Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-апрели № 133 Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 , 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоо механизмин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкалардан пайдалануудан алынган кирешелердин нормативдерин аныктоонун тиркелген методикасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги зарылчылыкка жараша облустардын, райондордун жана айыл округдарынын өңүтүндө кыртыштын бонитетинин баллдарынын чоңдугунун өзгөрүшү боюнча маалыматты социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 токтомуна ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкаларды пайдалануудан калк алган шарттуу кирешелерин баалоо боюнча эсептерди жыл сайын 15-мартка чейин социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына берүү сунуш кылынсын.
4. Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкаларды пайдалануудан калк алган шарттуу кирешелерин баалоо боюнча жаңыланган эсептерди эске алуу менен кирешелердин кайра каралган нормативдерин жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 токтомуна ылайык)
5. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (15)
- Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө ЖОБО ( КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын…Положение · 04.04.2011 · № 133
- “16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85…Административный регламент · 24.07.2023 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу"…Постановление · 29.06.2018 · № 307
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай…Постановление · 29.09.2014 · № 554
- Жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкалардан пайдалануудан алынган кирешелердин нормативдерин аныктоонун МЕТОДИКАСЫ ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги…Методика · 04.04.2011 · № 133
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга…Стандарт · 23.10.2025 · № 291
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби…Положение · 29.12.2009 · № 824 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун…Постановление · 29.12.2009 · № 824 · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга…Стандарт · 25.12.2023 · № 2 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы №554 токтомуПостановление · 29.09.2014 · № 554
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуПостановление · 29.06.2018 · № 307
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 235 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары…Постановление · 17.05.2011 · № 235 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 01.07.2021 · № 54 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай…Постановление · 29.09.2014 · № 554
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу"…Постановление · 29.06.2018 · № 307
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 05.03.1998 · № 15 · Күчүн жоготкон