Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттарды көбөйтүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 27-сентябры № 365-б Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолгон каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен 2019-жылга бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттарды тиркемеге ылайык 1 153 415,8 миң (бир миллиард бир жүз элүү үч миллион төрт жүз он беш миң сегиз жүз) сом суммасына көбөйтсүн;
- «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карасын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсун.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме 2019-жылга бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттарын көбөйтүү Миң сом
№
Бюджеттик мекемелер
Көбөйтүү
1
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (аппарат)
144 855,0
2
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери)
3 769,2
3
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (Дипломатиялык академия)
3 000,0
4
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду
57 535,7
5
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке берилген мекемелер)
1 916,5
6
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (райондук бюджеттен республикалык бюджетке берилген мекемелер)
6 000,0
7
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (ведомстволук мекемелер)
674 837,0
8
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (илим боюнча ведомстволук мекемелер)
1 500,0
9
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
153 876,4
10
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы
53 030,0
11
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги (ведомстволук мекемелер)
3 345,0
12
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
550,0
13
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги
35 000,0
14
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик
200,0
15
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги (ведомстволук мекемелер)
13 561,0
16
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту
440,0
Жыйынтыгы
1 153 415,8
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 23.12.2019 · № 142
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 26.12.2018 · № 112