Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 30-октябры № 584 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, ошондой эле бир мезгилде үч жана андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоонун деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун мамлекеттик тилдеги текстинде:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Төмөнкүлөр белгиленсин:"; 2-пунктчасындагы "900 (тогуз жүз) сом" деген сөздөр "1000 (бир миң) сом" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун 2-пунктчасынын расмий тилдеги текстиндеги "900 (девятьсот) сомов" деген сөздөр "1000 (одна тысяча) сомов" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогорудагы аталган токтом менен бекитилген 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 16-пунктунун 1-пунктчасындагы мамлекеттик тилдеги текстиндеги "кем эмес" деген сөздөр "аз" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнүн өлчөмү 50000 (элүү миң) сомду түзөөрү;".
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу"…Постановление · 29.06.2018 · № 307
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.06.2019 · № 283
- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө…Положение · 29.06.2018 · № 307
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 91-б (Расмий тилдеги 2012-2019-жылдар мезгилинде Экономикалык, социалдык жана маданий Республикасынын бешинчи улуттук баяндамасын…Распоряжение · 15.04.2021 · № 91-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуПостановление · 29.06.2018 · № 307
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.06.2019 · № 283
- Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жө- нүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы N 283 токтому менен бекитилген)Положение · 06.06.2019 · № 283
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163