Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти «Мекемелер, уюмдар, ишканалар үчүн тармактык жана жеке иштердин номенклатурасын даярдоо» (КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин буйругу менен бекитилди)
9-тиркеме
БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын_________________ № __________ буйругу
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ “Мекемелер, уюмдар, ишканалар үчүн тармактык жана жеке иштердин номенклатурасын даярдоо” Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасы, 16-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төмөнкү ведомстволук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивдери (Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен тышкары);
- облустук мамлекеттик архивдер;
- Түштүк региондор аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви;
- райондук мамлекеттик архивдер;
- шаардык мамлекеттик архивдер.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому (2021-жылдын 1-июлундагы № 52 редакциясында) менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3.Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кезек күтүүгө жана суроо-талапты кабыл алууга кеткен чектик убакыт - 30 мүнөттөн ашык эмес.Арызды кароого кеткен убакыт 30 календардык күндөн ашык эмес. Кызмат алууга кеткен жалпы убакыт келишимдин шарттарында көрсөтүлөт. (2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) өздүгүн тастыктаган документ;
б) кызматтарды алуу үчүн арыз;
в) кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: Акы төлөнөт. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. (4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Белгиленген тартипте иштин номенклатурасын (тармактык, жекече) даярдоо жана берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз болгон ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому;
- Мамлекеттик архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы № 46/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин жумуштарынын негизги эрежелери.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№
Жол-жобонун аталышы
Эскертүү
1
Жеке кайрылууда жана archive.kg жана portal.tunduk.kg. электрондук сайты аркылуу келген кызмат көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана каттоо.
Мамлекеттик кызматты көрсөтүү жөнүндө кайрылууну кабыл алуу төмөнкүдөй түрлөрдө жүзөгө ашат:
- жазуу жүзүндөгү кайрылуу;
- archive.kg. жана portal.tunduk.kg. электрондук сайты аркылуу келген электрондук кайрылуу;
- юридикалык жактын арызы.
Каттоо мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашат. Бшул жол-жобонун маанилүү иш-аракети болуп кызмат көрсөтүүнүн аткаруучулары тарабынан кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысынын иши, анын уюштуруу түзүмү, кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн документтеринин түрүнүн курамы ж.б. жөнүндө ченемдик укуктук документтерди кароосу саналат
2
Тармактык документтерди (тизмекти), жеке көктөмөлөр номенклатурасын иштеп чыгууга келишим түзүү
Ушул жол-жобонун жүрүшүндө кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысы менен бир катар төмөнкү маселелер макулдашылат: тараптардын милдеттенмелери жана жоопкерчилиги, иштердин наркы, эсептердин тартиби, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү тапшыруу жана кабыл алуу тартиби
3
Мекемелер (уюмдар) үчүн документтердин тармактык тизмегинин долбоорун, жеке көктөмөлөр номенклатурасынын долбоорун эксперттик комиссиялардын кароосу
Комиссиялар (Борбордук эксперттик комиссия – мындан ары (БЭК), Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн эксперттик комиссиясы мындан ары - (ЭК), Борбордук эксперттик-текшерүү комиссиясы (БЭТК), Мамархивдердин эксперттик-текшерүү усулдук комиссиясы мындан ары – (ЭТУК) эксперттик эксперттик корутундуларды жүргүзгөндөн кийин жана ченемдик документтердин долбоорлорун (тармактык тизмекти, иштердин номенклатурасын) жактыруу (макулдашуу) жөнүндө чечимди чыгаргандан кийин кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү жөнүндө чечим кабыл алынат.
4
Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү
Мекемелердин, тапшырыкчы уюмдардын жетекчилери тарабынан ченемдик документтер бекитилгенден кийин кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы берилет
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпатталышы жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы
Аткаруучу, кызмат адамы
Иш-аракеттердин узактыгы
Иш-аракеттин жыйынтыгы
Иш-аракетти жөнгө салуучу документ
1
2
3
4
5
1-жол-жобо. Юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү жөнүндө арызды кабыл алуу жана каттоо
1.1-иш-аракет.
Жеке кайрылууда жана archive.kg жана portal.tunduk.kg. электрондук сайты аркылуу келген кызмат көрсөтүү жөнүндө арызды кабыл алуу жана каттоо.
КР УАФ документтерин топтоо бөлүмүнүн начальниги, топтоо мекемелери-булактары менен иштешүүгө ж.б. жооптуу кызматкер
оозеки – кезек күтүүнү кошкондо 10 мүн. Ашык эмес; жазуу жүзүндө – почта менен келип түшкөн күнү.
а) кароого кабыл алынган арыз (жазуу жүзүндө);
б) маселесинин маңызы
боюнча толук жооп берилген кайрылуу (оозеки);
в) archive.kg жана portal.tunduk.kg электрондук сайты аркылуу келген электрондук арыз;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы;
1.2-иш-аракет.
Кайрылууну каттоо.
документтерди каттоого жооптуу кызматкер
кайрылуу түшкөн күнү 2 мүн. ашык эмес
кайрылууну кириш документтерди каттоо журналына жазуу
- КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
1.3-иш-аракет.
Кайрылууну жетекчинин кароосуна берүү.
документтерди каттоого жооптуу кызматкер
кайрылуунун жетекчи тарабынан каралышы - кайрылуу түшкөн күнү 10 мүн. ашык эмес
кайрылуунун аткаруучусу, аткаруу тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтыган жетекчинин резолюциясы.
- КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
1.4-иш-аракет.
Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн ишин, анын уюштуруу түзүмүн, документтердин түрүнүн курамын кароо
административдик иш-аракетти аткарууга жооптуу кызматкер
- 2 сааттан ашык эмес
кызмат көрсөтүүнүн толуктугун жана сапатын камсыздоо
- КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- Мамлекеттик архивдердин негизги эрежелери
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Мамлекеттик архивдин жетекчилигинин кызмат көрсөтүү жөнүндө чечими
1-жол-жобонун узактыгы: 2 сааттан ашык эмес
1-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу
2-жол-жобо. Тармактык документтерди (тизмекти), иштердин жеке номенклатурасын даярдоого келишим түзүү
2.1-иш-аракет.
Келишимдин долбоорун даярдоо жана кол койдуруу
административдик иш-аракетти аткарууга жооптуу кызмат адамы
20 мүн. ашык эмес
эки тарап кол коюгон келишим
- Прейскурант;
- Типтүү келишим
2.2-иш-аракет.
Иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө эсебин берүү
административдик иш-аракетти аткарууга жооптуу кызматкер
10 мүн. ашык эмес (алыс жайгашкан мекемеге чейинки жолго кеткен убакытты кошпогондо)
төлөнгөн эсеп-фактура
- Прейскурант;
- Типтүү келишим
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кол коюлган келишим
2-жол-жобонун узактыгы: 30 мүн. ашык эмес
2-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу
3-жол-жобо. Тармактык документтердин (тизмектин) долбоорун, жеке номенклатуранын долбоорун кароо
3.1-иш-аракет.
Документтердин тармактык тизмегинин, иштердин жеке номенклатурасынын долбоорун даярдоо
административдик иш-аракетти аткарууга жооптуу кызматкер
иш-аракеттин узактыгы иштин көлөмүнө көз каранды, төмөнкүлөр эске алынат:
- 25 берене (тизмек үчүн);
- 60 берене (иштердин номенклатурасы үчүн)
белгиленген тартипте даярдалган документтин долбоору
- иштеп чыгунун жана убакыттын типтүү ченемдери
3.2-иш-аракет.
Документтин долбоорун эксперттик-текшерүү комиссияларынын жактыруусу (макулдашуу)
ЭК, БЭК, ЭТУК, БЭТК
иш-аракеттин узактыгы комиссиялардын иш регламенти менен аныкталат
сапаты жана толуктугу жагынан экспертизадан өткөрүлгөн документ
- КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- ЭК, БЭК, ЭПК, БЭТК жөнүндө жоболор
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Жактырылган (макулдашылган) ченемдик документ (тармактык тизмек, иштердин номенклатурасы).
3-жол-жобонун узактыгы: Иштин көлөмүнө көз каранды.
3-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу, жарым-жартылай өзгөчөлүү.
4-жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү
4.1-иш-аракет.
Жактырылган (макулдашылган) документти бекитүү
ЭК, БЭК, ЭТУК, БЭТК
5 мүн. ашык эмес (алыскы мекемеге чейинки жол убактысын эсепке албаганда)
бекитүү жол-жобосунан өткөрүлгөн документ
- КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- Мамлекеттик жана ведомстволук архивдердин негизги жумуш эрежелери ж.б.
4.2-иш-аракет.
Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү
административдик иш-аракетке жооптуу кызматкер
5 мүн. ашык эмес
бекитилген документ
4-жол-жобонун жыйынтыгы: Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү (бекитилген тармактык тизмекти, иштердин номенклатурасын).
4-жол-жобонун узактыгы: 10 мүн. ашык эмес.
4-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу.
5. Жол-жоболорду аткаруу алгоритмдери
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууну кабыл алуу жана каттоо
2-жол-жобо. Тармактык документтерди (тизмекти), иштердин жеке номенклатурасын даярдоого келишим түзүү
3-жол-жобо. Мекемелер (уюмдар) үчүн тармактык документтердин (тизмектин) долбоорун, иштердин жеке номенклатураларынын долбоорун эксперттик комиссиялардын кароосу
4-жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү
6.Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) контроль мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
2) Ички (күндөлүк) контроль кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жарым жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы түзгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалым кат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалым катка кол коюлган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалым кат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жан административдик чаралар көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү аутсорсинг иретинде башка жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга берилсе, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүнүн стандарты кайра каралган убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Чекирова Анара Медетбековна - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марты № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2020 · № 120
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 5-августундагы № 3-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү…Приказ · 05.08.2022 · № 3-д
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 01.07.2021 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык…Постановление · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.