Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 29 июня 2018 года № 307 "О реализации Закона Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-06-29.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-октябры № 675 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик жөлөкпулдар системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана аларды дайындоонун даректүүлүгүн күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, эмгек жана миграция" деген сөздөр "өнүктүрүү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
27-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул калктын эмгек акысына жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча төлөөлөрдүн райондук коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жашаган үй-бүлөлөргө ошол райондук коэффициенттерди колдонуу менен чектелет."; 37-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- он алты жашка чыкканга чейинки балдарга жөлөкпул (жалпы билим берүү уюмдарынын жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине - алар он сегиз жашка чыкканга чейин) - 705 сом өлчөмүндө;";
- алтынчы жана жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
37-1-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- он алты жашка чыкканга чейинки балдарга жөлөкпул (жалпы билим берүү уюмдарынын жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине - алар он сегиз жашка чыкканга чейин) - райондук коэффициентке көбөйтүлгөн 705 сом өлчөмүндө;";
- алтынчы жана жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
38-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: "- ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун жаңы өлчөмү белгиленгенде."; 39 жана 40-пункттардын экинчи сүйлөмдөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мында ар бир балага жөлөкпулдун өлчөмү кайра эсептөө учуруна белгиленген он алты жашка чыкканга чейинки балдарга жөлөкпулдун белгиленген өлчөмүндө эсептелет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- 4-пункттагы "Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жободо:
I главанын 2.1-пункту "стипендия," деген сөздөн кийин "ошондой эле материалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар жана" деген сөздөр менен толукталсын; II глава төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- материалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар."; VII главанын төртүнчү абзацы "(жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялардан тышкары)" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине 2015-жылга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
4. Ушул токтом 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу"…Постановление · 29.06.2018 · № 307
- "Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө" жобосу (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы № 822 токтому менен бекитилген)Положение · 29.12.2009 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби…Положение · 29.12.2009 · № 824 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 822 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун…Постановление · 29.12.2009 · № 824 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуПостановление · 29.06.2018 · № 307
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу"…Постановление · 29.06.2018 · № 307
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун…Постановление · 29.12.2009 · № 824 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 822 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон