Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 апреля 2022 года N 220 "Об учете и контроле товаров на территории Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-04-14.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 17-сентябры № 482 Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагына мунай заттарды ташып киргизүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга контролду күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына коюлуучу техникалык талаптар, 2-тиркемеге ылайык;
- электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын формасы (FORM STI-162), 3-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мунай заттарды ташып киргизүү, сактоо, өндүрүү жана сатуу менен алектенген ишкер субъекттер төмөнкүлөрдү колдоноору белгиленсин:
- 2020-жылдын 1-июлунан тартып - электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды;
- 2020-жылдын 1-июлунан тартып - автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылуучу отун майы тууралуу маалыматты (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, саны, 1 литр үчүн баасы, жалпы баасы) контролдук-кассалык чекке басып чыгаруу жана ыйгарым укуктуу салык органына маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-ноябрындагы № 513 "Чарбакер субъекттердин ишине мамлекеттик салык контролун күчөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы "мунай заттарына коштоочу кагаздын бланкын" деген сөздөр алып салынсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 461 "Мунайзат продуктуларын эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 73-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 5 жана 6-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 252 "Мунай заттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 461 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-февралындагы № 69 "Мунай заттарга коштоочу накладнойдун формасын бекитүү жөнүндө" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте эки айлык мөөнөттө мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасын сатып алуу жана орнотуу менен байланышкан, чыгымдар сарпталган жылдын ичинде чыгымдарды эсептен чыгарууга багытталган өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 1, 4 жана 5-пункттарынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 20-сентябрындагы № 79 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (13)
- Кыргыз Республикасынын Министр Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2022 · № 220
- Мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун электрон- дук системасына коюлуучу ТЕХНИКАЛЫК ТАЛАПТАР (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын…Требования · 17.09.2019 · № 482
- Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы…Положение · 17.09.2019 · № 482
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- Мунайзаттарды эсепке алуунун жана контролдоонун жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуунун тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 27.06.2006 · № 461 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасыеые Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 461 "Мунайзаттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2006 · № 461 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-февралындагы №69 "Мунайзаттарга коштоочу накладнойдун формасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.02.2011 · № 69 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 1 ноября 1996 года N 513 " О некоторых мерах по усилению государственного налогового контроля за деятельностью хозяйствующих субъектов"Постановление · 01.11.1996 · № 513 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуПостановление · 17.12.2019 · № 691
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомуПостановление · 30.03.2020 · № 191
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №220 токтомуПостановление · 14.04.2022 · № 220
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №252 ""Мунайзаттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.04.2009 · № 252 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министр Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2022 · № 220
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
- Кыргыз Республикасыеые Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 461 "Мунайзаттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2006 · № 461 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-февралындагы №69 "Мунайзаттарга коштоочу накладнойдун формасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.02.2011 · № 69 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 1 ноября 1996 года N 513 " О некоторых мерах по усилению государственного налогового контроля за деятельностью хозяйствующих субъектов"Постановление · 01.11.1996 · № 513 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2019 · № 691 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №252 ""Мунайзаттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.04.2009 · № 252 · Күчүн жоготкон
11 ичинен 10 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон