ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү күчөтсүн, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин жана аткаруучулук тартибин контролго алсын;
- ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн ишин талаптагыдай контролдоону жана координациялоону камсыздасын, алардын ишин оптималдаштыруу максатында түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдө функциялык талдоо жүргүзсүн жана жыйынтыгы боюнча конкреттүү чараларды көрсүн;
- бир айлык мөөнөттө конкреттүү милдеттерди, жооптуу аткаруучуларды, аткаруу мөөнөттөрүн жана күтүлгөн натыйжаларды көрсөтүү менен аткаруучулук тартипти бекемдөө жана жогорулатуу боюнча ведомстволордун ички планын бекитсин;
- аткаруучулук тартипти так сактоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына бериле турган маалыматтардын сапатын жана аныктыгын өзгөчө контролго алсын;
- документтерди даярдоодо жана тариздөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарын так сактоону камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча иштерди күчөтсүн;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттык кеңешмелеринде, коллегияларынын жыйналыштарында аткаруучулук тартиптин абалын карасын, аткаруучулук тартиптин начардыгы жана жооптуу аткаруучулар тарабынан кетирилген кемчиликтер боюнча фактыларга принциптүү баа берсин;
- "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын так сактоону камсыздасын, ошондой эле жарандардын ар бир кайрылуусун сапаттуу жана өз убагында карасын, ишти созуунун жана курулай жооп берүүнүн кандай гана болбосун учурларына жол бербесин;
- жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында бекитилген жолугушуулар графигине ылайык проблемалуу маселелерди карап чыгуу жана ыкчам чечүү үчүн жер-жерлерде калк менен көчмө жолугушууларды уюштурсун;
- аткаруучулук тартипти бузууга жол берген кызматкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жаза чараларын системалуу түрдө колдонсун;
- актылардын долбоорлорун даярдоодо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүүдө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинин талаптарын так сактоо боюнча конкреттүү чараларды көрсүн;
- функциялык милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн потенциалын жогорулатуу максатында түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин окутуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан бекитилген методикага ылайык ички ведомстволук семинарларды, сабактарды, тренингдерди өткөрсүн;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө маалымат берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте бир айлык мөөнөттө түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин окутуу үчүн мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ички ведомстволук семинарларды, сабактарды, тренингдерди өткөрүү үчүн методикалык материалдарды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлерин "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонуу боюнча окутууну уюштурсун жана өткөрсүн;
- эки айлык мөөнөттө "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишине талдоо жүргүзсүн жана аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен аны өркүндөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик органдарынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары аткаруучулук тартиптин ишин талаптагыдай уюштуруу, ошондой эле ушул тескемени сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы белгиленген тартипте мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аткаруучулук тартиптин абалын өз коллегиясынын жыйналыштарында карасын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 5
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марты № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2020 · № 120
- КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентин бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 26.10.2021 · № 570
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 28.10.2021 · № 233
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтомуПостановление · 31.05.2017 · № 313
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилди)Регламент · 28.10.2021 · № 233
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламенти (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570…Регламент · 26.10.2021 · № 570
- "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча" НУСКАМА (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен…Инструкция · 31.05.2017 · № 313
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтомуна)Инструкция · 03.03.2020 · № 120
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2017 · № 313