6-берене
Күчүндө · 23.12.2019 редакциясы
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча жүргүзүлсүн.
2. 11-2-тиркемеде каралган пилоттук министрликтерди кошпогондо, бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2019-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча каржылоо сунушталсын.
Берененин тексти 23.12.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111855/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>