Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зоналардын субъекттери болуп эсептелбеген жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-июну № 305
Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зоналардын субъекттери болуп эсептелбеген жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 430-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зоналардын субъекттери болуп эсептелбеген жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган товарлардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын башкы дирекциялары Кыргыз Республикасынын кызыкдар жактарына жана ведомстволоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ушул токтому тууралуу маалымдасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зоналардын субъекттери болуп эсептелбеген жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган товарлардын ТИЗМЕГИ
№
ЕАЭБ ТЭИ ТН
Позициянын атылышы
1
8711900000
Башкалар (башка мотоциклдер (анын ичинде мопеддер) жана көмөкчү кыймылдаткычы бар велосипеддер, коляскасы бар же жок; коляскалар)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 430-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 17.01.2025 · № 23