Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 „Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана „Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 марта 2022 года №178 "О мерах по реализации требований статей 126, 326-329 Налогового кодекса Кыргызской Республики, статьи 4 Закона Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 27-сентябры № 186 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Ушул Жобонун 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтурууда салык салынуучу субъект ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө ушул Жобонун № 1 тиркемесине ылайык бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органынын белгиленген үлгүдөгү маалымкатын салык органына берүүгө милдеттүү. Маалымкат Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарлардын жана транспорт каражаттарынын иш жүзүндө келип түшүшүндө, аларга товар коштоочу документтер болгондо жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенме келип чыкканда № 11 тиркемеге ылайык салык салынуучу субъект бажы органына арыз берген учурдан тартып 2 календардык күндөн кечиктирбей берилет. Орду толтурулган КНСтин ашып кетүү суммасынын колдонулушун контролдоо ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө маалымкат берген бажы органы тарабынан жүргүзүлөт. Орду толтурулган КНСтин ашып кетүү суммасы берилген маалымкатта көрсөтүлгөн ташып келинген товарларга карата гана колдонулат.";
- 30-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- импортко КНС төлөөнүн эсебине КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтурууда - ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органынын маалымкатынын түп нускасын;";
- № 1 тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык № 11 тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
У.А. Марипов
1-тиркеме
"№ 1 тиркеме
Маалымкат 20__-жылдын "__" ____________ № ______
Ушул маалымкат ______________________________________________________________ (салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН) берилди жана салык төлөөчүнүн арызында көрсөтүлгөн маалыматтардын негизиндеги өлчөмдө (төлөөгө тийиш болгон КНСтин суммасы)* КНС төлөө боюнча милдеттенме пайда болгон ______________________________________________________________________ (салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН) товарларды __________________________________________________________________ (транспорттук документтин номери, инвойс/эсеп-фактура номери, товардын аталышы, ТЭИ ТН коду, саны) Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысын ырастайт. Жогоруда аталган товарлар 20___-жылдын "___" _______________ № ________ убактылуу сактоо документине ылайык 20___-жылдын "___" ___________ тартып _________________ _______________________________________ убактылуу сактоого жайгаштырылды. (убактылуу сактоо кампасынын дареги) Маалымкат ________________________________________________ району боюнча салык органына берүү үчүн берилди жана _________________________ күндүн ичинде жарактуу. (*) Маалымкат берилген күнгө карата валюта курсу жана бирдиктүү бажы тарифинин ставкасы боюнча эсептелген импортко КНСтин суммасы.
Бажы органынын начальниги (аталышы)
_______________
______________________________
(колу)
аты-жөнү (толугу менен)
Бажы органынын М.О.".
2-тиркеме
"№ 1-1 тиркеме
Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып келүү фактысын ырастаган маалымкатты алууга АРЫЗ ___________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________ (аталышы, ИСН, ОКПО, уюмдун дареги же аты-жөнү, жеке жактын дареги)
Төмөндө көрсөтүлгөн товар коштоочу документтерге ылайык салык органына берүүгө жана андан ары бюджеттен КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтурууга ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө маалымкат берүүнү суранам: ____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ (транспорттук документтин номери, инвойс/эсеп-фактура номери, товардын аталышы, ТЭИ ТН коду жана саны) Аталган товарды _____________________________________________________________________ (салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН) ички керектөө үчүн чыгаруу жол-жобосуна жайгаштырууга милдеттенет.
_______________________________________
(Жетекчинин кызмат орду)
(колу)
(аты-жөнү)
20___-жылдын "___" _________________
М.О.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №178 токтомуПостановление · 30.03.2022 · № 178
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Положение о порядке обследования, возмещения и возврата из бюджета суммы превышения налога на добавленную стоимость (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики…Положение · 30.12.2008 · № 735
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 30.03.2022 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон