Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
427-берене. Жалпы жоболор
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 58-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262
1. Ушул главада каралган салык режими агенттик келишимдин негизинде кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле төмөнкүлөрдү чогултуу, майнинг, акциздик товарларды, өндүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн ишканалардан тышкары өндүрүү жана ишке ашыруу ишин жүзөгө ашыруучу субъекттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишти жүзөгө ашыруучу эркин экономикалык зоналардын (мындан ары - ЭЭЗ) субъекттеринин ишине карата гана колдонулат:
- 2000-жылга чейин катталган ЭЭЗ субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, ТЭИ ТН 2402 коду менен классификациялануучу тамеки продукцияларын;
- ЭЭЗ субъекттери катары катталган датасына карабастан, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысы менен ЭЭЗ субъекттери катары катталган субъекттер деп ырасталуучу жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын ЭЭЗ аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптарга ылайык келген ЭЭЗ субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, ТЭИ ТН 2404 жана 8543 40 000 0 код менен классификациялануучу никотин камтылган продукцияны, бир кутуда никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолу колдонулуучу электрондук тутумдарын, электрондук сигареттерди жана ушуга окшогон жекече электрдик буулануучу түзүлүштөрдү (никотин жеткирүүнүн электрондук тутумдары), ТЭИ ТН 2202 кодундагы, курамында кант кошулмалары же башка таттуу даам берүүчү, же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган суулар, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды.
2. ЭЭЗ субъекттеринин ишине карата Кыргыз Республикасынын калган аймактарында жалпы салык режими колдонулат.
3. Акциздик продукцияны өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъекттерине салыктык контроль ЭЭЗ субъекти катталган ЭЭЗ башкы дирекциясына кабарлабастан жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Жалпы жоболор
1. Ушул главада каралган салык режими кошулду: агенттик келишимдин негизинде кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле төмөнкүлөрдү чогултуу, алынып салынды: өндүрүү жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу ишканалардан сырткары, майнинг, акциздик алынып салынды: товарларды кошулду: товарларды, өндүрүү жана сатуу боюнча иш алынып салынды: жүргүзүүчү субъекттерден кошулду: жүргүзгөн ишканалардан тышкары алынып салынды: төмөнкүлөрдү өндүрүү жана алынып салынды: сатуу боюнча ишти кошулду: ишке ашыруу ишин жүзөгө ашыруучу алынып салынды: субъектилерди кошулду: субъекттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар алынып салынды: (мындан ары - ЭЭЗ) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишти жүзөгө ашыруучу эркин экономикалык зоналардын кошулду: (мындан ары - ЭЭЗ) субъекттеринин ишине карата гана колдонулат:
- 2000-жылга чейин … 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № алынып салынды: 136 кошулду: 136, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-427" title="427-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>