Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 430-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 17-январы № 23
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 430-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зонанын (мындан ары - ЭЭЗ) аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды ЭЭЗ субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгынан (мындан ары - КНС) бошотулган товарлардын тизмегине товарларды киргизүү тартиби жана критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЗ аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды ЭЭЗ субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда КНСтен бошотулган товарлардын тизмегин бекитүүнү караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыксын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үнүн эркин экономикалык зонанын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зонанын субъекттери болуп…Порядок · 17.01.2025 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташып чыгууда…Постановление · 03.06.2025 · № 315
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-марты № 163 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 09.03.2026 · № 163
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122