Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна сунуштамасын жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 1-февралы № 33-т
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын тийиштүү түрдө аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91, 97-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна тиркелген сунуштама жактырылсын.
2. Жогоруда аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыгын коргоого төмөнкүлөргө ыйгарым укук жана ишеним кат берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Алиев Бактияр Дженишбековичке;
- Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Базарбаев Кудайберген Базарбаевичке;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбековичке.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна сунуштама "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бул сунуштама менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылууга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн колдонууда аныксыздык (ачык эместик, бирдей эместик) негиз болгон. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүндө "пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат" деп айтылат. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларда так эместиктер, аларды колдонуу практикасында туура эместиктер же карама-каршылыктар табылган учурда расмий чечмелөө (түшүндүрмө) берилет. Социалдык камсыздоо заманбап мамлекеттин өзгөчө социалдык институту катары социалдык ишенимдин көрсөткүчү, коомдун ар бир мүчөсү үчүн татыктуу жашоонун, социалдык тобокелдиктер келип чыккан учурда жашоого каражат булагын сактоонун социалдык кепилдиги болуп санала тургандыгын белгилейбиз. Баяндалгандарды эске алуу менен социалдык камсыздоону адатта камсыздандыруу негизинде коомдо түзүлгөн атайын фонддордун эсебинен же мыйзамда белгиленген учурларда жана шарттарда мамлекеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен багуучусунан ажыраган кары-картаңдардын, оорулуулардын, майыптардын, балдардын жеке турмуштук керектөөлөрүн (физикалык, социалдык, интеллектуалдык) канааттандыруу максатында материалдык байлыктарды бөлүштүрүү формасы катары аныкталат. Ошондой эле социалдык камсыздоо көрсөтүлгөн учурларда жарандардын жашоосун камсыз кылуунун белгилүү бир формасы болуп саналат, аларды социалдык жактан коргоонун кепилдиги катары кызмат кылат жана аны ишке ашыруу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан ар кандай чаралардын комплексин камтыйт. Адамга ар кандай турмуштук жагдайларга байланыштуу колдоого муктаж болгон учурда коом, мамлекет тарабынан берилүүчү камсыздоо белгилүү бир социалдык ыңгайлыктарды кепилдөөгө, коомдун толук кандуу мүчөсүнүн статусун калыбына келтирүүгө жана сактоого арналган. Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 22-беренесинде ар бир адам коомдун мүчөсү катары социалдык камсыздоого укуктуу деп айтылат. Бул укук өзүнүн мүнөзү боюнча коомдо болгон материалдык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен адамдын сарпталган эмгегинин ордуна киреше булагын ала албаган мындай турмуштук кырдаалдарда анын татыктуу жашоосун камсыз кылууга мүмкүндүк бериши керек. Ошол эле учурда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1966-жылдын 16-декабрындагы 2200 А (XXI) резолюциясы менен кабыл алынган Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 2-беренесине ылайык (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1406-ХII токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы кошулган) ушул Пактыга катышкан ар бир мамлекет жекече тартипте жана эл аралык жардам жана кызматташтык аркылуу, атап айтканда, экономикалык жана техникалык чөйрөлөрдө, бардык тиешелүү ыкмалар менен таанылган укуктарды акырындык менен толук ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн колдо болгон ресурстардын максималдуу чегинде чараларды көрүүгө милдеттенет. Эл аралык эмгек уюмунун № 102 социалдык камсыздоонун минималдуу ченемдери тууралуу конвенциясынын 67-беренесине ылайык (Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 2-мартынан тартып катышуучу) Кыргыз Республикасы акырындап жалпы жана бардыгын ичине камтуучу социалдык коргоо системаларын түзүүнү жана мындай коргоонун адекваттуу деңгээлдерин камсыздоону максат койгон. Алсак "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына ылайык пенсия курагы боюнча; майыптыгы боюнча; баккан адамынан айрылгандыгы боюнча белгиленет. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык:
- курагы боюнча пенсия 58 жашка толгон аялдарга камсыздандыруу иш стажы 20 жыл болгон учурда, 63 жашка толгон эркектерге камсыздандыруу иш стажы 25 жыл болгон учурда дайындалат (9-статья);
- майыптыгы боюнча пенсия майып болуунун себептерине карабастан адам эмгекке жарактуулугун толук жоготкон жана майып деп табылган учурда белгиленет жана эмгекке жарактуулугу калыбына келгенге чейин же өмүрү өткөнчө белгиленет (9-статья);
- эгерде баккан адамдын өлгөн күнгө карата ага майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон стажы болсо, өлгөн адамдын багуусунда болгон эмгекке жараксыз үй-бүлө мүчөлөрү баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия дайындалат (18-статья).
Ошол эле учурда 2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгү 2020-жылдагы орточо эмгек акынын 2019-жылдагы орточо эмгек акыга карата өсүшүн эске алуу менен 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 110 пайызга индексацияланган (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 177 "2021-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө" токтому). 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 3170,0 (үч миң бир жүз жетимиш) сом өлчөмүндө белгиленген (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 504 "2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" токтому). Мындан тышкары 2021-жылдын 1-октябрынан тартып багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан же энесинен, же экөөнөн тең айрылган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан балдарга белгиленүүчү ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш деп белгиленген (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 265 "Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жөнүндө" токтому). "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын 4-бөлүгүнө ылайык пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлөт. Индексациялоодон мурдагы өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын чоңдугунун көлөмүнүн көбөйүшү пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат. Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат. Орточо эмгек акынын чоңдугунун жана индексациянын алдындагы календарлык жылы калыптанган керектөө бааларынын индексинин өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо шарты болуп саналат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун коэффициенти керектөө бааларынын индексинин суммасынын жана мурдагы календардык жылы калыптанган орточо айлык эмгек акынын өсүшүнүн орточо маанисинен кем эмес чоңдугун түзөт. Мында индексациянын өлчөмү өткөн календардык жыл үчүн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнүн кем эмесин түзөт. Пенсияларды индексациялоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чектеринде жыл сайын жүргүзүлөт. 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,15 өлчөмүндө бекитилген (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 505 "2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" токтому). Муну менен бирге пенсиялык системаны реформалоо боюнча жасалган кадамдар объективдүү себептерден улам дароо натыйжа бере албайт, анткени пенсиялык системанын узак мөөнөттүү милдеттенмелери бар. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык мамлекеттик жөлөкпулдар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөрүн белгилейбиз:
1) "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөө;
2) "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул;
3) "социалдык жөлөкпул" - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул;
4) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул.
Мында мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Министрлер Кабинети) тарабынан жыл сайын белгиленет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна ылайык 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпулдун өлчөмү 1200 (бир миң эки жүз) сомду түзөт. Мындан тышкары пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул - "социалдык жөлөкпул" төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бекитилген:
1) ВИЧ же СПИДге чалдыккан энеден төрөлгөн балдарга - 8000 (сегиз миң) сом;
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга - 8000 (сегиз миң) сом;
3) ата-энесинин биринен айрылган балдарга - 3000 (үч миң) сом;
4) ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдарга - 6000 (алты миң) сом;
5) I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 8000 (сегиз миң) сом;
6) II топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 6600 (алты миң алты жүз) сом;
7) III топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 5400 (беш миң төрт жүз) сом;
8) I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 5500 (беш миң беш жүз) сом;
9) II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 3000 (үч миң) сом;
10) III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 2000 (эки миң) сом;
11) баатыр энелерге - 3000 (үч миң) сом;
12) улгайган жарандарга - 2000 (эки миң) сом;
13) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга - 6000 (алты миң) сом.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат. Конституциялык ченемдердин негизинде социалдык төлөмдөрдү берүү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана мамлекеттин реалдуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт. Алсак, 2022-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик төлөмдөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүнүн өлчөмдөрү кайра каралды:
- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул - 810 сомдон 1200 сомго чейин;
- жалпы оорудан I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул - 2500 сомдон 5500 сомго чейин;
- жалпы оорудан II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул - 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
- жалпы оорудан III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул - 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
- ата-энесинин биринен айрылган балдарга ар айлык социалдык жөлөкпул - 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
- баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпул - 2500 сомдон 3000 сомго чейин;
- улгайган жарандарга ар айлык социалдык жөлөкпул - 1500 сомдон 2000 сомго чейин (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-майындагы № 153 "Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы).
Жогоруда баяндалгандардан тышкары "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык жашоо минимуму төмөнкүлөр үчүн арналгандыгын белгилей кетебиз:
- калкты социалдык жактан колдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана социалдык саясаттын багыттарын аныктоо;
- калктын жашоо деңгээлине талдоо жүргүзүү жана божомолдоо;
- минималдык мамлекеттик эмгек кепилдиктерин негиздөө.
Максаттуу арналышына жараша жашоо минимуму төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- калктын жан башына;
- калктын негизги социалдык-демографиялык топтору (жумушка жарамдуу калк, пенсионерлер, курагы боюнча белгилүү топтогу балдар) боюнча.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун өлчөмүн эсептөөнүн методикасы бекитилген. Жашоо минимуму жалпысынан республика жана региондор боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан квартал сайын эсептелет. Ошентип, жашоо минимумунун өлчөмү мыйзам менен белгиленген эмес, ал жогоруда аталган методикага ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан квартал сайын эсептелет. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык жашоо минимуму 2022-жылдын 1-январына карата 7040 сом өлчөмүндө эсептелген. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин корутундусуна ылайык 16 жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул дайындоодо жана төлөөдө балдар үчүн жашоо минимумунун өлчөмүндө (6150 сом) "үй-бүлөгө көмөк" бир үй-бүлөгө жөлөкпулдун алынуучу суммасы айына 19680 сомду түзөт, бул республика боюнча орточо эмгек акынын деңгээлине жетет - 75,2 пайызды түзөт, ошондой эле социалдык чөйрөнүн (билим берүү - 18226 сом, маданият - 17560 сом) кызматкерлеринин орточо эмгек акысынан аша тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык мамлекеттин социалдык иши жарандардын өзү жана үй-бүлөсү үчүн экономикалык бакубаттыкка жетишүү мүмкүндүгүн, экономикалык эркиндигин, активдүүлүгүн чектөөчү мамлекеттик камкордук формасына өтпөөгө тийиш экендигин белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча мамлекеттик жөлөк пулдарды жана башка социалдык жардамды жашоо минимумунун деңгээлинде төлөөгө кошумча 30,2 млрд. сом талап кылынарын маалымат катары белгилей кетебиз, анын ичинде:
- 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул төлөөгө - 26,8 млрд. сом;
- акчалай компенсация төлөөгө - 2,0 млрд. сом;
- ар айлык социалдык жөлөк пул төлөөгө - 1,3 млрд. сом;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул төлөөгө - 102,03 млн. сом;
- каада-салттык (сөөк коюу) жөлөк пул төлөөгө - 14,7 млн. сом.
Мындан тышкары пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн 2023-жылдын 1-январынан тартып пенсионер үчүн жашоо минимумунун 100% деңгээлинде белгилөө үчүн (6395,22 сом) республикалык бюджеттин эсебинен 30,0 млрд. сомго жакын кошумча каражат талап кылынат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу үчүн 2023-жылдын 1-январынан тартып 60,2 млрд. сом талап кылынат. Жогоруда жазылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун, 20-беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүн, ошондой эле пенсия, социалдык жөлөк пул, башка социалдык жардам менен камсыз кылуу жарандын экономикалык эркиндигин, активдүүлүгүн жана мүмкүнчүлүктөрүн чектөөчү мамлекеттик камкордук формасына өтпөөгө тийиш экендигин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү сурайт: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүндө мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш деген ченемди БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1966-жылдын 16-декабрындагы 2200 А (XXI) резолюциясы менен кабыл алынган Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1406-ХII токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы кошулган) жоболоруна ылайык түшүнүү керектигине расмий түшүндүрмө берүүнү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 13 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (13)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын "Конституциялык соту жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 133
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 504 "2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 09.09.2022 · № 504
- Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 265 "Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 265
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 505 "2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо…Постановление · 09.09.2022 · № 505
- КР 2022-жылдын 14-майындагы ПЖ № 153 "Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.05.2022 · № 153
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 177 "2021-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун…Постановление · 22.09.2021 · № 177
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 170
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 59
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года №1406-XII "О присоединении Кыргызской Республики к международным договорам по правам человека"Постановление · 12.01.1994 · № 1406
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу"…Постановление · 29.06.2018 · № 307
- МЕЖДУНАРОДНЫЙ ПАКТ об экономических, социальных и культурных правах (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1406-XII)Пакт · 16.12.1966
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы №694 "Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө токтому"Постановление · 05.11.2009 · № 694
- Адам укуктарынын ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган )Декларация · 10.12.1948