Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-июну № 304 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 308 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 165 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо: 1-пунктта: мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: “ - маркалануучу продукция – Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу алкоголдуу ичимдиктер, тамеки буюмдары, алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 285-беренесинин 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн (пивону, ТЭИ ТН коду 2203 жана жүзүмдүн ширесин, ТЭИ ТН коду 220430 кошпогондо)”; расмий тилдеги тексттин бешинчи абзацы “2203” цифраларынан кийин “жана жүзүмдүн ширеси, ТЭИ ТН коду 220430” деген сөздөр, аббревиатура жана цифралар менен толукталсын; сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; 6-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Тамеки буюмдарынын кутусунда милдеттүү түрдө тамеки буюмдарынын даярдалган айы жана жылы жөнүндө маалымат (мындан ары – даярдалган күнү) көрсөтүлөт. Кутусунда атайын целлофан таңгагы бар тамеки буюмдарына акциз маркасы целлофан таңгагынын алдына чапталат жана даярдалган күнү жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.”; 6-2-пунктундагы “ЭЧБ жана тамеки” деген аббревиатура жана сөздөр “Тамеки” деген сөзгө алмаштырылсын; 6-3-пунктта: “ЭЧБ жана тамеки” деген аббревиатура жана сөздөр “Тамеки” деген сөзгө алмаштырылсын; 4-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын; 15-пунктунун жетинчи жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын; 15-1, 15-2 жана 15-3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын; 34-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын; 2-тиркемедеги “Тамеки буюмдарына эң жогорку чекене баа” графасы алып салынсын; 4-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом 2015-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 308 токтомдун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун 1-пунктунун тѳртүнчү-алтынчы абзацтарында каралган толуктоолор расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун 1-пунктунун он алтынчы абзацында каралган өзгөртүү 2016-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 308 токтомдун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби…Положение · 30.12.2008 · № 735
- Положение о порядке обследования, возмещения и возврата из бюджета суммы превышения налога на добавленную стоимость (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики…Положение · 30.12.2008 · № 735
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 22.02.2022 · № 94
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.07.2013 · № 165 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон