Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
258-берене. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 37-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Товарды берүү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) товарга болгон менчик укугун башка адамга өткөрүп берүү, анын ичинде товарды жумуш берүүчү тарабынан кызматкерге Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган эмгекке акы төлөө же башка төлөмдөр түрүндө өткөрүп берүү, карыздык милдеттенме боюнча күрөө берүүчүнүн карызын жабуунун эсебине күрөөгө коюлган мүлктү өткөрүп берүү;
2) мүлктү финансылык ижарага берүү;
3) электр энергиясы, табигый жана суюлтулган газ, жылуулук, суу менен, рефрижераторлук жана кондиционердик кызмат көрсөтүүлөр менен жабдуу;
4) мурда экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылган товарды кайра импорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык артка кайтаруу.
2. Жумуштарды аткарууну жана/же кызматтарды көрсөтүүнү берүү болуп, салык төлөөчү тарабынан акыга товарларды берүүдөн айырмаланган ишти, анын ичинде төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруу саналат:
1) мүлктүк жалдоонун (ижаранын) келишимдери боюнча мүлктү убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүү;
2) жумуш берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жалданма кызматкерге эмгекке акы төлөө катары жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү.
3. Мындай жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө карата товарларды берүүлөр негизги болуп эсептелгенде, товарларды берүүлөргө байланыштуу коштоочу жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү товарларды берүүнүн бөлүгү болуп саналат.
4. Жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү товарларды берүүгө карата негизги болуп саналган учурда, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү менен байланышкан коштоочу товарларды берүү жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн бөлүгү болуп эсептелет.
5. Товарларды импорттоого байланыштуу жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү товарларды импорттоонун бөлүгү болуп эсептелет.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырылган товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү ушул бөлүккө ылайык салык салынган же бошотулган берүүлөр болуп таанылат.
7. Уюм жоюлганда же жеке ишкердин иши токтотулганда, жоюу же реструктуризациялоо жолу менен банкрот болгондо, салык режимине ылайык салыктарды төлөө мезгилинин ичинде сатып алынган товардык-материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин калдыктары алардын эсептик наркы боюнча сатылды деп таанылат.
Салык төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө төмөнкүлөр алардын эсептик наркы боюнча мындай өтүү датасына карата сатылды деп таанылат:
1) эгерде ушул бөлүктө башкача белгиленбесе, жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган товардык-материалдык запастардын калдыктары;
2) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган негизги каражаттар жана/же материалдык эмес активдер;
3) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатылып алынган/түзүлгөн, алар боюнча чегерүүгө КНС мурда кабыл алынбаган сатып алынган материалдык ресурстардын наркын кемитүү менен доонун эскирүү мөөнөтүнүн чегинде чегерүүгө КНС мурда кабыл алынган, бүткөн жана/же бүтпөгөн курулуш объекттери.
КНС төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө ушул бөлүктүн же ушул Кодекстин 309-беренесинде каралган ченемдерин колдонууну тандап алууга укуктуу.
8. Товарды өткөрүп берүү төмөнкү учурларда берүү болуп эсептелбейт:
а) жөнөкөй шериктик келишими же исламдык каржылоосуна ылайык уюм түзбөстөн шарик келишими боюнча;
б) ишенимдүү башкаруу келишими боюнча;
в) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
г) эгерде товарга болгон менчик укугу башка субъектке берилбесе;
д) уюмду өзгөртүп кайра түзүүдө.
9. Товарды жоготуу төмөнкү учурларда берүү болуп саналбайт:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген табигый жоготуулардын ченемдеринин чегинде;
б) салык төлөөчүнүн салык саясатында белгиленген товарларды өндүрүү процессинде чийки заттарды жана материалдарды жоготуунун технологиялык ченемдеринин чегинде;
в) ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында.
10. Салык төлөөчүнүн салык саясатында белгиленген товарларды өндүрүү процессинде чийки заттардын жана материалдардын калдыктарынын технологиялык ченемдеринин чегинде калдыктарды пайдалануу же утилдештирүү берүү болуп саналбайт.
11. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында жоголгон товардын наркы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Соода-өнөр жай палатасынын жана/же тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз эксперттик комиссиянын корутундусу менен документ түрүндө ырасталууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жоюу же реструктуризациялоо жолу менен банкрот болгондо, алынып салынды: жалпы салык режимине ылайык салыктарды төлөө мезгилинин ичинде сатып … төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө кошулду: төмөнкүлөр алардын эсептик наркы боюнча алынып салынды: төмөнкүлөр кошулду: мындай өтүү датасына карата сатылды деп таанылат:
1) кошулду: эгерде ушул бөлүктө башкача белгиленбесе, жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынып салынды: алынган кошулду: алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган товардык-материалдык запастардын калдыктары;
2) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынып салынды: алынган, кошулду: алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган негизги каражаттар алынып салынды: жана кошулду: жана/же материалдык эмес алынып салынды: активдер.
кошулду: активдер;
3) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатылып алынган/түзүлгөн, алар боюнча чегерүүгө КНС мурда кабыл алынбаган сатып алынган материалдык ресурстардын наркын кемитүү менен доонун эскирүү мөөнөтүнүн чегинде чегерүүгө КНС мурда кабыл алынган, бүткөн жана/же бүтпөгөн курулуш объекттери.
КНС төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө ушул бөлүктүн же ушул Кодекстин 309-беренесинде каралган ченемдерин колдонууну тандап алууга укуктуу.
8. Товарды өткөрүп берүү төмөнкү учурларда берүү болуп … 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 кошулду: , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (55)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 11.03.2022 · № 131
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 22.02.2022 · № 94
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 67, 330-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"…Постановление · 11.03.2022 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 30.03.2022 · № 178
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2017 · № 416
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Рейддик салыктык контроль жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жөнүндө" ЖобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 "Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 17.09.2019 · № 482 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомуПостановление · 11.03.2022 · № 131
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №178 токтомуПостановление · 30.03.2022 · № 178
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №125 токтомуПостановление · 11.03.2022 · № 125
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258…Постановление · 12.06.2013 · № 345 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258…Постановление · 18.07.2019 · № 355 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258…Постановление · 18.05.2015 · № 300 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255…Постановление · 21.04.2021 · № 160 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258…Постановление · 03.06.2014 · № 304 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257…Постановление · 17.02.2017 · № 109 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98…Постановление · 25.02.2019 · № 88 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-сентябрындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 27.09.2021 · № 186 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 25.10.2021 · № 229 · Күчүн жоготкон
55 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.04.2023 · № 78
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-258" title="258-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>