Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 15-июлу № 385 Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө Жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүүгө жана аларды турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга, алардын эмгектик потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарды түзүү процессине ишкерлерди тартууга багытталган, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жободо:
- 39-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) социалдык контракт түзүлгөн күндөн тартып 3 ай аяктаган күндөн кийинки 3 жылдын ичинде социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр (ал жеткис күчтүн жагдайларын кошпогондо).";
2) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
"16) социалдык контракттын негизинде бөлүнүүчү социалдык жардамдын суммалары, ошондой эле тиешелүү контракт түзүлгөн күндөн тартып 3 айдын ичинде социалдык контрактты аткаруудан алынган материалдык же акчалай түрдөгү кирешелер.".
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги социалдык контракттын негизинде социалдык жардамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды тапсын жана "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
- "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпулун төлөө үчүн каралган каражаттарды пайдалансын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык контракттын негизинде социалдык жардамды жүзөгө ашырууга тартылган кызматкерлерин жана кызмат адамдарын окутууну уюштурсун жана өткөрсүн;
- социалдык контракттын негизинде социалдык жардамды ишке ашырсын;
- иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул токтомго ылайык иш жүргүзүү сунушталсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 23 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (23)
- Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтому…Положение · 29.06.2018 · № 307
- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө…Положение · 29.06.2018 · № 307
- Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча Методикалык көрсөтмө (Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын…Методические указания · 24.10.2025 · № 292
- 2030-жылга чейинки мезгилге "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын…Концепция · 02.12.2025 · № 768
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 285-т (2026-жылга чейин "Бир айыл - бир продукт" улуттук экономикалык долбоорун ишке ашыруу планын…Распоряжение · 29.05.2023 · № 285-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" ЖобосуПоложение · 15.07.2022 · № 385
- Жеке ишкердин социалдык келишимди ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жобосу (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана…Временное положение · 28.11.2025 · № 326
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы №140-28 «Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык контракттын негизинде социалдык…Постановление · 15.02.2023 · № 140-28
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 06 "Кара-Балта шаарынын 2024-жылга бюджетинин айрым мүнөздөгүчтөрүн кароо жана бекитүү" токтомуПостановление · 20.03.2024 · № 06
- Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүүпрограммасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы№ 390-т…Программа · 01.07.2024 · № 390-р
- Шопоков шаардык кеңешинин 2024-жылдын “07” бугу айы № 175 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык…Постановление · 07.05.2024 · № 175
- Молдо нияз айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги №14 "Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үч үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү…Постановление · 19.04.2024 · № 14
- Савай айылдык кеңешинин 2024– жылдын 24-январы № 1 "Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча Савай айыл өкмөтүнүн аткарган иши, Савай айыл өкмөтүнүн…Постановление · 24.01.2024 · № 1
- Катта–Талдык айылдык кеңешинин 2023–жылдын 5-октябры № 19/18 "Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бардык тармак боюнча ишке ашырыла турган негизги иш аракеттердин…Постановление · 05.10.2023 · № 19/18
- Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 31-январындагы 31 "Раззаков шаарынын аймагын 2024-жылдын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жана 2025-жылдын…Постановление · 31.01.2025 · № 1
- Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-декабры № 2/5 Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бардык тармак боюнча ишке ашырыла турган негизги иш…Постановление · 13.12.2024 · № 2/5
- Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январы № 3/9 Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025- 2027- жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын…Постановление · 24.01.2025 · № 3/9
- Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-майындагы № 4/25 "Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен, аймактагы социалдык…Постановление · 29.05.2023 · № 4/25
- Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 28-январындагы 31 "Раззаков шаарынын 2025-жылдын Өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалымат угуу" токтомуПостановление · 28.01.2026 · № 1
- Шопоков шаардык кеңешинин 2024-жылдын “30” үчтүн айы № 152 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.01.2024 · № 152
23 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу"…Постановление · 29.06.2018 · № 307
- О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 05.03.1998 · № 15 · Күчүн жоготкон
- Национальная программа развития Кыргызской Республики до 2026 года (к Указу Президента Кыргызской Республики от 12 октября 2021 года № 435)Программа · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон