Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 29-июну № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283, 2019-жылдын 30-октябрындагы № 584, 2020-жылдын 24-августундагы № 442, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 211, 2022-жылдын 31-майындагы № 284, 2026-жылдын 10-апрели № 242 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссия тууралуу жобо, 3-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмү 4-тиркемеге ылайык;
2) 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо үчүн кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү 1 500 (бир миң беш жүз) сом суммасында;
3) 2018-жылдын 1-июлуна чейин 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга үй-бүлөнүн муктаждыгын аныктоодо:
- пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон өлчөмдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын пенсиясынан тышкары, негизги иштеген жери, кызматы (аскер кызматчылары) жана окуусу боюнча жарандардын кирешелерине кирген пенсиялар эске алынат;
- камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) кирешелери эсепке алынбайт;
- камкорчулар (көзөмөлчүлөр) жана алардын жубайлары үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынбоочу адамдардын катарына киришет;
- камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) жана камкордукка жана көзөмөлгө алынган балдардын кирешелери өзүнчө аныкталат;
- үй-бүлөнүн малы болсо, үй-бүлөнүн жөлөкпулга муктаждыгы үй-бүлөнүн сандык курамына жана мал жандыктарынын башына жараша аныкталат. Мында үй-бүлөнүн жан башына жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө үй-бүлөнүн кепилденген минималдуу кирешесинин өлчөмүнөн жогору болот жана жөлөкпул төмөнкү учурларда дайындалбайт:
эгерде үй-бүлө 1-9 мүчөдөн турса, үй-чарбасында 3 жана андан ашык саан ую же 2 жана андан ашык бодо малы (кунаажын, бука, музоо жана 1 жаштан өткөн өгүздөр), же 2 жана андан ашык жылкысы, же 25 же андан ашык майда мал жандыктары (кой жана эчкилери) болсо; эгерде үй-бүлө 10 жана андан ашык мүчөдөн турса, үй чарбасында 4 жана андан ашык саан ую же 3 жана андан ашык бодо малы (кунаажын, бука, музоо жана 1 жаштан өткөн өгүздөр), 3 жана андан ашык жылкысы, же 35 же андан ашык майда мал жандыктары (кой жана эчкилери) болсо;
4) 2018-жылдын 1-апрелине чейин чектелген жана төлөнүп жаткан мамлекеттик жөлөкпулдар төмөнкү адамдарга сакталат:
- башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, бюджеттик же контракттык негизде күндүзгү бөлүмдө окуган орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерине, эгерде контракттын суммасы он сегиз жашка чыкканга чейин кайрымдуулук ишинин алкагында жарандар жана юридикалык жактар тарабынан каржыланса;
- ар бири үч жашка чыкканга чейинки курактагы эгиздерге кепилденген минималдуу кирешенин 100% өлчөмүндө;
- он алты жашка чыкканга чейин үч эм жана андан ашык эгиздерге ар бирине кепилденген минималдуу кирешенин 150% өлчөмүндө;
- мамлекеттик камсыздоодо турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга/балдарга - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым катынын жарактуулугу аяктаганга чейин;
- мамлекеттик камсыздоодо турган багуучусунан ажыраган балдарга - алар он алты жашка чыкканга чейин; жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларына - алар окуусун аяктаганга чейин; башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, күндүзгү окуу формасындагы орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерине - алар окуусун аяктаганга чейин, бирок жыйырма үч жашка чыккандан ашык эмес;
- мамлекеттик камсыздоодо турган АИВ/ЖИКС менен жашаган энелерден төрөлгөн балдарга - алар он сегиз айга чыкканга чейин;
- мамлекеттик камсыздоодогу алтымыш беш жаш курагына жеткен жана андан өткөн эркектерге, алтымышка чыккан жана андан өткөн аялдарга, алар мамлекеттик камсыздоодо болгон мезгилге;
- мамлекеттик камсыздоодогу элүү беш жашка чыккан Баатыр энелерге, алар мамлекеттик камсыздоодо болгон мезгилге;
5) колдонулуудагы иштер боюнча 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпулдун өлчөмүн кайра эсептөө жүргүзүлбөйт;
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрели № 242 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) 2018-жылдын 1-апрелине чейин төрөлгөн балдарга ар бир бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө үчүн 2018-жылдын апрелинде жана кийинчерээк кайрылган учурда бул төлөмдүн түрү райондук коэффициентти эске албастан эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 584, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрели № 242 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
аталышындагы "пособиелерди" деген сөз "жөлөкпулдарды" деген сөзгө алмаштырылсын; преамбуласындагы "пособиелер" деген сөз "жөлөкпулдар" деген сөзгө алмаштырылсын; 1-пунктундагы "пособиелерди" деген сөз "жөлөкпулдарды" деген сөзгө алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо:
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
аталышындагы "пособиелерди" деген сөз "жөлөкпулдарды" деген сөзгө алмаштырылсын; бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "пособие" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "жөлөкпул" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөгө документтерди тариздөө Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун (мындан ары - СЖКМТ) маалыматтар базасында аймактык бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылат, мында төлөө:
- "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул (мындан ары - бир жолку төлөө - "балага сүйүнчү") төлөө бир жылдык мөөнөткө ар бир алуучуга таризделген тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт;
- "социалдык жөлөкпул" - пенсия менен камсыз болууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпулду (мындан ары - "социалдык жөлөкпул") төлөө эки жылдык же андан аз мөөнөткө ар бир алуучуга таризделген тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт;
- акчалай компенсациялар ар бир алуучуга бир жылдык мөөнөткө таризделген тапшырма боюнча төлөнөт;
- 16 жашка чейинки балдары бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын жөлөкпул - "үй-бүлөгө көмөк" (мындан ары - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу) ар бир алуучуга эки жылга чейинки мөөнөткө таризделген тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт.";
5.1.1-5.1.4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.1. Чектөө боюнча бөлүмдүн адистери мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тууралуу СЖКМТда таризделген протоколдордун негизинде ар бир айдын 10уна чейин мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча чектелген иштер жөнүндө электрондук кабарлоолорду СЖКМТ аркылуу тариздейт. Кабарлоого төмөнкү маалыматтар киргизилет: алуучунун аты-жөнү, почта бөлүмүнүн номери же реквизиттерди көрсөтүү менен банктын аталышы, биринчи жана экинчи бөлүмдөр боюнча чектелген сумманы көрсөтүү менен чектелген мамлекеттик жөлөкпулдун суммасы, мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө протоколдун номери. Мында мамлекеттик жөлөкпулдун ар бир түрүнө өзүнчө кабарлоо таризделет.
5.1.2. Чектөө боюнча бөлүмдүн адистери акчалай компенсацияларды алуучулардын өздүк иштеринин негизинде ар бир айдын 10уна чейин жаңы чектелген алуучуларга акчалай компенсацияларды төлөөгө алуучулардын электрондук тизмесин, ошондой эле каза болгон жана алуу укугу бүткөн алуучулардын тизмесин СЖКМТда түзөт.
5.1.3. Мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулар берген документтер жөнүндө электрондук кабарлоолор электрондук протоколдор менен бирге жана акчалай компенсацияларды төлөөгө электрондук тизмелер СЖКМТта түзүлөт жана төлөмдөр бөлүмүнүн адисине СЖКМТда жеткиликтүү болот.
5.1.4. Төлөөлөр бөлүмү СЖКМТда алынган электрондук кабарламанын, мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө протоколдун жана акчалай компенсацияларды төлөөгө алуучулардын электрондук тизмелеринин негизинде СЖКМТ аркылуу электрондук өздүк эсептерин түзөт жана зарыл болгон учурда кагаз жүзүндө СЖКМТдан толтурулган өздүк эсептер басып чыгарылат.";
- 5.1.4.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5.1.4.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.4.3. Мамлекеттик жөлөкпул алуунун мөөнөтү узартылганда жана мамлекеттик жөлөкпулдун суммасы өзгөргөндө СЖКМТдагы өздүк эсептерге өзгөртүүлөр түзүлөт, бул учурда өздүк эсепке төмөнкү маалыматтар киргизилет: кириш документинин номери, протоколдун номери, мамлекеттик жөлөкпулдун чектелген мөөнөтү жана суммасы.";
- 5.1.4.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.4.5. Мамлекеттик жөлөкпулду жана акчалай компенсацияны төлөө алуучу каза болгондо же туруктуу жашаган жеринен кеткенде токтотулат. Мамлекеттик жөлөкпулду жана акчалай компенсацияны төлөөнү токтотуу мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жөнүндө протоколдун жана акчалай компенсация төлөөгө тизменин негизинде СЖКМТда таризделет. Төлөөнү токтотуунун себеби жөнүндө белгилер СЖКМТда алуучулардын өздүк эсептерине киргизилет, андан кийин мамлекеттик жөлөкпулду жана акчалай компенсацияны төлөөнү токтотуу жөнүндө тапшырмага кабарлоо толтурулуп, ал байланыш ишканасына жиберилет.";
- 5.1.5-пунктунда:
"үчүн тапшырмаларды" деген сөздөрдөн кийин "СЖКМТ аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын; "18" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 5.1.5.3 жана 5.1.5.4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.5.3.Тапшырмаларды даярдагандан кийин төлөөлөр бөлүмү мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жөнүндө протоколду мамлекеттик жөлөкпул чектөө бөлүмүнө өткөрүп берет.
5.1.5.4. Алуучулардын мамлекеттик жөлөкпулдарын жана акчалай компенсацияларын кайра эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жөнүндө протоколдун жана акчалай компенсация төлөөгө тизменин негизинде төлөөлөр бөлүмүнүн адиси тарабынан СЖКМТда алуучулардын өздүк эсептерине тиешелүү өзгөртүүлөр таризделет, андан кийин байланыш ишканасынын кызматкерлеринин катышуусунда тапшырмаларга өзгөртүүлөр киргизилет.";
- 5.1.7-пунктундагы "АББП алынбай калган учурдан баштап алты айдан кеч эмес мезгилде кайрылуу болсо, ал өткөн мезгил үчүн, ал эми АБСП жана" деген сөздөр "Дайындалган жана алуучулар өз убагында талап кылбаган мамлекеттик жөлөкпулдар аны төлөө токтотулган мезгилден тышкары, бүткүл өткөн мезгилге төлөнөт," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.4. Социалдык стационардык мекемеде акчалай компенсацияларды төлөө үчүн документтерди тариздөө жана эсепке алуу ушул Жобонун 5.1.1-5.5.6-пункттарына ылайык жүргүзүлөт.";
- 8-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөлөр боюнча отчеттуулук
8.1. Аймактык бөлүмдөр социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формада керектелген сумманы чектөө жана мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоо жөнүндө отчетторду берет.
8.2. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аймактык бөлүмдөрү боюнча топтомо отчетторду СЖКМТда түзөт жана мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга отчет берет.".
4. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 825 "Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 "Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 134 "Кыргыз Республикасында балдарды социалдык коргоонун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 428 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-октябрындагы № 723 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-апрелиндеги № 200 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-октябрындагы № 587 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 2-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтомунун 4, 6-пункттары жана 1, 2-тиркемелери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 408 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте:
- пенсия менен камсыз болууга укугу жок адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын суммасын 2018-жылдын 1-июлунан тартып кайра эсептесин:
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга - 18 жашка чейин; АИВ/ЖИКС менен жашаган энелерден төрөлгөн балдарга - алар 18 ай курагына чыкканга чейин; бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ушул токтомдун 4-тиркемесинде белгиленген ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмдөрүн эске алуу менен;
- 2019-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти менен мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн электрондук түрдө маалымат алмашууну караган өз ара аракеттенүү жөнүндө эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашуу түзсүн;
- өз чечимдерди ушул токтомго ылайык келтирсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет, буга төмөнкүлөр кирбейт:
- 5-пунктунун 2-пунктчасы;
- 13 жана 14-пункттары;
- 17-пунктунун 12-пунктчасы;
- 18-пункту, ушул токтом менен бекитилген 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобонун үй-бүлөнүн курамында камкордукка алынган балдарды эсепке алуу бөлүгүндө, алар 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
М.Абылгазиев
4-тиркеме Мамлекеттик жөлөкпулдардын ӨЛЧӨМДӨРҮ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 284 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Мамлекеттик жөлөкпулдун түрү
Мамлекеттик жөлөкпулдун өлчөмү, сом менен
1
16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул - "үй-бүлөгө көмөк"
1200
(бир миң эки жүз)
2
Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул - "социалдык жөлөкпул" (мындан ары - социалдык жөлөкпул):
1) ВИЧ же СПИДге чалдыккан энеден төрөлгөн балдар;
8000
(сегиз миң)
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар;
8000
(сегиз миң)
3) ата-энесинин биринен айрылган балдар;
3000
(үч миң)
4) ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдар;
6000
(алты миң)
5) I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар;
8000
(сегиз миң)
6) II топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар;
6600
(алты миң алты жүз)
7) III топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар;
5400
(беш миң төрт жүз)
8) I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар;
5500
(беш миң беш жүз)
9) II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар;
3000
(үч миң)
10) III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар;
2000
(эки миң)
11) баатыр энелер;
3000
(үч миң)
12) улгайган жарандар
2000
(эки миң)
3
Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул
6000
(алты миң)
5-тиркеме Жер үлүштөрүн жана короо жанындагы участокторду пайдалануудан алынган кирешелердин ченемдери
№
Облустардын, райондордун, шаарлардын жана айылдык аймактардын аталыштары
Жер үлүштөрүнүн ченемдери
Короо жанындагы участоктордун ченемдери (1 сотуктан айына сом менен)
сугат (1 сотуктан айына сом менен)
кайрак (1 сотуктан айына сом менен)
1. Баткен облусу
1
Баткен шаары
21
13
43
2
Кызыл-Кыя шаары
32
17
63
3
Сүлүктү шаары
31
12
62
1.1. Баткен району
4
Ак-Сай айылдык аймагы
26
11
54
5
Ак-Татыр айылдык аймагы
26
11
54
6
Дарыя айылдык аймагы
27
11
55
7
Кара-Бак айылдык аймагы
23
11
48
8
Кара-Булак айылдык аймагы
26
11
53
9
Кыштут айылдык аймагы
23
11
47
10
Самаркандек айылдык аймагы
26
11
54
11
Суу-Башы айылдык аймагы
25
11
52
12
Төрт-Күл айылдык аймагы
26
11
53
1.2. Кадамжай району
13
Айдаркен шаары
28
17
57
14
Кадамжай шаары
23
17
47
15
Абсамат Масалиев айылдык аймагы
32
14
63
16
Ак-Турпак айылдык аймагы
18
0
37
17
Алга айылдык аймагы
30
17
61
18
Бирлик айылдык аймагы
28
17
57
19
Көтөрмө айылдык аймагы
23
17
47
20
Кыргыз-Кыштак айылдык аймагы
22
0
45
21
Майдан айылдык аймагы
30
17
61
22
Маркез айылдык аймагы
30
14
59
23
Орозбеков айылдык аймагы
24
16
49
24
Совет айылдык аймагы
22
0
45
25
Үч-Коргон айылдык аймагы
32
14
63
26
Халмион айылдык аймагы
28
16
57
27
Чаувай айылдык аймагы
32
14
63
1.3. Лейлек району
28
Исфана шаары
30
14
61
29
Ак-Суу айылдык аймагы
27
15
55
30
Бешкент айылдык аймагы
21
11
43
31
Жаңы-Жер айылдык аймагы
28
13
57
32
Катран айылдык аймагы
26
13
53
33
Кулунду айылдык аймагы
31
12
62
34
Лейлек айылдык аймагы
25
12
51
35
Маргун айылдык аймагы
21
11
43
36
Сүмбүл айылдык аймагы
26
13
54
37
Тогуз-Булак айылдык аймагы
28
12
56
2. Жалал-Абад облусу
38
Жалал-Абад шаары
34
17
78
39
Кара-Көл шаары
25
22
60
40
Майлуу-Суу шаары
32
15
76
41
Таш-Көмүр шаары
26
14
62
2.1. Аксы району
42
Кербен шаары
28
16
69
43
Авлетим айылдык аймагы
25
16
63
44
Ак-Жол айылдык аймагы
32
15
78
45
Ак-Суу айылдык аймагы
26
14
62
46
Жаңы-Жол айылдык аймагы
28
14
66
47
Жерге-Тал айылдык аймагы
27
16
65
48
Кара-Жыгач айылдык аймагы
24
12
56
49
Кара-Суу айылдык аймагы
0
16
48
50
Кашка-Суу айылдык аймагы
27
13
64
51
Кызыл-Туу айылдык аймагы
29
14
71
52
Мавлянов айылдык аймагы
29
14
71
53
Назаралиев айылдык аймагы
33
14
80
2.2. Ала-Бука району
54
Ала-Бука айылдык аймагы
32
16
78
55
Ак-Коргон айылдык аймагы
32
16
78
56
Ак-Там айылдык аймагы
31
14
76
57
Көк-Серек айылдык аймагы
24
13
56
58
Көк-Таш айылдык аймагы
27
15
65
59
Өрүктү айылдык аймагы
28
15
68
60
Биринчи май айылдык аймагы
29
15
71
61
Төрөгелди Балтагулов айылдык аймагы
29
15
71
2.3. Базар-Коргон району
62
Акман айылдык аймагы
31
12
76
63
Арстанбап айылдык аймагы
32
14
78
64
Базар-Коргон айылдык аймагы
34
16
81
65
Бешик-Жон айылдык аймагы
33
16
78
66
Кеңеш айылдык аймагы
32
16
79
67
Кызыл-Үңкүр айылдык аймагы
32
14
63
68
Могол айылдык аймагы
32
14
79
69
Сейдикум айылдык аймагы
32
15
78
70
Талды-Булак айылдык аймагы
33
14
77
2.4. Ноокен району
71
Кочкор-Ата шаары
32
15
77
72
Арал айылдык аймагы
34
0
78
73
Бүргөндү айылдык аймагы
32
16
77
74
Достук айылдык аймагы
28
14
69
75
Масы айылдык аймагы
34
16
79
76
Момбеков айылдык аймагы
32
15
76
77
Ноокен айылдык аймагы
34
14
79
78
Сакалды айылдык аймагы
32
0
77
79
Шайдан айылдык аймагы
32
0
77
2.5. Сузак району
80
Көк-Жаңгак шаары
30
22
73
81
Багыш айылдык аймагы
33
18
81
82
Барпы айылдык аймагы
33
16
81
83
Кара-Алма айылдык аймагы
30
22
73
84
Кара-Дарыя айылдык аймагы
31
13
76
85
Көк-Арт айылдык аймагы
32
18
77
86
Курманбек айылдык аймагы
30
22
73
87
Кыз-Көл айылдык аймагы
28
17
66
88
Кызыл-Туу айылдык аймагы
33
17
80
89
Ленин айылдык аймагы
30
16
73
90
Сайпидин Атабеков айылдык аймагы
33
15
80
91
Сузак айылдык аймагы
33
16
80
92
Таш-Булак айылдык аймагы
34
17
81
93
Ырыс айылдык аймагы
33
16
80
2.6. Тогуз-Торо району
94
Атай айылдык аймагы
30
20
73
95
Кара-Суу айылдык аймагы
32
20
77
96
Каргалык айылдык аймагы
30
20
73
97
Көк-Ирим айылдык аймагы
30
20
63
98
Сары-Булуң айылдык аймагы
30
20
63
99
Тогуз-Торо айылдык аймагы
29
20
70
2.7. Токтогул району
100
Токтогул шаары
32
20
72
101
Абды Сүйөркулов айылдык аймагы
31
23
76
102
Аралбаев айылдык аймагы
30
20
68
103
Бел-Алды айылдык аймагы
24
14
57
104
Жаңы-Жол айылдык аймагы
32
20
79
105
Кетмен-Төбө айылдык аймагы
33
17
81
106
Кызыл-Өзгөрүш айылдык аймагы
27
19
64
107
Ничке-Сай айылдык аймагы
27
19
64
108
Сары-Камыш айылдык аймагы
0
13
49
109
Үч-Терек айылдык аймагы
25
21
60
110
Чолпон-Ата айылдык аймагы
31
22
76
2.8. Чаткал району
111
Каныш-Кыя айылдык аймагы
22
15
48
112
Сумсар айылдык аймагы
23
18
52
113
Терек-Сай айылдык аймагы
23
15
49
114
Чаткал айылдык аймагы
22
14
48
3. Ысык-Көл облусу
115
Балыкчы шаары
17
8
56
116
Каракол шаары
25
16
88
3.1. Ак-Суу району
117
Ак-Булуң айылдык аймагы
27
17
97
118
Ак-Чий айылдык аймагы
23
15
85
119
Бөрү-Баш айылдык аймагы
24
13
85
120
Жыргалаң айылдык аймагы
24
15
89
121
Кара-Жал айылдык аймагы
23
14
82
122
Каракол айылдык аймагы
24
15
89
123
Кереге-Таш айылдык аймагы
22
15
80
124
Нововознесеновка айылдык аймагы
24
15
86
125
Октябрь айылдык аймагы
25
14
87
126
Отрадное айылдык аймагы
25
15
90
127
Тепке айылдык аймагы
24
15
89
128
Теплоключенко айылдык аймагы
20
15
72
129
Челпек айылдык аймагы
23
16
84
130
Эңилчек айылдык аймагы
23
14
84
3.2. Жети-Өгүз району
131
Ак-Дөбө айылдык аймагы
21
8
73
132
Ак-Шыйрак айылдык аймагы
0
0
72
133
Алдашев айылдык аймагы
18
0
64
134
Барскоон айылдык аймагы
19
12
68
135
Даркан айылдык аймагы
20
0
72
136
Жаргылчак айылдык аймагы
19
13
67
137
Жети-Өгүз айылдык аймагы
21
13
73
138
Кызыл-Суу айылдык аймагы
21
13
74
139
Липенка айылдык аймагы
19
11
68
140
Оргочор айылдык аймагы
21
13
73
141
Светлая поляна айылдык аймагы
20
11
72
142
Тамга айылдык аймагы
19
0
68
143
Ырдык айылдык аймагы
22
11
76
3.3. Ысык-Көл району
144
Чолпон-Ата шаары
20
0
69
145
Абдрахманов айылдык аймагы
21
0
73
146
Садыр-Аке айылдык аймагы
20
0
72
147
Ананьево айылдык аймагы
24
12
84
148
Бостери айылдык аймагы
20
12
69
149
Кара-Ой айылдык аймагы
18
12
63
150
Кум-Бел айылдык аймагы
20
12
69
151
Өрүктү айылдык аймагы
22
0
78
152
Семеновка айылдык аймагы
20
12
72
153
Тамчы айылдык аймагы
14
12
46
154
Темир айылдык аймагы
21
12
76
155
Тору-Айгыр айылдык аймагы
12
0
39
156
Чоң-Сары-Ой айылдык аймагы
18
12
63
3.4. Тоң району
157
Ак-Терек айылдык аймагы
18
9
64
158
Болот Мамбетов айылдык аймагы
18
9
61
159
Кажы-Сай айылдык аймагы
17
8
57
160
Көк-Мойнок айылдык аймагы
17
8
56
161
Көл-Төр айылдык аймагы
17
9
60
162
Күн-Чыгыш айылдык аймагы
19
9
68
163
Төрт-Күл айылдык аймагы
18
9
61
164
Тоң айылдык аймагы
17
8
57
165
Улакол айылдык аймагы
12
5
39
3.5. Түп району
166
Ак-Булак айылдык аймагы
23
15
64
167
Ак-Булуң айылдык аймагы
21
14
74
168
Арал айылдык аймагы
24
13
87
169
Ысык-Көл айылдык аймагы
23
13
83
170
Карасаев айылдык аймагы
25
10
88
171
Кутургу айылдык аймагы
23
15
83
172
Михайловка айылдык аймагы
22
10
77
173
Сан-Таш айылдык аймагы
26
15
92
174
Сары-Булак айылдык аймагы
22
12
78
175
Талды-Суу айылдык аймагы
24
9
87
176
Тогуз-Булак айылдык аймагы
19
14
65
177
Түп айылдык аймагы
23
14
83
178
Чоң-Таш айылдык аймагы
25
14
89
4. Нарын облусу
179
Нарын шаары
15
11
52
4.1. Ак-Талаа району
180
Ак-Тал айылдык аймагы
11
0
43
181
Ак-Чий айылдык аймагы
9
0
36
182
Баетов айылдык аймагы
10
0
38
183
Жаңы-Талап айылдык аймагы
11
7
43
184
Жерге-Тал айылдык аймагы
11
0
40
185
Кара-Бүргөн айылдык аймагы
10
6
38
186
Көк-Жар айылдык аймагы
9
0
36
187
Коңорчок айылдык аймагы
11
7
40
188
Кош-Дөбө айылдык аймагы
9
5
36
189
Кызыл-Белес айылдык аймагы
9
5
36
190
Терек айылдык аймагы
10
6
38
191
Тоголок Молдо айылдык аймагы
9
5
36
192
Үгүт айылдык аймагы
9
5
36
4.2. Ат-Башы району
193
Ат-Башы айылдык аймагы
13
9
42
194
Ак-Жар айылдык аймагы
16
11
53
195
Ак-Моюн айылдык аймагы
15
8
48
196
Ак-Муз айылдык аймагы
14
11
48
197
Ак-Талаа айылдык аймагы
15
8
49
198
Ача-Кайыңды айылдык аймагы
15
0
53
199
Баш-Кайыңды айылдык аймагы
14
11
50
200
Казыбек айылдык аймагы
14
0
49
201
Кара-Коюн айылдык аймагы
13
6
49
202
Кара-Суу айылдык аймагы
12
4
46
203
Талды-Суу айылдык аймагы
16
13
57
4.3. Жумгал району
204
Байзак айылдык аймагы
13
10
37
205
Баш-Кууганды айылдык аймагы
13
8
38
206
Жаңы-Арык айылдык аймагы
13
11
39
207
Жумгал айылдык аймагы
14
9
40
208
Кабак айылдык аймагы
13
0
37
209
Көк-Ой айылдык аймагы
14
7
38
210
Куйручук айылдык аймагы
14
10
39
211
Кызыл-Жылдыз айылдык аймагы
13
7
38
212
Миң-Куш айылдык аймагы
13
8
33
213
Сүйүмбаев айылдык аймагы
13
10
37
214
Түгөл-Сай айылдык аймагы
13
0
37
215
Чаек айылдык аймагы
13
7
40
216
Чоң-Дөбө айылдык аймагы
13
10
39
4.4. Кочкор району
217
Ак-Кыя айылдык аймагы
12
6
43
218
Кара-Суу айылдык аймагы
12
5
43
219
Көк-Жар айылдык аймагы
11
0
43
220
Кочкор айылдык аймагы
14
8
48
221
Кош-Дөбө айылдык аймагы
11
5
43
222
Кум-Дөбө айылдык аймагы
11
6
43
223
Сары-Булак айылдык аймагы
11
0
38
224
Семиз-Бел айылдык аймагы
12
6
44
225
Соң-Көл айылдык аймагы
11
0
38
226
Талаа-Булак айылдык аймагы
12
8
44
227
Чолпон айылдык аймагы
14
8
44
4.5. Нарын району
228
Ак-Кудук айылдык аймагы
15
8
50
229
Дөбөлү айылдык аймагы
15
10
52
230
Жан-Булак айылдык аймагы
14
10
49
231
Жерге-Тал айылдык аймагы
14
10
49
232
Достук айылдык аймагы
14
0
49
233
Казан-Куйган айылдык аймагы
13
11
47
234
Кара-Кужур айылдык аймагы
13
11
47
235
Миң-Булак айылдык аймагы
11
10
42
236
Он-Арча айылдык аймагы
16
9
52
237
Орток айылдык аймагы
15
11
51
238
Сары-Ой айылдык аймагы
15
11
50
239
Учкун айылдык аймагы
14
9
48
240
Чет-Нура айылдык аймагы
15
11
52
241
Эмгек-Талаа айылдык аймагы
16
12
53
242
Эмгекчил айылдык аймагы
13
10
47
5. Ош облусу
5.1. Алай району
243
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык аймагы
14
10
41
244
Будалык айылдык аймагы
0
12
33
245
Бүлөлү айылдык аймагы
0
9
33
246
Гүлчө айылдык аймагы
0
14
33
247
Жошолу айылдык аймагы
21
11
58
248
Жаңы-Алай айылдык аймагы
26
12
61
249
Кабылан-Көл айылдык аймагы
22
13
58
250
Коңур-Дөбө айылдык аймагы
22
12
58
251
Корул айылдык аймагы
0
7
33
252
Ленин айылдык аймагы
0
6
33
253
Сары-Могол айылдык аймагы
12
0
34
254
Сары-Таш айылдык аймагы
13
10
38
255
Талды-Суу айылдык аймагы
12
0
34
256
Үч-Дөбө айылдык аймагы
16
10
46
5.2. Араван району
257
Алля-Анаров айылдык аймагы
22
9
63
258
Керме-Тоо айылдык аймагы
20
8
59
259
Мангыт айылдык аймагы
21
9
61
260
Нур-Абад айылдык аймагы
24
9
69
261
С.Юсупов айылдык аймагы
25
9
71
262
Төө-Моюн айылдык аймагы
16
8
47
263
Тепе-Коргон айылдык аймагы
24
9
69
264
Чек-Абад айылдык аймагы
25
9
72
5.3. Кара-Кулжа району
265
Алайкуу айылдык аймагы
13
10
39
266
Капчыгай айылдык аймагы
17
12
48
267
Карагуз айылдык аймагы
18
14
51
268
Кара-Кочкор айылдык аймагы
17
16
48
269
Кара-Кулжа айылдык аймагы
17
11
49
270
Кашка-Жол айылдык аймагы
17
16
48
271
Кеңеш айылдык аймагы
17
16
48
272
Кызыл-Жар айылдык аймагы
13
10
39
273
Ой-Тал айылдык аймагы
13
10
39
274
Сары-Булак айылдык аймагы
0
18
35
275
Чалма айылдык аймагы
17
12
48
276
Ылай-Талаа айылдык аймагы
15
15
44
5.4. Кара-Суу району
277
Кара-Суу шаары
25
9
71
278
Ак-Таш айылдык аймагы
25
9
71
279
Жаңы-Арык айылдык аймагы
25
9
72
280
Жоош айылдык аймагы
24
11
70
281
Катта-Талдык айылдык аймагы
25
11
72
282
Кашгар-Кыштак айылдык аймагы
24
11
70
283
Кызыл-Кыштак айылдык аймагы
25
10
73
284
Кызыл-Суу айылдык аймагы
25
8
71
285
Мады айылдык аймагы
25
10
71
286
Нариман айылдык аймагы
24
8
70
287
Отуз-Адыр айылдык аймагы
24
9
69
288
Папан айылдык аймагы
22
10
63
289
Савай айылдык аймагы
24
8
70
290
Сарай айылдык аймагы
26
9
74
291
Сары-Колот айылдык аймагы
24
9
69
292
Төлөйкөн айылдык аймагы
23
9
68
293
Шарк айылдык аймагы
24
12
70
5.5. Ноокат району
294
Ноокат шаары
17
10
49
295
Токтомат Зулпуев атындагы айылдык аймагы
19
10
56
296
Бел айылдык аймагы
23
10
66
297
Гүлстан айылдык аймагы
21
10
61
298
Жаңы-Ноокат айылдык аймагы
23
10
68
299
Исанов айылдык аймагы
23
14
67
300
Кара-Таш айылдык аймагы
18
10
51
301
Кеңеш айылдык аймагы
23
10
66
302
Көк-Бел айылдык аймагы
23
14
67
303
Кулатов айылдык аймагы
24
10
69
304
Кызыл-Октябрь айылдык аймагы
24
12
70
305
Кыргыз-Ата айылдык аймагы
21
10
60
306
Мирмахмудов айылдык аймагы
17
10
49
307
Найман айылдык аймагы
22
10
53
308
Он-Эки-Бел айылдык аймагы
23
10
68
309
Төөлөс айылдык аймагы
26
10
76
310
Ынтымак айылдык аймагы
24
10
69
5.6. Өзгөн району
311
Өзгөн шаары
28
0
64
312
Ак-Жар айылдык аймагы
26
14
74
313
Алтын-Булак айылдык аймагы
26
10
76
314
Баш-Дөбө айылдык аймагы
28
10
78
315
Дөң-Булак айылдык аймагы
26
10
75
316
Жалпак-Таш айылдык аймагы
0
16
54
317
Жыланды айылдык аймагы
27
12
78
318
Жазы айылдык аймагы
21
11
62
319
Заргер айылдык аймагы
20
14
58
320
Ийри-Суу айылдык аймагы
27
13
78
321
Кара-Таш айылдык аймагы
0
15
54
322
Кароол айылдык аймагы
28
12
78
323
Көлдүк айылдык аймагы
26
14
74
324
Куршаб айылдык аймагы
28
12
78
325
Кызыл-Октябрь айылдык аймагы
24
12
70
326
Кызыл-Тоо айылдык аймагы
26
10
76
327
Мырза-Аке айылдык аймагы
26
10
75
328
Саламалик айылдык аймагы
26
10
75
329
Төрт-Көл айылдык аймагы
28
10
79
330
Чаңгет айылдык аймагы
27
13
78
5.7. Чоң-Алай району
331
Жекенди айылдык аймагы
16
0
47
332
Кашка-Суу айылдык аймагы
14
10
40
333
Чоң-Алай айылдык аймагы
16
0
47
6. Талас облусу
334
Талас шаары
27
16
64
6.1. Бакай-Ата району
335
Ак-Дөбө айылдык аймагы
25
11
58
336
Акназаров айылдык аймагы
24
0
57
337
Боо-Терек айылдык аймагы
35
11
79
338
Кең-Арал айылдык аймагы
26
0
60
339
Ленинпол айылдык аймагы
31
0
71
340
Миң-Булак айылдык аймагы
25
0
58
341
Өзгөрүш айылдык аймагы
26
11
61
342
Оро айылдык аймагы
28
0
66
343
Шадыкан айылдык аймагы
25
0
59
6.2. Кара-Буура району
344
Ак-Чий айылдык аймагы
24
13
56
345
Аманбаев айылдык аймагы
26
13
61
346
Бакайыр айылдык аймагы
22
14
53
347
Бакыян айылдык аймагы
27
13
63
348
Бейшеке айылдык аймагы
27
13
63
349
Кара-Буура айылдык аймагы
31
14
70
350
Көк-Сай айылдык аймагы
22
13
52
351
Маймак айылдык аймагы
26
13
60
352
Чолпонбай айылдык аймагы
28
13
66
353
Шекер айылдык аймагы
19
13
46
6.3. Манас району
354
Кайыңды айылдык аймагы
33
17
75
355
Кыргызстан айылдык аймагы
28
0
66
356
Май айылдык аймагы
23
0
55
357
Покровка айылдык аймагы
29
14
67
358
Үч-Коргон айылдык аймагы
26
0
60
6.4. Талас району
359
Айдаралиев айылдык аймагы
24
16
56
360
Бердике-Баатыр айылдык аймагы
31
0
71
361
Арал айылдык аймагы
27
15
64
362
Бекмолдо айылдык аймагы
26
14
61
363
Жерге-Тал айылдык аймагы
21
16
51
364
Долон айылдык аймагы
31
0
71
365
Калба айылдык аймагы
34
16
78
366
Кара-Суу айылдык аймагы
29
16
67
367
Көк-Ой айылдык аймагы
28
19
66
368
Кууганды айылдык аймагы
27
17
63
369
Нуржанов айылдык аймагы
30
0
69
370
Өмүралиев айылдык аймагы
26
14
61
371
Осмонкулов айылдык аймагы
36
25
81
7. Чүй облусу
372
Токмок шаары
17
12
39
7.1. Аламүдүн району
373
Байтик айылдык аймагы
22
12
47
374
Ак-Дөбө айылдык аймагы
22
11
48
375
Ала-Арча айылдык аймагы
12
7
30
376
Аламүдүн айылдык аймагы
22
5
48
377
Арашан айылдык аймагы
19
10
43
378
Васильев айылдык аймагы
19
10
43
379
Гроздь айылдык аймагы
21
11
45
380
Кара-Жыгач айылдык аймагы
18
0
41
381
Көк-Жар айылдык аймагы
18
10
41
382
Лебединовка айылдык аймагы
18
10
41
383
Ленин айылдык аймагы
22
5
48
384
Маевка айылдык аймагы
23
9
50
385
Төмөнкү Ала-Арча айылдык аймагы
23
9
50
386
Октябрь айылдык аймагы
17
10
38
387
Пригородное айылдык аймагы
25
10
53
388
Таш-Дөбө айылдык аймагы
17
11
39
389
Таш-Мойнок айылдык аймагы
21
13
46
7.2. Жайыл району
390
Кара-Балта шаары
19
0
42
391
Ат-Башат айылдык аймагы
19
8
42
392
Жайыл айылдык аймагы
18
8
40
393
Кара-Суу айылдык аймагы
17
7
38
394
Красновосточный айылдык аймагы
18
6
41
395
Кызыл-Дыйкан айылдык аймагы
17
7
38
396
Полтавка айылдык аймагы
17
7
38
397
Сары-Булак айылдык аймагы
19
8
42
398
Сары-Коо айылдык аймагы
17
6
38
399
Сосновка айылдык аймагы
18
7
41
400
Степное айылдык аймагы
15
6
35
401
Суусамыр айылдык аймагы
17
10
39
402
Талды-Булак айылдык аймагы
17
5
38
7.3. Кемин району
403
Кемин шаары
17
12
38
404
Орловка шаары
17
11
40
405
Ак-Туз айылдык аймагы
18
12
41
406
Алмалуу айылдык аймагы
19
11
42
407
Боролдой айылдык аймагы
17
9
40
408
Жаңы-Алыш айылдык аймагы
17
0
40
409
Дүйшеев айылдык аймагы
18
12
41
410
Ильич айылдык аймагы
18
12
41
411
Кара-Булак айылдык аймагы
18
12
40
412
Көк-Ойрок айылдык аймагы
17
12
40
413
Кызыл-Октябрь айылдык аймагы
17
12
38
414
Чоң-Кемин айылдык аймагы
21
11
46
415
Чым-Коргон айылдык аймагы
18
0
41
7.4. Москва району
416
Ак-Суу айылдык аймагы
17
9
40
417
Александровка айылдык аймагы
19
9
43
418
Беловодское айылдык аймагы
22
10
47
419
Беш-Терек айылдык аймагы
14
7
34
420
Биринчи май айылдык аймагы
18
6
41
421
Петровка айылдык аймагы
20
8
44
422
Предтеченск айылдык аймагы
16
7
37
423
Садовое айылдык аймагы
22
9
47
424
Сретенка айылдык аймагы
19
8
42
425
Төлөк айылдык аймагы
18
5
41
426
Целинный айылдык аймагы
14
7
34
427
Чапаев айылдык аймагы
19
8
42
7.5. Панфилов району
428
Кайыңды шаары
19
8
42
429
Курама айылдык аймагы
19
8
42
430
Вознесеновка айылдык аймагы
18
10
41
431
Күрпүлдөк айылдык аймагы
20
10
44
432
Орто айылдык аймагы
16
9
37
433
Фрунзе айылдык аймагы
19
8
42
434
Чалдыбар айылдык аймагы
15
8
36
7.6. Сокулук району
435
Шопоков шаары
20
9
44
436
Кайназарова атындагы айылдык аймагы
21
11
45
437
Крупская атындагы айылдык аймагы
24
8
50
438
Асыл-Баш айылдык аймагы
18
12
40
439
Ат-Башат айылдык аймагы
19
8
43
440
Военно-Антоновка айылдык аймагы
20
9
45
441
Гавриловка айылдык аймагы
20
9
44
442
Жаңы-Жер айылдык аймагы
20
8
44
443
Жаңы-Пахта айылдык аймагы
17
8
39
444
Камышановка айылдык аймагы
15
5
36
445
Күнтуу айылдык аймагы
21
12
46
446
Кызыл-Туу айылдык аймагы
21
8
46
447
Төмөнкү Чүй айылдык аймагы
19
8
42
448
Новопавловка айылдык аймагы
22
7
47
449
Орок айылдык аймагы
19
10
42
450
Биринчи май айылдык аймагы
18
8
41
451
Саз айылдык аймагы
21
8
46
452
Сокулук айылдык аймагы
19
9
43
453
Төш-Булак айылдык аймагы
19
11
42
454
Фрунзе айылдык аймагы
19
8
43
7.7. Чүй району
455
Ак-Бешим айылдык аймагы
17
12
39
456
Бурана айылдык аймагы
17
0
38
457
Ибраимов айылдык аймагы
17
11
38
458
Искра айылдык аймагы
18
0
40
459
Кегети айылдык аймагы
16
13
37
460
Кош-Коргон айылдык аймагы
17
12
38
461
Он Бир-Жылга айылдык аймагы
19
12
42
462
Сайлык айылдык аймагы
21
0
45
463
Чүй айылдык аймагы
16
0
36
464
Шамшы айылдык аймагы
18
11
41
7.8. Ысык-Ата району
465
Кант шаары
23
14
49
466
Ак-Кудук айылдык аймагы
23
11
50
467
Бирдик айылдык аймагы
24
10
50
468
Жээк айылдык аймагы
22
13
47
469
Ивановка айылдык аймагы
17
11
38
470
Интернациональное айылдык аймагы
18
10
41
471
Ысык-Ата айылдык аймагы
14
12
34
472
Кең-Булуң айылдык аймагы
15
11
36
473
Кочкорбаев айылдык аймагы
21
11
46
474
Красная Речка айылдык аймагы
20
10
44
475
Логвиненко айылдык аймагы
21
11
46
476
Люксембург айылдык аймагы
23
14
49
477
Милянфан айылдык аймагы
23
11
49
478
Новопокровка айылдык аймагы
20
11
45
479
Нурманбет айылдык аймагы
14
14
33
480
Сын-Таш айылдык аймагы
15
8
34
481
Туз айылдык аймагы
20
13
45
482
Узун-Кыр айылдык аймагы
21
6
46
483
Юрьевка айылдык аймагы
14
9
34
8. Бишкек шаары
20
9
24
9. Ош шаары
36,3
15
58
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 25 · цитата келтиргендер: 37 · байланышкандар: 14
Цитата келтиргендер (37)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө"жобосуПоложение · 29.12.2009 · № 823
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай…Постановление · 29.09.2014 · № 554
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 30.12.2017 · № 847
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 "Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.04.2011 · № 133
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 823
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 58 "Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик…Приказ · 16.04.2019 · № 58
- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө…Положение · 29.06.2018 · № 307
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.06.2019 · № 283
- Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо…Положение · 29.06.2018 · № 307
- Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтому…Положение · 29.06.2018 · № 307
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-февралындагы № 104-т (2025-2028-жылдарга Балдар укугу жөнүндө конвенцияны аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 24.02.2025 · № 104-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-сентябрындагы № 306-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Социалдык коргоо системасы жана өзгөчө кырдаалдардагы…Распоряжение · 02.09.2020 · № 306-р
- Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын…Порядок · 18.11.2024 · № 693
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.06.2015 · № 347
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.05.2013 · № 261
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы…Постановление · 11.10.2021 · № 211
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 24.08.2020 · № 442
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 31.05.2022 · № 284
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 30-декабрындагы N 830 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев демилгелеген "Кыргыз…Распоряжение · 30.12.2022 · № 830
- "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө" ЖОБОПоложение · 30.12.2017 · Күчүн жоготкон
37 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (25)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.06.2019 · № 283
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 823
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай…Постановление · 29.09.2014 · № 554
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 "Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.04.2011 · № 133
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.06.2015 · № 347
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.05.2013 · № 261
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.10.2019 · № 584
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрели № 242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик…Постановление · 10.04.2026 · № 242
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 822 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун…Постановление · 29.12.2009 · № 824 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №825 "Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө"Постановление · 29.12.2009 · № 825 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын…Постановление · 21.09.2016 · № 498 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 31 октября 2013 года № 587 "О повышении уровня социальной защищенности малообеспеченных семей и усилении адресности ежемесячных пособий…Постановление · 31.10.2013 · № 587 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 408 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын…Постановление · 24.06.2015 · № 408 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 134 " Кыргыз Республикасында балдарды социалдык коргоонун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.04.2011 · № 134 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.06.2014 · № 308 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.10.2015 · № 675 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-апрелиндеги № 200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн…Постановление · 16.04.2013 · № 200 · Күчүн жоготкон
25 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (14)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 91-б (Расмий тилдеги 2012-2019-жылдар мезгилинде Экономикалык, социалдык жана маданий Республикасынын бешинчи улуттук баяндамасын…Распоряжение · 15.04.2021 · № 91-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 33-т (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелөө жөнүндө Кыргыз…Распоряжение · 01.02.2023 · № 33-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2022 · № 385
- “16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85…Административный регламент · 24.07.2023 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-августундагы N 381 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ишеним" парламенттик фракциясы тарабынан…Распоряжение · 08.08.2023 · № 381
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 642 “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу…Постановление · 07.10.2025 · № 642
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433 "Социалдык өнүктүрүү жана гуманитардык жардам чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 24.08.2020 · № 433
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 296 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык…Постановление · 13.06.2023 · № 296
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 29.03.2019 · № 149
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы…Постановление · 03.03.2023 · № 121
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.03.2019 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 01.07.2021 · № 54 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-декабрындагы № 323 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын…Постановление · 21.12.2021 · № 323 · Күчүн жоготкон