Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине финансы каражатын бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 24-майы № 150-б Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, Кыргыз Республикасында Кытай улуттук опера театрынын артисттери тарабынан кытай тилинде "Манас" операсын коюуну уюштуруу үчүн республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 5 250 000 (беш миллион эки жүз элүү миң) сом суммасында финансы каражатын бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ушул буйруктун 1-пунктун 1-пункутчасында көрсөтүлгөн каражаттарды "Манас" операсын коюуну уюштуруу үчүн максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 26.12.2018 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон