Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бала төрөлгөндө „балага сүйүнчү“ бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-декабры № 847 Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307, 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо:
- 2.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпул ар бир алуучуга бир жылдык мөөнөткө таризделген тапшырмалар боюнча төлөнөт.";
- 2.2-пунктундагы "транспорт жана коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "почталык байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.1.1-пунктунун биринчи абзацындагы биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.1. Чектөө боюнча бөлүмдүн адистери мамлекеттик пособиелерди чектөө жөнүндө протоколдордун негизинде пособие алуучулардын бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку пособие, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү пособие (мындан ары - АББП) жана ай сайын берилүүчү социалдык пособие (мындан ары - АБСП) үчүн берген документтери жөнүндө кабарлоолорду эки нускада ар бир айдын 10уна чейин даярдашат.";
- 5.1.3-пунктунун экинчи абзацы "АББП" деген сөздөн мурда "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку пособиени жана" деген сөздөр менен толукталсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-январындагы № 26 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобо тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-октябрындагы № 708 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону жактыруу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январындагы № 19 "Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөө үчүн үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун кошумча критерийлерине апробация жүргүзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-июлундагы № 131 "Калктын аялуу катмарларын социалдык колдоону күчөтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 543 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар айдагы жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтому.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (14)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 823
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө"жобосуПоложение · 29.12.2009 · № 823
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-октябрындагы №708 токтому менен жактырылган Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду…Положение · 02.10.2006 · № 708
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.06.2019 · № 283
- Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 30 сентябрындагы №8 "Жалал-Абад шаарынын 2018-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жөнүндө шаар мэринин отчетун угуу"токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 8
- "Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө" жобосу (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы № 822 токтому менен бекитилген)Положение · 29.12.2009 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №825 "Кепилдик кылынган эң төмөнкү киреше жөнүндө" жобосуПоложение · 29.12.2009 · № 825 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 543 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар…Постановление · 03.08.2012 · № 543 · Күчүн жоготкон
- "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө" ЖОБОПоложение · 30.12.2017 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-октябры №708 " Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын…Постановление · 02.10.2006 · № 708 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-июлундагы №131 "Калктын аялуу катмарларын социалдык колдоону күчөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.07.2010 · № 131 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январындагы №19 "Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөө үчүн үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун…Постановление · 16.01.2009 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 января 1998 года №26 "О Положении о порядке определения совокупного дохода граждан (семьи) для назначения единого ежемесячного пособия…Постановление · 12.01.1998 · № 26 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуПостановление · 29.06.2018 · № 307
Шилтеме берет (10)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.06.2019 · № 283
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу"…Постановление · 29.06.2018 · № 307
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 823
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-июлундагы №131 "Калктын аялуу катмарларын социалдык колдоону күчөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.07.2010 · № 131 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 543 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар…Постановление · 03.08.2012 · № 543 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январындагы №19 "Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөө үчүн үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун…Постановление · 16.01.2009 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-октябры №708 " Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын…Постановление · 02.10.2006 · № 708 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 января 1998 года №26 "О Положении о порядке определения совокупного дохода граждан (семьи) для назначения единого ежемесячного пособия…Постановление · 12.01.1998 · № 26 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №827 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү…Постановление · 29.12.2009 · № 827
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №825 "Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө"Постановление · 29.12.2009 · № 825 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 822 · Күчүн жоготкон