Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелеринин, „Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 30-марты № 178 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата түзүлгөн кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу, кайтаруу жана эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жана товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
2. 2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу жөнүндө салык органынын чечимдери кабыл алынган, бирок республикалык бюджетте каражаттардын жоктугуна байланыштуу финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылбаган кошумча нарк салыгынан ашкан сумма 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен орду толтурулууга жана(же) кайтарылууга тийиш деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 582 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-сентябрындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (11)
- КР Министрлер Кабинетинин "Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун…Положение · 30.03.2022 · № 178
- 2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата түзүлгөн кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу, кайтаруу жана эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 30.03.2022 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 20.06.2026 · № 431
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-сентябрындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 27.09.2021 · № 186 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258…Постановление · 03.03.2017 · № 137 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 29-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258…Постановление · 29.01.2013 · № 40 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 582 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257…Постановление · 19.08.2015 · № 582 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258…Постановление · 31.07.2014 · № 426 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98…Постановление · 25.02.2019 · № 88 · Күчүн жоготкон
11 ичинен 9 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 29-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258…Постановление · 29.01.2013 · № 40 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 13.09.2023 · № 470