Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасында балдарды социалдык коргоонун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 29 июня 2018 года № 307 "О реализации Закона Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-06-29.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-апрели № 134 Кыргыз Республикасында балдарды социалдык коргоонун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасында балдардын укуктарын социалдык коргоонун системанын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду дайындоо үчүн кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү, тамак-аш азыктарына компенсацияны эске алуу менен 2011-жылдын 1-июлунан баштап 370 сом суммасында белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 60.1-пунктчанын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтарындагы "2000 (эки миң)" деген цифралар жана сөздөр "3000 (үч миң)" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 60.1-пунктчанын бешинчи абзацындагы "1500 (бир миң беш жүз)" деген цифралар жана сөздөр "3000 (үч миң)" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги:
- мамлекеттик жөлөкпулдардын жаңы өлчөмдөрүн эске алуу менен алардын суммаларын кайра эсептөөнү жүргүзсүн;
- стационардык социалдык мекемелердеги балдарга дайындалуучу ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды бул балдардын банктагы өздүк эсептерине которуу механизмин 2012-жылдын 1-январына чейин иштеп чыксын;
- 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусунда, 7-апрелинде Бишкек шаарында, 13-14-майында Жалал-Абад шаарында жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына дайындалуучу ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн кепилденген минималдуу кирешеден ажыратууну караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик жөлөкпулдарды жогорулатууну эске алуу менен аларды төлөөгө зарыл финансылык каражаттарды республикалык бюджеттен өз учурунда бөлүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги 2011-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте төмөнкүдөй сунуштарды киргизсин:
- ата-энесинин кароосу жок калган балдарды асыроо аркылуу аларды үй-бүлөлүк тарбиялоонун артыкчылыгын камсыз кылуу боюнча;
- эл аралык бала асыроо системасын Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык келтирүү боюнча.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги балдардын майыптуулугунун алдын алуу чараларынын комплекси боюнча сунуштарды 2011-жылдын 1-июнуна чейин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын инклюзивдик билимге укуктарынын кепилдиктерин караган "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды билим берүү процессине интеграциялоону камсыз кылуу максатында эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте этап-этабы менен билим берүү уюмдарын пандустар жана туткалар менен жабдысын.
8. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын имараттарга, анын ичинде түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн имараттарына кириши үчүн шарттарды түзүшсүн.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары зарылчылык болгон учурда балдар реабилитациялоо борборлорун түзүшсүн.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 826 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарын алуучуларга тамак-аш азыктары үчүн ай сайын берилүүчү убактылуу компенсациялар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө, ошондой эле билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, буга 2 жана 10-пункттардын жоболору кирбейт, бул жоболор 2011-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу"…Постановление · 29.06.2018 · № 307
- Ѳзгѳн шаардык кеңешинин2015-жылдын 24-декабрындагы № 22/1 "Ѳзгѳн шаардык социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын шаардагы социалдык жактан аз камсыз болгон γй-бγлѳлѳргѳ ѳз убагында…Постановление · 24.12.2015 · № № 22/1
- "Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө" жобосу (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы № 822 токтому менен бекитилген)Положение · 29.12.2009 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 543 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар…Постановление · 03.08.2012 · № 543 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуПостановление · 29.06.2018 · № 307
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 235 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары…Постановление · 17.05.2011 · № 235 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №826 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарын алуучуларга тамак-аш азыктары үчүн ай сайын берилүүчү…Постановление · 29.12.2009 · № 826
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу"…Постановление · 29.06.2018 · № 307
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 543 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар…Постановление · 03.08.2012 · № 543 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 822 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон