Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 26-декабры № 112 Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө (КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2018-жылдын 29-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 152 100 097,7 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 162 035 816,0 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 9 935 718,3 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 9 935 718,3 миң сом суммасындагы каражат 1-тиркемеге ылайык жумшалсын.
(КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2019-2021-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2020-2021-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
1) 2020-жылга кирешелер боюнча болжол – 163 710 434,2 миң сом суммасында, 2021-жылга – 164 916 579,1 миң сом суммасында;
2) 2020-жылга чыгашалар боюнча болжол – 173 663 937,2 миң сом суммасында, 2021-жылга – 173 498 415,6 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу – 9 953 503,0 миң сом суммасында, 2021-жылга – 8 581 836,6 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-2021-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2020-2021-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин жана 2020-2021-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5 жана 6-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. 2019-2021-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2019-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 6 327 857,2 миң сом суммасында бекитилсин жана алар мурдагы мезгилде каралган объекттердин курулушун аяктоого жана 2019-жылга түзүлгөн тизмекте бекитилген объекттерди алардын артыкчылыктарын эске алуу менен курууга, реконструкциялоого багытталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык, жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 350000,0 миң сом багытталсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2019-жылы – 420 000,0 миң сом, 2020-жылы – 600 000,0 миң сом, 2021-жылы 600 000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.
(КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене.
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча жүргүзүлсүн.
2. 11-2-тиркемеде каралган пилоттук министрликтерди кошпогондо, бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2019-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча каржылоо сунушталсын.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөргө, өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнүн, баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
8-берене. 2019-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акча 500000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
9-берене.
1. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2019-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1 жана 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. 2019-2021-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы:
- 2019-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 70 пайыз өлчөмүндө;
- 2020-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 85 пайыз өлчөмүндө;
- 2021-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
2) сатуулардан салык:
- 2019-жылы - республикалык бюджетке 50 пайыз өлчөмүндө;
- 2020-жылы - республикалык бюджетке 75 пайыз өлчөмүндө;
- 2021-жылы - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
3) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
4) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай зат, газ) копшогондо - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө;
5) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
6) жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөө - республикалык бюджетке 93 пайыз жана кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз өлчөмүндө;
7) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү - республикалык бюджетке 80 пайыз жана кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз өлчөмүндө.
2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүү суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
11-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммаларын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтаруу 9-тиркемеге ылайык 2019-жылы - 331927,1 миң сом, 2020-жылы - 374365,0 миң сом, 2021-жылы - 336268,0 миң сом суммасында камсыз кылынсын.
12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттери үчүн теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрү чыгашалардын 2000300,0 миң сом жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2020-2021-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөө трансферттерин биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытташсын.
4. Республикалык бюджеттен теңдөө трансферттеринин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатууга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүүсү ушул Мыйзамда бекитилген 2019-2021-жылдарга теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болбой тургандыгы белгиленсин.
6. Жеке кирешелерин (жер салыгы, мүлк салыгы, жерди жана мүлктү ижарага берүүдөн кирешелер) көбөйтүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүү үчүн республикалык бюджеттен 100,0 млн. сом каралсын.
13-берене. Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2019-жылга - 1750,0 сом, 2020-жылга - 1854,0 сом, 2021-жылга - 1970,0 сом суммасында белгиленсин.
14-берене. Бюджеттик мекемелер, чарба субъекттери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын. Кайтарым негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз учурунда кайтарбоо жана аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү аларды кыскартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.
15-берене. Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылдагы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.
16-берене. Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жана юридикалык жактарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
17-берене.
1. 2019-2021-жылдарга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун программалык бюджети 11 жана 11-1-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө жарым жылдык жана жылдык отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 11 жана 11-1-тиркемеге ылайык берсин.
18-берене.
1. Пилоттук министрликтердин 2019-2021-жылдарга программалык бюджеттери жана натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилери 11-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пилоттук министрликтер бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө отчетторду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ар кварталдык негизде берип турушсун.
3. Пилоттук министрликтердин жетекчилерине төмөнкүлөргө укук берилсин:
1) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдын бюджеттик программаларынын чектүү штаттык санынын алкагында түзүмдү жана зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын өз алдынча аныктоого;
2) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдардын эмгек акы фондунун чегинде бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишкендиги үчүн кызматкерлердин жана жумушчулардын эмгек акысына коэффициентти (же кызматтык маянага үстөктөр) белгилөө үчүн бош кызмат орундарынан жана штаттык бирдиктерди оптималдаштыруудан үнөмдөлгөн акча каражаттарын пайдаланууга.
19-берене. Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жоболорун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кеч эмес Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.
20-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 85 · байланышкандар: 40
Цитата келтиргендер (85)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-июлундагы № 244-б (Финансылык каражатты бөлүштүрүүнү бекитүү жөнүндө)Распоряжение · 02.07.2019 · № 244-р
- "ОСНОВНЫЕ НАПРАВЛЕНИЯ фискальной политики Кыргызской Республики на 2020-2022 годы" к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 12 сентября 2019 года № 469Направления · 12.09.2019 · № 469
- Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №155 "Ош шаарынын 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдарга болжолун, 2019-2021-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык…Постановление · 19.02.2019 · № 155
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 53-б "Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолуучу каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максаты жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 15.03.2019 · № 53-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-майындагы № 128-б (Коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборунун ишинин…Распоряжение · 08.05.2019 · № 128-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-майындагы № 150-б (Республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине финансы каражатын бөлүп берүү жөнүндө)…Распоряжение · 24.05.2019 · № 150-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 331-б (Финансы каражатты бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 06.09.2019 · № 331-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 393-б (Автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү курууну жана реконструкциялоону өз убагында каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 18.10.2019 · № 393-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 410-б (Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарында жайгашкан Баткен облусунун калктуу конуштарында социалдык объекттерди…Распоряжение · 29.10.2019 · № 410-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-майындагы № 140-б (Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарында жайгашкан Баткен облусунун калктуу конуштарында социалдык объекттердин…Распоряжение · 17.05.2019 · № 140-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июнундагы №- 213-б (Медициналык жабдууларды, дары каражаттарды жана медициналык буюмдарды сатып алууга акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 11.06.2019 · № 213-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 275-б (Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.07.2019 · № 275-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-октябрындагы № 371-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 01.10.2019 · № 371-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 421-б (2014-2019-жылдарга Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий тилде бешинчи мезгилдүү…Распоряжение · 06.11.2019 · № 421-р
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 91-б (Расмий тилдеги 2012-2019-жылдар мезгилинде Экономикалык, социалдык жана маданий Республикасынын бешинчи улуттук баяндамасын…Распоряжение · 15.04.2021 · № 91-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө"…Постановление · 28.06.2019 · № 333
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 469-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планы бекитүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 31.12.2018 · № 469-б
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2397-VI "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" токтомуПостановление · 26.04.2018 · № 2397-VI
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-майындагы № 145-б ("Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна бюджеттик кредит бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 21.05.2019 · № 145-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июнундагы № 185-б (Чүй облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарындагы билим берүү объекттеринин курулушун каржылоо маселесин чечүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 04.06.2019 · № 185-р
85 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (40)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 275 "Манас" жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2019 · № 275
- Кара – Балта шаардык кеңешинин 2019-жылдын 29-мартындагы № 4 "Кара – Балта шаарынын 2018 – жылынын бюджетинин аткарылышы, шаардын 2019 – жылынын бюджети жана Кара-Балта шаарынын…Постановление · 29.03.2019 · № 4
- КР Өкмөтүнүн 2019 - жылдын16-апрелиндеги 97-б (Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүу уюмдары үчүн жалпы орто билими жөнүндө жекелештирилген аттестаттардын жана негизги жалпы…Распоряжение · 16.04.2019 · № 97-р
- Распоряжение Правительства КР от 19 августа 2019 года N 301-р (Об оказании гуманитарной помощи этническим кыргызам, проживающим на Малом и Большом Памире Исламской Республики…Распоряжение · 19.08.2019 · № 301-р
- Кайыӊды шаардык кеӊешинин 2023-жылдын 17-январы № 56/XIX-2 "Кайыӊды шаарынын мэриясынын 2023 – жылынын бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылдарга прогноздоо жөнүндө" токтомуПостановление · 17.01.2023 · № 56/XIX-2
- Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 92 "Сүлүктү шаарынын 2018–жылга бюджетинин аткарылышы, 2019-жылдын бюджети жана 2020-2021–жылдарга болжолун бекитүү…Постановление · 08.02.2019 · № 92
- Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-декабрындагы № 235 "2020-жылдын 12 айындагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылга Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн…Постановление · 28.12.2020 · № 235
- Барскоон айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-декабрындагы № 17 "Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга бюджетин жана 2021-2023 жылдарга долбоорун бектитүү жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 30.12.2020 · № 17
- КР Өкмөтүнун 2019-жылдын 13-майындагы № 134-б (Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө чыгымдарын өз учурунда каржылоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 13.05.2019 · № 134-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11- июнундагы № 211-б (Кошумча наркка салыкты төлөө үчүн акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 11.06.2019 · № 211-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылцын 11-июнундагы 195-р (Кыргыз Республикасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн, ошондой…Распоряжение · 11.06.2019 · № 195-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-июнундагы № 234-б (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кызматкерлеринин турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 26.06.2019 · № 234-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 - августундагы № 293-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке акча…Распоряжение · 06.08.2019 · № 293-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 365-б (Бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттарды көбөйтүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 27.09.2019 · № 365-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылпын 2-октябрындагы № 372-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 02.10.2019 · № 372-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 392-б (Башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак-аш менен өз убагында камсыздоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 18.10.2019 · № 392-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 414-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине акча каражат бөлүп берүү жөнүндө)…Распоряжение · 30.10.2019 · № 414-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 455-б (Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды өз убагында аткаруу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 29.11.2019 · № 455-р
- Ынтымак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы №1 "Ынтымак айылдык кеңешинин 2018-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга айылдык бюджети жана…Постановление · 29.12.2018 · № 1
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы № 3320-VI "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз…Постановление · 30.10.2019 · № 3220-VI
40 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.